Версия для печати
Среда, 08 Январь 2020 04:06

«Вирустук гепатиттин B,C түрү күч алды»

Боордун сезгениши – гепатит оорусун пайда кылат. Ал эми гепатит вирусунун түрлөрү көп. Бүгүнкү күндө аталган вирусту жуктуруп алуунун жолдору көбөйгөн. Сулуулук салондордон, чачтарачканалардан, стоматологиялардан туура эмес пайдаланылган шаймандардан жуктурган жарандар көп экенин дарыгерлер белгилешет. Yй-бүлөлүк дарыгер Раима Багышова гепатит B,C түрүнүн көбөйгөнүн жана алдын алуу керектигин айтат.

«Гепатит көйгөйлүү оорулардын катарын толуктады»

- Гепатит тууралуу буга чейин бүт массалык маалымат каражаттары аркылуу элге кенен жайылып эле жатат. Бирок, ооруну алдын алып, жоюуга келгенде эч кандай натыйжа көрсөтүлбөй келет. Дегеним, гепатит оорусу көйгөйлүү илдеттердин катарын толуктап баратат. Оору курч мүнөздө катталып, өрчүшүп кетип, боор циррозуна, андан ракка айланып кеткен фактылар көп катталууда. Акыркы жылдагы көрсөткүчтөр боюнча 100 миӊ калктын ичинен 164төн 1084кө чейин жаран гепатиттен жабыркашууда.  Мунун негизги себептеринин бири оорунун жуктуруп алуунун жолдорунун көбөйгөнү. Кан аркылуу жугуу жолдору күч алды. Бир ирет колдонуучу каражаттарды туура эмес колдонуп жатканыбыздын натыйжасы.

«Гепатит А түрү өнөкөткө айланбайт»

- Гепатит- боордун сезгениши менен мүнөздөлгөн вирустук оору. Мунун курч мүнөздөгү жана өнөкөткө айланган эки түрү бар. Булар вирустар менен чакырылат. Алардын аты айтып тургандай эле B, C, D, E, A деп бөлүнөт. Мисалы, А түрү көп учурда жаш балдарда кездешет. Мектеп курактагы 14 жашка чейинки балдарда катталат. Баланын дене табы көтөрүлүп, тамакка болгон табити жоголот. Мындан сырткары кусуп, боор жагынан оӊ жагы ооруп кайрылат. Мындай курч мүнөздөгү гепатит А түрү менен кайрылган балдарды биз алты айга чейин диспансердик көзөмөлдө кармайбыз. Атайын режимге отургузуп, алты ай бою диетада болот. Көп учурда дары-дармек, кошумча витаминдерди жазып беребиз. Вирустук гепатиттин А түрүнүн өнөкөткө айланышы өтө сейрек катталат.

«Гепатит В, С түрү өтө коркунучтуу вирус»

- Гепатит вирусунун эӊ коркунучтуусу B жана С түрү болуп саналат. Булардын оорунун өнөкөт түрүнө өткөнү көп кездешет. Симптомдору башка вирустарга эле окшош болот. Дене табы көтөрүлөт, табити жоголот. Өӊ-түсү өзгөрүп, саргая баштайт. Мындайда бейтап өзү кайрылат. Толук анализди алып, ооруну аныктагандан кийин каттоого алып, дарылоого отургузабыз. Вирустук гепатитте биринчи кезекте вирустун деӊгээли текшерилет. Вирус канчалык көп болсо, оору ошончолук жогору болот. Ал эми вирус аз болсо дарылоо да жеӊил болот.

«Гепатит С түрү В түрүсүз пайда болбойт»

- Ооруну жуктуруу жолдору көп. Кан аркылуу жугат, энеден балага төрөт учурунда жугат, жыныстык катнаш аркылуу жана наркотикалык каражаттарды колдонгондор биринин ийнесин экинчиси колдонуп жатып жуктуруп алышат. Гепатит С,В түрүнүн биз корккон жагы боор циррозуна өтүп андан ракка айланып жатканы. Себеби оорулуу дарыгер түзүп берген диетаны так сакташпайт. Дарынын жардамы менен вирустун деӊгээлин толук түшүрүп бергенибиз менен туура эмес тамактануунун негизинде кайра эле вирусту көтөрүп алышууда. Же болбосо жакшы боло баштаганда эле дары ичүүнү токтотуп коюшат, оор жумушка иштеп кетишет. Мындай учурда да оору күч алат. Вирустун көлөмү санына жараша аныкталат. Ал адам организмине түшкөндөн кийин көбөйө берет. Анын көбөйүшүнө алдын алган жалгыз нерсе иммунитет. Вирус бардык адамга түшүп калышы мүмкүн бирок, иммунитетке карап оору күч ала берет. Кээде адамдын организми өзү вирус менен күрөшүп жок кыла алат. Иммундук системадан да көз каранды. Гепатит С түрү гепатит В түрүсүз өзүнчө пайда болбойт. Булар дайым эриш-аркак жүрүшөт. В түрү кандай деӊгээлде жукса, ошого жараша С түрү да пайда боло берет. Оорудан толук айыгуу мүмкүн эмес, бирок вирусту тазалап, режимди так сактап жашоого болот.

«Өздүк тазалык – ден соолуктун сакчысы»

- Оорунун алдын алуу жолдоруна өзгөчө маани беришибиз керек. Себеби, учурда сырттан алган кызматтар көп. Сулуулук салондор, стоматологиялык борборлор, чачтарачкана жана башкалар. Ушул кызматты пайдаланганда сөзсүз жабдыктарын сураш керек. Бир ирет колдонуучу каражат болуусу өтө маанилүү. Ден соолук ар бир адамга керек. Ал эми сенден мурун бул кызматты колдонуп кеткен адамда гепатит вирусу бар экенин эч ким билбейт. Ошондуктан өздүк гигиены сактоо ден соолуктун кепилдиги экенин унутпашыбыз керек. Ооруну дарылоодо көбүнчө вируска каршы препараттар колдонулат. Бизде гепатолог-врачтар бар, вирустун деӊгээлин көрүп, ошого жараша дарылоону дайындашат.

«Гепатиттин бардык түрүнө каршы вакцина жасалат»

- Бизде гепатиттин бардык түрүнө каршы вакцина жасалат. Төрөт үйүнөн баштап бала төрт жашка чыкканга чейин эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми чоӊдорго алдын ала текшерүүдөн өткөрүп туруп анан эмдөө бере алабыз. Себеби, гепатитти жуктуруп алган адамга аталган вакцина сунушталбайт. Гепатит В, С түрүндөгү бейтаптарга атайын дарыгердин сунушу менен тамактануу режими жазылат. Ичимдектерди ичүүгө, тамеки тартууга, майлуу, туздуу, куурулган тамактар менен азыктанууга тыюу салынат. Биздин эмкананын өзүндө 20 дан ашуун гепатит В, С түрү менен катталган жаран бар. Булардын көпчүлүгү орто жаштагылар. Ал эми курч мүнөздөгү гепатит В түрү алты айдан кийин эле жакшы болуп кетет. Ошол үчүн оорунун белгилерин билер замат дарыгерге кайрылып, убагында дарылатуу керек. Болбосо оору өнөкөткө айланып кетсе, өрчүшүп жогоруда айтканымдай башка ооруларды да пайда кылат.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Окулду 65 жолу