Версия для печати
Среда, 08 Январь 2020 04:08

МИТИНГДЕРДИН ПАРАДЫ, МИНТИП КАЙДА БАРАДЫ?

Ошентип, Кыргызстанда үстүбүздөгү жыл олуттуу, орошон окуялары менен кошо эле маани-маӊызсыз, максат-кайрымсыз митингдердин да коштоосу менен узатылууда. Эмне демекпиз, демократиянын дем сууткан жагдайлары деле кээде боло келип,  мындан ары деле боло берээринде шек жок. Кеп митингде эмес, ага карата сергек мамиледе экендигин сезип, туюп, билип жүргөн оӊ.

АГОНИЯ

Ноябрь жана декабрь айларында болуп өткөн нараазылык митингдерин эч ойлонбой туруп эле  кеткен бийликтин агониясы, тактап айтканда, жан талашуусу деп түшүнсө туура болот. Мындай кырдаалдан пайдаланып Кыргызстанды олку-солку, ойку-кайкы кылып, каалагандай калчоого камданган сырткы күчтөргө кудай кош колдоп эле берип салгансыды. Оозунан алдырган бөрүдөй болгон азыркы абалында Атамбаевчилерден баарын күтүүгө  мүмкүн экендигин, алар керек болсо мекендин бүтүндүгүн өзү менен кошо сатып жибергенден кайра тартпагандай болуп турганын андай күчтөр илгиртпей сезди. Мында айрыкча айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдар абдан активдүү аракетте болушканын белгилеп койсо болот.

2019-жылдын башталышынан бери Алмазбек Атамбаев өзү тарабынан көзөмөлдөнгөн жалпыга маалымдоочу каражаттарында учурдагы президентти, анын айланасындагыларды жаманатты кылууну өзгөчө күчөтүп,фейктер, тролдор аркылуу жалган айыптоолорду, ушактарды таркатып келди. Тактап айтканда, жыл башынан 7-июнга чейин 5 жолу же 17-мартта, 7-апрелде, 8-июнда, 3-июлда жана 5-августта митингдерди өткөрүп, ал эми парламент каникулдан келери менен же 3-4-сентябрда куралдуу төӊкөрүштү ишке ашыруу планы болгонун комиссиянын жыйынтыктарынын негизинде айрым маалымат булактары жазып чыгышты.

Атамбаев адегенде 3-июлда Ак үйдү, стратегиялык мамлекеттик мекемелерди басып алууну болжосо, анда жетишээрлик санда тарапташтары, акча алгандар чогулбай калгандан кийин жайында канча аракет кылса да ойдогудай санда  адамдарды жыйнай албашын, анын үстүнө парламент каникулда жүргөндө басып алуу жолу менен келген бийликти легитимдештирүү кыйын экендигин түшүнүп, чечүүчү аракеттерди сентябрдын башына калтырган. Бирок, ал өзүнүн карасанатай максатына жетпеди. 8-августта камакка алынды.

 Ага андай чек коюлбаганда сентябрда ал канчалаган адамдардын канына забын болуп, убалына калмак. Аны убалдан коркот деп айтууга да, балким болбостур. Убагында Ф.Куловго «миӊ адам өлсө да бийликти алабыз» деп айткан Атамбаев өз максатына жетүү үчүн эч кимди аямак эмес. Муну Атамбаевдин өзүнүн гана эмес, жакын тарапташтарынын билдирүүлөрү да ырастайт. Алсак, Атамбаев 2019-жылдын 3-июлунда максатташтары менен жолукканда сүйлөгөн сөзүндө: «Аягында жаман бүтөт.Мүмкүн Кыргызстан бөлүнүп кетет» деп сепаратисттик маанайы бар экенин жарнамаласа, ошол эле жолугушууда КРнын депутаты И.Карамушкина «бул бийликке тынчтык бербейбиз, акыры алып түшөбүз» деген билдирүү жасагандыгы маалым. Фархад Баабиев дегени Аман дегени менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө… «оштуктарды талкалаш керек, бизнестерин өрттөш керек» деген чакырык кылып жатканы жазылып калган. Апрель революциясына катышкандар үчүн бөлүнгөн каражаттарды, көмүрлөрдү кайсап жүргөн М.Мискенбаев дайыма аймактарды, элди кайраштырган чакырыктарды жасап келгендигин жакшы билебиз.

 РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ АРИЗОНАДАГЫ YЙYНӨ YЛГYРӨБY?

Бишкектин Биринчи май райондук соту өткөн аптада оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду келерки жылдын 9-февралына чейин тергөө изоляторунда калтыруу чечимин чыгарган. Анын адвокаты Замир Жоошевдин билдиргенине караганда, Р.Жээнбековго үч оор берене боюнча күнөө тагылууда. Алар: спецназчыларды барымтага алууну, массалык баш аламандыкты, бийликти басып алууга далаалат жасоону уюштуруу. Равшан Жээнбековго күнөө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча тагылганы айтылат. Эске сала кетсек, Жээнбековдун кармалышы үстүбүздөгү жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурма алуу менен байланыштуу. Анда бийлик Атамбаевге коррупция боюнча айып таккан эле. Мурдагы президент спецназдын колуна дароо түшүп бергенден баш тартып, эки күн бою Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен бирге коргонгон. Жыйынтыгында кагылышуу орун алып, бир спецназчы каза тапкан. Мындан тышкары, алтоо Атамбаевдин үйүндө кармалган.

Батышчыл саясатчы катары аты чыгып жүргөн Равшан Жээнбековду Атамбаев бийликте турганда «бул ууру, Акаевдин мезгилинде бүт мамлекеттик мүлктү тоноп сатышкан, анын орду түрмөдө!» деп ызырынганын айтып жүрүшөт. Анткени, Акаевдин бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде Равшан Майрам апчеси аркылуу 30 жашында эӊ жаш министр аталып, Мамлекекеттик мүлк министрлигине дайындалган. «Акаевдерге мамлекеттик мүлктү тоноого эӊ сонун жардам берип, өзүн да унуткан эмес» дешет. Байлыкты жетише топтогон Равшан Таластан Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлигин коет. Бирок, депутаттыкка Таластан Майрам Акаеванын да сиӊдиси коюп, ошондон улам  Акаевдер менен болгон мамилеге жарака кетет. Акаевдин тактысы кыйшая баштаганын сезген Равшан дароо Отунбаева менен Бакиев жетекчилик кылган оппозицияга оогон. Бакиевдин президенттик доорунда Бишкек мэрлигин сурап, бирок ала алган эмес. Кийинчерээк Бакиев ага Малайзиядагы элчиликти берген. Элчи болуп иштеп жүрүп эле Бакиевге карата нараазычылык күчөгөндө дароо ага каршы чыгып, «куугунтук жеген» киши катары Америкага кире качкан.

 «2010-жылдагы революцияны биз кылганбыз» деп төш какканы менен, АКШга жатып алып Кыргызстанга келбей  койгон. Революция учурунда да бул жакта болбогондугун айтышат. Кийин гана Бакиевдердин бийлиги кулап, коопсуздугуна ишенгенде гана келип, Текебаевдин аркасы менен депутат болгон. Анда да жөн жүрбөй Текебаев менен Атамбаевдин мамилеси бузула баштаганын көрүп, Текебаевдин фракция ичиндеги аброюна шек келтирип, аны да сатып жиберип, фракциядан куулган.

Депутаттыктан кеткенден кийин Равшан Жээнбеков Атамбаевге асылып жүрүп 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон да кур жалак калган. Аны өтө жек көрүп калган Атамбаев «бир дагы партия катарына кошпосун» деп катуу көрсөтмө берген дешет.

2018-жылы экөө айласыздан биригип, ар ким өз кызыкчылыгында деструктивдүү аракеттерин баштаган. Бир жагынан АКШнын колдоосун Равшан билдирип, НПО өкүлдөрүн, ар түрдүү эксперттерди тартып берди. Экинчи жагынан Атамбаевден чоӊ  суммада акча алганы боюнча ушак кептер көп айтылууда. Ал эми Акаевдин доорундагы Мамлекеттик мүлк фондусун башкарган жылдары 350дөй мамлекеттик  мекемелерди арзан  пулдап, тапкан кирешенин эсебинен АКШнын Аризона штатынан заӊгыраган үй алып койгонун «Кабар» гезити жазып чыкты.

ШИРИН КЫЗ ЖАНА АТА БАРКЫ

«Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт» деген макал бар экенинен Ширин Айтматованын кабары бар экенинен шегим бар. Атпай кыргызга жетип, ааламга да ашып олтургандай барк Айтматовдо болгону менен, аны көз тийгиздирбей, сөз тийгиздирбей көтөрүп жүргөнгө  көздөй кызы Шириндин шаасы жетпейт окшоп калды.

 Жогорку Кеӊештин мурдагы чакырылышында Ширин Айтматованын  депутат болгонун, чынымды айтсам, эми угуп жатам. Бир маанилүү деле маселе козгоп чыкпаганын айтышат. Анан эле үстүбүздөгү жылдан баштап саясатка баш-оту менен киришкендей таасир калтырып жатканы көӊүлдү бурбай койбойт. «Yмүт» аттуу кыймылбы-уюмбу да түзгөндүгү маалым. Кандай болбосун 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга жана депутаттык мандатка жетүүгө Ширин Чыӊгызовна бар күчүн жумшап жатканын байкоого болот. Албетте, Ширин Айтматованын депутат болуу максатынан эч кандай кыйкым издегим келбейт. Эл үчүн иштеп берген депутат болууга эмне жетсин! Бул жагынан эч бир сөз жок. Мени ойго салган маселе Ширин кызыбыз кайсыл бир сырткы күчтөрдүн оӊой-олтоӊ куралына айланып калбаса экен деген кооптонууда жатат. Дүйнөлүк алп жазуучунун кызынын акылын уурдоого кызыкпаган ким бар дейсиӊ. Кыргызстандагы коррупцияга байланышы бар делген бир катар материалдар Айтматованын колуна оӊой эле түшүп жаткансыгандай кырдаалды эксперттер бекеринен баса белгилеп жаткан жок.

Айтматованын коррупцияга каршы алгачы чабуулу кыргыз коомчулугун көптөн бери уу-дуу кылып келаткан кадимки Раим-миллионго багытталганы маалым. Бирок, Шириндин өзүнүн үй-бүлөсү коррупциялык аракеттерден алыспы деген суроону ким болсо да бергиси келет. Анткени, өткөн аптада Ширин Айтматованын күйөөсү коррупцияга байланышкан кылмышка шектүү катары кармалып, камакка алынганы маалым болду. Ал ортодо «Кабар» гезити аркылуу « 6-декабрда Раим Матраимов маек берип, жалган жалаа жапкандары үчүн Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы сотко бергенин билдирген. Бул боюнча коомчулукта резонанс жаралып, соттошуу процессин күткөндөр арбын. Мындай шартта чочулаган Али Токтакунов Прагадан келбей жатса, Ширин Айтматова сыр билгизбей жооп кайтарганы менен, депрессияга түшүп, атканы каӊкууланды» деген кабар тарады. «Гений өз балдарында эс салат»  деген сөз  туура окшойт.

Кандай болгондо да адамдын абийири, ар-намысы  ар кандай эле сөз эркиндигинен сөөмгө болсо да жогору турат деген пикирге кошулууга туура келет.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 268 жолу