Версия для печати
Среда, 08 Январь 2020 04:15

2019-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болду

2019-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү, жемиштүү, жолдуу болду десек жаӊылышпайбыз. Шаардагы көрүнүктүү иштер жыйынтыкталды, чоӊ ачылыштар болду, шаарыбыз «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталып, чет элдиктерге тарыхыбызды, маданиятыбызды таанытууга бир топ шарттар түзүлдү.

Январь – план, максаттардын айы

Жылдын башында көпчүлүктү күттүргөн ипотекалык негизде салынып жаткан 9 кабаттуу үйдүн эскиздик долбоору даярдалып, коомчулукка жарыяланды.2019-жыл ТYРКСОЙ уюмунун жарыялоосунун негизинде «Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» болуп дайындалганына байланыштуу жылдын алгачкы айында Түркиянын ийри компанияларынын жетекчилери Ош шаарына келип, кызматташуу боюнча бир топ сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, шаардагы жеке бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу иштери уюшулду. 

Февраль. Шаардын көркү үчүн башталган алгачкы кадамдар

Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов шаарды өзү кыдырып, мыйзамсыз курулуштар, жол жээгине чыккан тротуарлар, башаламан жайгашкан базарлар сыяктуу шаар көркүн бузган жагдайлар менен таанышып чыгуу иштерин колго алды. Шаарда жөө жүрүп, текшерүү иштеринин негизинде Б.Осмонов көчөсүнө курулган аллеянын ордундагы базарды, курулуштарды, А.Масалиев, Навои көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштарды, шаардын көркүн бузган көрнөк- жарнактарды алып салуу тапшырмаларын тийиштүү жетекчилерге берип, шаар көркү үчүн чоӊ иштерге кадам ташталды. Аны менен катар мэрдин тапшырмасы менен Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу да февраль айында башталды. 

Ошондой эле 15-февралда Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 30 жылдыгы белгиленди. Иш чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык Кеӊештин депутаты Ашим Осмонов, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаар тургундары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан демократиялык республикасынан  чыгарылганынын 30 жылдыгынын урматына интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын, шаардык Кеӊештин ардак баракчалары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ош шаардык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы болуп, андагы башкы маселе катары Ош шаарынын 2019-жылга бюджети бекитилди. 2019-жылы Ош шаарында билим берүү, курулуш, маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү эске алынып, каражат да ушул багыттарга көбүрөөк бөлүнгөн.

Март айы социалдык багыттаргы иш чараларга бай болду

Бул айдын алгачкы жумасында шаардагы коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалары толук ишке кирди.  Ошондой эле март айында социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы жарыяланып, бир катар иш чараларды өткөрүү боюнча план бекитилген. Анын негизинде турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жалгыз бой энелерге жана улгайган жарандарга ар тараптуу көмөктөр көрсөтүлдү.

Апрель айы маданий, спорттук иш чаралар менен коштолду

9-апрелде UFC чемпиону Валентина Шевченкону Ош Эл аралык аэропортунан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык спорт комитеттин өкүлдөрү, жаштар жана спортчунун күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты. Чемпион менен чогуу анын машыктыруучусу Павел Федотов, апасы Елена Шевченко учуп келди. Шаар жетекчиси Т.Сарыбашов мушкерди чемпиондук наамы менен куттуктап, кыргыздын улуттук кийимин кийгизип, башына ак жоолук салып, атайын жасалган статуэтканы белек кылды. Валентина Шевченконун келиши Ош шаарынын тургундары, спорт сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө салтанат болду. Апрель айында спорттук ийримдер көп өттү. “Сергек жашоо” урааны менен массалык веложүрүш болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, спорт сүйүүчүлөр жана жаш активисттер катышты.

Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов жалпы веложүрүштүн катышуучуларын сергек жашоого, спортту сүйүүгө үндөдү. Ошондой эле жүрүшкө катышууга келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан 5 балага велосипеддерди белекке берди. Веложүрүштүн узундугу 8 чакырымды түзүп, ага 2 миӊге жакын жаштар катышты.

Ош Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун ачылыш аземи

Yч миӊ жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаары 2019-жылы ТYРКСОЙ  эл аралык уюму тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталып,   20-апрелде маданий ич чаранын ачылуу аземи жогорку деӊгээлде өттү. Салтанатка Түркия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Башкортостан, Монголия, Македония, Сербия сыяктуу 20га жакын түрк тилдүү өлкөлөрдөн делегациялар келишип, 2 күндүк салтанатка күбө болушту. Майрамдын расмий бөлүгүнө президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышып, куттуктоо сөзү менен ачып берди. “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер, Жогорку Кеӊештин депутаттары катышып, концерттик программалар, фестиваль, жарманкелер менен уланды.

Ош шаарында Борбордук Азиядагы эӊ чоӊ хирургиялык оорукана ачылды

Ушул эле апрель айында КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ош шаарында борбордук Азиядагы эӊ ийри хирургиялык оорукана ачылды. 150 орунга эсептелген хирургия, травматология, нейротравматология, неврология, кардиология жана реанимация боюнча адистештирилген бөлүмдөрү бар.

Ал эми жергиликтүү дарыгерлер менен медициналык техниктер Кытайда окуп, техника менен иштөөнү үйрөнүп келишкен. Бул оорукана кытайлык грант эсебинен курулган.

Май – ардактоо, кадырлоо, урмат-сый...

Май айында Улуу жеӊиштин 74 жылдыгы белгиленди. Шаар башчылары калаадагы апааттын 7 ардагерине жогорку деӊгээлде сый көрсөтүп, маданий, сахналаштырылган салтанат уюшулду.

Май айында белгиленчү “Энелер күнүнө” карата Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык Кеӊеши шаардагы көп балалуу энелерге “Баатыр эне”, “Эне даӊкы” ордендерин тапшырып, баалуу белектер менен сыйлады.

Июнь айы: Кызматташуу, алдыга умтулуу, ири иштердин башталышы

Июнь айында Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылына заман талабына ылайык фельдшер-акушердик пункт курулду. Жана дагы алгылыктуу иштердин бири болгон Б.Осмонов көчөсүнө курулган аллеянын алгачкы курулуш иштери башталган.

Ош шаары Кытайдын 3  өнүккөн шаарлары жана Түркиянын Сакарья шаары менен кызматташа баштады.

Эл аралык жаштар форуму

Июль айында Ала-Тоодон Кара деӊизге чейинки жаштардын башын бириктирген “Жаштар форуму” Ош шаарында өттү. Ага Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жана республиканын 7 облусунан 150гө жакын жаштар чогулушту. Форум чет элдик жана Кыргызстан жаштарынын биримдиги, тажрыйба алмашуусу, тыгыз кызматташтыгы боюнча өттү.

Августта туристтик фестиваль өттү

Жайдын аптаптуу күнүндө Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамынын негизинде Ош шаарында туристтик фестиваль өттү. Анда кыргыздын улуттук каада-салттары, тамак-аштары, кийим-кечелери,  маданияты жана Улуу Жибек жолунда кербен көчү өтүп, келген туристтерге жакшы маанай тартууланды.

Ошондой эле август айында мугалимдердин август кеӊешмеси өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты. Мыкты мугалимдерди сыйлаганча билим берүүдөгү төмөнкү көрсөткүчтөр айтылып, директорлордун ротацияланышы керектиги тууралуу кеп  болду. Калаа башчысынын сыны шаардагы мектеп директорлорун бир топ сестентти.

Сентябрда дагы бир ири өзгөрүүнүн ачылышы болду

Ош шаары 2019-жылы курулуштун кучагында тез өнүгүп келе жаткан шаар экенин көрсөтө алды. Узап бараткан жылдын ичиндеги ири өзгөрүүнүн бири катары бир кылымдык тарыхы бар Токтогул эс алуу жайын айтсак болот. Жаӊыланган Токтогул паркынын ачылышы калаа башчыларынын жана шаар тургундарынын катышуусунда жогорку деӊгээлде ачылып, пайдаланууга берилди.

Октябрда Ош шаарынын күнү белгиленди

3019 жылдык тарыхы бар байыркы калаа барган сайын ачылып, гүл жыттанып, көрктөнүп, көп кабаттуу заманбап курулуштар менен толукталып, кеӊейип келе жатат. Байыртадан Жер Ортолук деӊиз менен Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып, Улуу Жибек жолу Ош аркылуу өтүп, сооданын борбору болгон Ош шаары бүгүнкү күндө да көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн көӊүл борборунда болуп, кызматташтыгын улантып келе жатат. Оштун күн санап өнүккөнүн шаар күнүндөгү ачылыштар да ачыктап турду. Майрамда Т.Кулатов кичи районуна курулган “Ак ниет” аллеясынын ачылышы, жаӊыланган борбордук стадиондун пайдаланууга берилиши,  фестивалдар, көргөзмөлөр, жарманкелер, спорттук, улуттук оюндардын каармандары да, аларга күбө болгон эл да жогорку маанайда жүрүштү. 15 миӊдей шаар тургундарына арналган чоӊ программадагы концерт да жогорку деӊгээлде тартууланды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тийиштүү жетекчилерди ээрчитип, шаардын 6 муниципалдык аймактык башкармалыктарына барып, калк менен жолугушуу уюштурду. Көйгөйлөр, маселелер жеринде айтылып, калаа башчысы шаардын өнүгүүсү үчүн жасалып жаткан жана аткарылуучу иштер менен элди кабардар кылып, биргеликте кеӊешишти.

Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борборун Хива шаарына өткөрүп берди

Ноябрь айында Ош шаары түрк элдеринин маданий борбору аталышын ийгиликтүү жыйынтыктады. Жабылуу азем  “Ак ниет” эс алуу багына «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттен каржыланган ТYРКСОЙ стелласынын орнотулуусу менен башталды. Салтанаттуу иш чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТYРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТYРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Ал эми 30-ноябрь күнү Ош шаарында ТYРКСОЙ уюмунун Туруктуу Кеӊешмесинин 37-отуруму жыйынтыкталып, анын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусун арттыруу багытында келишимдер түзүлдү. Отурумдун алкагында Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берди. Ага улай Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келген конокторго ыраазычылык билдирип,ТYРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө Ош шаарынан эстелик белектерин тапшырды.

Жыл чоӊ ачылыштар менен жыйынтыкталды

Жыл жыйынтыкталып жатканына карабай шаарда курулуш иштери уланып, кээ бир курулуштар аяктап жатат. Декабрь айында А.Шакиров көчөсү менен Төлөйкөн суу кампасынын курулушу аяктап, элге пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, эл өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

2020-жыл да Кыргызстаныбыз үчүн, Ош шаарыбызүчүн ийгиликтүү жылдардан болсун дейбиз.

 

Окулду 70 жолу