Версия для печати
Среда, 08 Январь 2020 04:18

Аида Джапарова, врач-косметолог: «Терини жашартуунун жолу – аны сестентүү керек»

Ошто «ESTETIQUE» деп аталган косметологиялык клиника бар. Мында айымдар эле эмес, мырзалар да кайрыла алышат.  Мезотерапия, плазмолифтинг, ботокс, бет тарттыруу, лазердик эпиляция  сыяктуу бир топ косметологиялык кызматтарды өзүнө камтыган клиниканын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Ачылганына аз гана убакыт болгонуна карабай өзүнүн кардарларын топтой алган. Врач-косметолог  Аида Джапарова клиникадагы ар бир кызматка өзүнчө токтолуп, түшүндүрүп берди.

«Батыш медицинасы менен Тибет медицинасын айкалыштырабыз»

 Косметолог десе эле бет тазалоону түшүнүшөт. Бирок, учурда косметология бир топ багытка өнүккөн. Эстетикалык медициналык косметология илими  иштелип чыгып, медициналык косметология деген аталыш менен кадимки окуу жайларга сабак киргизилип, дермотологдордон бөлүнгөн. Жогоруда аты аталган клиникадагы кызматкерлердин 90%ы дарыгерлер. Жумушка кабыл алууда негизги талап медициналык билиминин болушу. Косметологиялык багытта аябай көп кызматтар каралган. Бетти тазалоо, укалоодон сырткары кенен тармакты өзүнө камтыйт. Эстетикалык косметологияда адам өзүнө жакпаган жерин оӊдотуп алуучу, башкача айтканда, психологиялык дискомфорттон арылтуучу кызмат. 

- Жаштыкты сактап калууга жаш кезден кам көрүү керек. Териге туура кам көрүү, убагында косметологго кайрылып, туура жардам алуу өтө маанилүү. Бизде операцияга чейинки косметологиялык кызматтардын баары каралган. Батыш медицинасы менен Тибет медицинасын айкалыштырып чогуу алып кетебиз. Мисалы, батыш медицинасы ооруган органды гана дарылоого далаалат кылса, Тибет медицинасы андай эмес. Адам денесин беш жылдыз катары көрөт. Демек, бир эле жериӊ ооруса бүтүндөй организмди дарылоого урунушат. Ошондуктан, айымдардын бир гана сырткы келбетине кам көрбөстөн, ички жан дүйнөсүнүн абалына да кам көрүп, мотивация беребиз. Мисалы, ашыкча салмактуулук менен жабыркаган айымдар келет. Алар уколдун жардамы менен гана арыктап кетүүнү эӊсешет. Негизи андай эмес. Ашыкча салмак топтоонун жолдору көп. Теринин астында майлуу клетка болот. Ал тирүү клетка болгону үчүн адам азыктанган сайын көбөйө берет. Эгерде адамда кыймыл аз болсо, туура эмес тамактанса, спорт менен машыкпаса майлуу ткань өтө тездик менен көбөйөт. Ал көбөйгөн сайын адам көп тамактана баштайт да, натыйжада толуп кетет. Мындай учурда косметология жардамга келет. Албетте, уколдун жардамы менен арыктатабыз дегенден алысмын. Биз болгону жардам беребиз. Май клеткаларын жок кылуучу препараттарды мезотерапия аркылуу беребиз. Май клеткалары өлгөн сайын адам арыктай баштайт. Мындайда тамакты азайтат, бизди көбүрөөк угуп, спорт менен машыга баштайт. Эгер бул аракеттер болбосо адам кайра эле толуп кетет.

Мезотерапия  деген эмне?

- Мезо деген тери дегенди түшүндүрсө, терапия дарылоону түшүндүрөт. Мезотерапия - теринин клеткаларын иштетип берүүчү заттарды берүү. Башкача айтканда, теридеги уктап жаткан клеткаларды ойготуу. Адам жашы жогорулаган сайын теринин клеткалары да карый баштайт да, иштөөсүн азайтат. Натыйжада тери өз күчүн жоготуп, ылдый салаӊдап, бырыша баштайт. Ошондой учурда мезотерапия аркылуу териге керектүү азыктарды териннин үстүнкү катмарына ийне аркылуу жеткирип беребиз. Мунун препараттары аябай көп, теридеги көйгөйгө карап дарылоо жүргүзүлөт. Мисалы, көпчүлүк айымдарда төрөттөн кийин бетке так түшөт. Аларга бетти агартуучу мезотерапия сунушталат. Ийне аркылуу атайын препаратты теринин эӊ үстүӊкү катмарына беребиз. Аталган препараттын жардамы менен беттеги тактар жоголот. Мындан сырткары, тери кечке кургай берген учурлар болот. Териде нымдуулук калган эмес. Себеби, беттеги териде гиалурондук кислота деген болот. Ал жаш өткөн сайын азая берет да, териде кургактык пайда болот. Гиалурондук кислотаны мезотерапия аркылуу териге жеткиргенде гана тери кайрадан нымдашып калыбына келет. Айрым айымдар бар, бетинде кызыл тамыры чыгып калат. Айрыкча биздин тоолуу райондордо көп кездешет. Мунун себеби, беттеги кан тамырлардын иштөөсүнүн начарлаганы. Тери менен кан тамырдын ортосунда атайын кабыкча болот. Ал кан тамырдын активдүү иштөөсүн камсыздайт. Кабыкча жабыркап, кан тамырдын иштөөсүн басаӊдатканда беттеги кызыл тамырдын тактары пайда болот. Муну косметологияда купероз деп атап коебуз. Мында дарылоодо мезотерапия аркылуу кан тамырлардын иштөөсүн жакшырткан препараттарды ийне аркылуу беребиз. Натыйжада кан тамырлар активдүү иштеп, беттеги кызыл тактар жоголот.

«Жип - терини сестентип, иштөөсүн активдештирет»

- Учурда терини жип аркылуу калыбына келтирүүчү түрү өтө өнүккөн. Адамдын бет түзүлүшү ар жылда өзгөрөт. Беттин структурасы, формасы, муруну, илеби бүт баары өзгөрөт. Мындайда беттин териси жумшарып, өз күчүн жоготуп ылдый салаӊдап калат. Теринин астындагы майлуу клеткалар азаят. Биз ошол майлуу клеткаларды, гиалурондук кислотаны берип отуруп терини калыбына келтиребиз. Бизге келген айымдардын көпчүлүгү 30 жаштан жогорку айымдар. Алардын баарынын эле терисин тарта бербейбиз. Алгач, оӊой процедуралардан баштайбыз. Ийненин жардамы менен жип аркылуу терини тартуу жолдорунун да түрлөрү көп. Косметологиялык, хирургиялык жиптер көбүнчө Кореяда жасалат. Бул жиптин негизги эки түрү бар. Биринчиси мезожип деп аталат. Ийненин ичинде болуп, ошол аркылуу териге киргизилет. Алар териге травма берет, башкача айтканда, терини сестентет. Тери чочуганда уктап жаткан клеткалары ойгонуп, активдүү иштеп, териге азык берүүчү заттарды иштеп чыгат. Мезожиптин негизги механизми – терини калыӊдатып, иштөөсүн активдештирип, теринин бырышын жаят. Мындан сырткары теринин өзүнүн күчүн жоготуп, жукарып кетишин алдын алат. Ал эми экинчи түрү коги деп аталат. Беттин формасын кармап турган майлуу клеткалар азайса да, көбөйүп кетсе да зыян. Себеби, азайса сөөктүн формасы даана билинип жагымсыздык пайда болот да тери бошошуп, бырышат. Ал эми майлуу клетка көбөйсө беттин формасы бузулуп, семирип кетет. Өзүнүн нормасы болот. Убакыттын өтүшү менен ал майлуу клеткалар ылдыйлай берет. Натыйжада терини да чоюп ылдый түшүрүп коет. Ошондо жанагы коги деп аталган жип териге эмес, теринин артына коюлат. Тереӊирээк киргизип, майлуу клеткаларды жогору тартабыз. Бул жиптердин экөөнү теӊ бирдей колдонууга болот. Когини тереӊ коюп, анын үстүнө мезожиптерди коюуга болот. Айта кетүүчү жагдай, бул эки процедура өтө травмалуу келет. Бети шишийт, ийне сайылган жерлери көгөрөт. Жалпысынан бир ай дегенде тери калыбына келет. Булар эки же үч жыл эффект берет.

Жип эӊ көп коюлган зона – көздүн айланасы болуп саналат. Дене боюнча эӊ жука тери көздүн айланасында. Анан да эӊ биринчи жукарып, бырышкан зона да көздүн айланасы болот. Ошол үчүн кардарлардын көйгөйү көздүн айланасы. Бул жерге мезожиптерди койгонубузда тери калыӊдашат. Процедуранын баасы 7 миӊ сомдон 9 миӊ сомго чейин. Баалар жиптин түрлөрүнө карап коюлат. Бетке коюлган жиптер кымбатыраак болот. Анткени, көбүрөөк жип колдонулат. Косметологияда өмүр бою деген түшүнүк жок. Кээ бир процедураларды курс менен дайыма алып турушубуз керек. Бир эле жолу алып андан өмүр бою эффект күтпөшүбүз керек. Албетте, эффект болот бирок, жыл сайын жасатып туруу зарыл. Кээ бирлери бар, эки жылда бир жолу жасайбыз, кээ бирлерин бир жылда эки жолу.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 93 жолу