Версия для печати
Среда, 08 Январь 2020 04:19

Балбан Орозбек Аширов: «Атам ийгилигимди көрбөй кеткенине өкүнөм»

Казакстан Республикасынын Нур -Султан шаарында өткөн бел боо алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта Ош шаарынын спортчусу Орозбек Аширов алтын медалга ээ болду. Дүйнө чемпиону, ИИМдин мыкты кызматкери улук лейтенанттын жетишкендиктери боюнча кеп кылабыз.

Каарман тууралуу:

Балбан Орозбек Аширов Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар- Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Мөнөк айылында 1988-жылы 29-апрелде туулган. Спортко 14 жашынан аралаша баштап 2009-жылы кыргыз күрөштөн, 2014-жылы самбо боюнча, 2017-жылы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Ошол эле 2017-жылы алыш бел боо күрөшү боюнча Азия оюнунда 3-орунду багындырып коло медалга ээ болгон. Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгында улук лейтенант чини менен кызмат кылып келет. Эки уул, бир кыздын атасы.

«100 килограмм салмактагы балбандар менен беттештим»

- Учурда эркин күрөш боюнча «Динамо» спорт клубунда машыктыруучу Мухаммедали Абидовдун колунда машыгып келем. Акыркы мелдешке 100 килограмм салмакта катыштым. Биринчи эркин мелдештик, андан жеӊгендер тандалып алынып мен Молдованын балбаны менен кез келдим. Экинчи айланпада грузин спортчусу менен беттешсем, финалда монгол балбанын утуп, биринчи орунга ээ болдум.

«Спорттун 5 түрү боюнча машыгам»

- Спорт менен 14-15 жашыман бери машыгып келем. Спортко өзүмдүн атам кызыгып, агам экөөбүздү теӊ спортко жакын кылып өстүрдү. Бакыт Кожобеков аттуу машыктыруучунун колунда тарбиялана баштагам. Агам да орган кызматкери, чемпионаттарга катышып келет, бирок жумуштарына байланыштуу дүйнөлүк турнирлерге катыша албай калды. Спорттун 5 түрү: кыргыз күрөш, алыш күрөш, эркин күрөш жана самбо боюнча чемпионмун.

«Эки жумушум бири-бири менен тыгыз байланышта»

- Юридикалык билимим бар. 2008-жылдан бери Ош облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тез аракеттенүүчү отрядында эмгектенип келем. Азыр аталышы өзгөрүп «Шумкар» атайын багыттагы полку деп аталып калган, анда бөлүм башчымын. Менин эки жумушум теӊ бири-бири менен байланышкан. Тез аракеттенүүчү отрядда тынбай спорт менен машыгып турабыз. Ошол себептен экөө бири-бирине тоскоол болбойт.

«Бизди машыктырсаӊыз деп келген балдар болот»

- Мени машыктырсаӊыз деп келген балдар болот. Колумдан келишинче спорттогу билимимди бергенге аракет кылам. Атам «спортчумун деген адамда же спортту тандаган адамда эмгекчилдик жана өжөрлүк сапаттар болуусу зарыл. Ушул эки сапаттын бирөө эле жок болсо анда ийгилик жарата албайсыӊ» дей берчү. Мен да ошол максат менен эмгектенем жана колума келген балдарга да ошону көп айтам.

«Дүйнө чемпиону болуу атам экөөбүздүн максаттарыбыз эле»

- Жашоодо өкүнгөнүм атам дүйнө чемпиону болгонумду көрбөй калганы. Оорудан улам былтыр бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Менин быйылкы ийгилигиме күбө болсо атамдын да, менин да максаттарым орундалган болмок.

«Эркек үчүн спорт эӊ туура жол деп билем»

- Жашоо образ жагынан адамдардан спорттук режим аркылуу айырмаланабыз. Күндө эки маал машыгуу, күчтүү тамактарды жеп туруубуз керек. Анан албетте, организмди витаминдер менен толуктап туруубуз зарыл. Спортчу ныксырап, алсырабаш керек, эмгекте зерикпеш керек. Эркек үчүн спорт эӊ туура жол деп билем. Ошол үчүн уулдарымды да спортко жакын өстүрөм деп ниет кылам. Кудай насип кылса, атамдын кыялдарын орундатып урпактарынын баары спортчу болот деп ойлойм.

«Чемпион болгондо эӊ биринчи апама кабар бердим»

- Өзүӊ балалуу болгондон кийин ата-энеӊдин сага болгон сезимин, үмүтүн, тынчсыздануусун билип калат экенсиӊ. Атам каза болгондон кийин биздин ар бир кадамыбыз үчүн тынчсызданып турган адамыбыз бул апам. Карапайым, мыкты тарбиячы апам азыр неберелерин багып отурат. Чемпион болгондо да көз алдыма биринчи атам менен апам келди. Кабарлаганда да эӊ биринчи апама кабар бердим. Мүмкүнчүлүгүм, ден соолугум талапка жооп берип турса турнирлерге катышууну уланта берем.

Машыктыруучу Мухаммедали Абидов:

«Башкалардай жылдыз оорусу менен оорубады»

- Орозбек алгач өзү жашаган айылда бел боо күрөшү менен машыгып жүрүп, 2003-жылы 9-классында бизге «Динамо»  клубуна келди. Бул жерде бел боо күрөшүнө катар эркин күрөш менен машыгып жатты. Ошол жылдары өзүнүн курагындагы балдар арасында облустун чемпиону болду.   2003-жылдан бери тааныйм, максатка умтулган, токтоо, тарбиялуу бала. 2017-жылы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна даярдандык. Өлкөнүн курамасына кирдик. 97 килограммдар ортосунда чемпион болду. Кыргызстандын спорт чеберинин нормативин толтуруп, эркин күрөш боюнча спорт чебери наамына ээ болду. Канча убакыт, кандай учур өтпөсүн эмгек кылып, машыгууну токтотпой келет. Ар кандай турнирлерде бел боо күрөшү боюнча ар дайым биринчиликти алат. Спорттун күрөш айдыӊында «Ороз палван» каймана аты бар. 2018-19-жылдары бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка катыштык.  Былтыр Казанда өткөн мелдеште 5-орунду алган. Ошондон кийин спорттогу карьерасын токтотом деди. Мен ага макул болбой «баары алдыда» деп макулдук бербей койгом. Машыгууну улантып, талбай эмгектенип жүрдү. Жакында Казакстанда өткөн чемпиондукка жакын Бишкекке барып машыкты. Жыйынтыгы баарыбызды кубантып отурат. Мен Орозбектин дүйнө чемпиону болушуна ишенчүмүн. Ал менен иштешүү аябай жеӊил, чыдамкай, кыйынчылык болуп турса да акырына чейин күрөшөт. Физикалык жактан чыӊ, энергиялуу. Дүйнө чемпиондугуна талбаган ак эмгеги менен жетти. Спорттун бир канча түрү менен машыгып, бир канча ийгиликке жетсе да башкалар сындуу жылдыз оорусу менен оорубады. Дүйнө чемпиондугун алса да ошол «Ороз палван» дагы эле ошол боюнча.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 822 жолу