Версия для печати
Среда, 08 Январь 2020 04:21

XXIV сессия. Ипотекалык үйлөрдүн үстөгү 4 пайызга түштү

25-декабрда Ош шаардык Кеӊешинин XXIV сессиясы болуп өттү. Сессияга Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов,шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, вице-мэрлер, тийиштүү кызматтардын жетекчилери катышышты. Анда туруктуу депутаттык комиссиянын сунушу менен 15 маселе күн тартибине киргизилди. Депутаттар тарабынан жетекчилерге суроолор, сунуштар берилип, талкууланды.

Сессия шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, төрага Жапар Туратовичтин бул жылы мыкты иш алып барган фракция жетекчилерин, депутаттарды ардак грамота менен сыйлоосунан башталды. Ошондой эле мэр өз сөзүндө президенттин, премьер-министрдин туура жүргүзгөн саясатынын натыйжасында бир канча алгылыктуу иштер жасалганын жана шаар бюджети 1 млрд 127 миӊден 1 млрд. 322 миӊге көтөрүлгөнүн айтып өттү.

  “Мыйзам сакталбаган курулуштар бүткөн ченде да бузулат”

Алгачкы маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө болду. Жетекчиси Рысбек Юсупов аткарылган иштери тууралуу кыскача депутаттарга маалымат берди. Андан соӊ суроолорго өтүп, депутат Эсенбек Арзиев “учурда курулуш тармагында 36 фирма көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатса, анын 26сынын иши сотто экен. Бул маалымат канчалык деӊгээлде чын?”деген суроосун узатты. Жетекчи Рысбек Юсупов “бүгүнкү күндө шаарда 36 курулуш жүрүп жатканын жана алардын 26сы тиешелүү уруксат кагаздарын албай, тийиштүү мекемелер менен макулдашпай курулуш иштерин баштаганы үчүн тергөө органдарына иштери өткөрүлдү”деп жооп берди. Депутат бул маселе көӊүл бурууну талап кыла турган жагдай экенин, эмнеге бардыгынин иши сотко өткөндүгүнүн себебин изилдөө керектигин жетекчилерге эскертип, курулуш тармагын көбүрөөк көзөмөлгө алуусун мэрден өтүнүп кетти. Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов: “Шаарга катуу тартип керек. Уруксат кагаздар курулуш иштерин жүргүзүүгө берилип, талаптар да коюлууда. Көпчүлүк компаниялар уруксат берилери менен талаптарды аткарбай эле курулуш иштерин баштап жибергенинин аркасында иш сотто каралууда. Ар бир мамлекеттик орган өз ишин кылып жатат. Курулуш иштерин токтотуп туруу боюнча биз тараптан сүйлөшүүлөр болгон күндө да компания ишин жүргүзө берет. Мындай өнүккөн өлкөлөрдө да катталат. Мыйзам сакталбаган курулуштар бүткөн ченде да бузулат”,- деп айтып, бардык курулуш талаптарга жооп бериши зарыл экенин белгиледи. Курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларды, жарандарды соттон качпай, баарын тактап алып, анан гана ишин баштоого, улантууга чакырды. Депутат Жыргал Тажибаев жаӊы мыйзамдар боюнча мыйзамсыз курулган үйлөргө болгон айып пул аз, буга өзгөртүү киргизүүгө кандай сунуш бере аларын жетекчиден сурады. Жетекчи Жогорку Кеӊешке категориясына карап, айып пулдардын көлөмүн өзгөртүп берүү үчүн сунуш берилгенин билдирди. Бекболот Арзыбаев шаар ичиндеги бензин куючу жайлар боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкты. Юсупов шаардагы 40 күйүүчү май куюучу жайдын 28инин иши сотко өткөрүлгөнүн, сот кароосуз калтырып, учурда кайрадан сотко даярдалып жатканын билдирди. Депутат мыйзамсыз курулушту баштоого эч ким бара албастыгын айтып, “архитектура жетекчилери тарабынан колдоо көрсөтүүдөн улам мыйзам бузулуу болуп жатабы, тыкыр көзөмөл жүргүзүү керек” деген сунушун айтты. Ошондой эле депутаттар жеке компаниялар жакшы маяна төлөп, күчтүү юристтер менен иштешкендиктен сот иши көпкө созулганын, мамлекеттик ишканада иштеген юристтердин айлыгы аз болгондуктан юристтер келбей жатканына байланыштуу айлыкты жогорулатуу зарыл экендигине токтолушту. Мыйзам талаасында күрөшүүдө профессионал юристтерди тартуу керек деген сунуштарын беришти.

Камчыбек Мамбетов:

“Даярданбай келген жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керек”

Экинчи маселе шаардагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын иш мазмуну, аткарган иштери жөнүндө болду. Суроолорго жооп берүү үчүн МАБдар боюнча координатор БердигулСултанов келди. Депутат Акматали Мадаминов аймактардагы бир канча көйгөйлүү маселелер бар экендигин, алардын үстүнөн иштөө зарылдыгын билдирди. Султанов он эки муниципалдык аймак алтыга кыскаргандан кийин жетекчилерге дагы бир канча милдеттер жүктөлгөнүн, көйгөйлүү маселелер менен мыйзамсыз курулуштар боюнча күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи. Акбарали Батыров Ош шаарынын жалпы аянтына кызыкты. Аймактык башкармалыктардын ишмердүүлүгүнө жооп берген Султанов жалпы аянтын кагаз жүзүндө депутатка берерин айтты. Батыров башкармалыктардын иштери көрүнүктүү болбой жатканын кошумчалады. Төрага Жапар Ормонов бул маселени кийинки сессияга калтыруу боюнча сунушту добушка коюп, көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен кийинкиде каралмай болду. Ал эми Камчыбек Мамбетов жыйынга даярданбай келген жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керектигин белгиледи.

Ипотекалык батирдин пайыздык көлөмү азайды

Күн тартибиндеги эӊ орчундуу маселе Ош шаардык Кеӊешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 "Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине киргизүү болду. Депутаттардын колдоосу менен суроо-жоопко кезек берилди. Мадаминов үйдүн 1 метр2 канчага бүтөөрүнө токтолду. Суроого Кутманалы Абдрахман уулу “350 долларга чейин бүткөрүүнү болжолдуу карап жатабыз. Ал эми мурунку берилген үйлөр 460  долларга чейин эсептелип берилген” деп кошумчалады. Депутат жеринен таанышууга барганда жашап жаткан жарандардын финансылык абалы оор болуп, тапкан айлыктарынын баары ипотеканы жапканга жумшалып жатканын белгиледи. Негизги сумманы азайтууга канчалык деӊгээлде мүмкүнчүлүк бар экенин сурады.

Учурда алган үйүнүн акчасын төккөнгө жашоочулардын капчыгы жетпей жатканын айтып, кошумча 6 пайызды жоюп берүү өтүнүчү менен бир канча тургундар депутаттарга кат жолдошкон. Сессияда алардын оюн угуш үчүн сөз берилди. Тургундар “үй берилгенде социалдык жактан жардам болот деп алганбыз. Азыр биз тескерисинче, кордолуп, жардамга муктаж болуудабыз. Кээ бирибиздин үйүбүздө нан болсо болот, болбосо жок. Тапканыбыздын баарын ипотеканы төлөгөнү жумшайбыз. Пайызын жоюп берүүӊүздөрдү суранабыз” деген пикирлерин билдиришти.

Депутаттар ишкана элге жеӊилдиктерди карап сунуш берүүсү керектигин айтты. Социалдык жактан колдоого муктаж болгондорго, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге курулган үйдөн бекер батир берсе боло турганына токтолду. Абдрахманов: “Айрым категориядагы жарандар бекер үй алуу укугуна ээ. Ал эми каржылоо жагын учурда иштеп жатабыз. Лотерея билеттерди уюштуруу, гранттык каражаттарды тартып, бекер үйлөрдү куруунун аркасында акысыз батирлерди калкка берүү иштерин кароо пландалууда. Учурда ипотекага кошулуп жаткан пайыздар кийинки үйдү курууга жумшалат”, - деп билдирди.

Депутат Акылбек Турдубай уулу бүгүнкү күндөгү ипотекага үй алгандардын санына токтолду. 396 жаран ипотекага үй алганын, 113 жаран кечигип төлөп жатканын, 4 жаран төлөй албай иши сотто кароодо турганын Абдрахманов кошумчалады. Эсенбек Арзиев пайызды жоюу тууралуу сунушун киргизди. Пайызды жоюу ишкананы эч кандай артка кетүүгө алып келбей турганын белгиледи.  Ал эми депутаттык комиссиянын сунушу 6 пайызды 5 пайызга түшүрүү болду. Ошондой эле 4 пайызга түшүрүү да сунушка кошулду. Пайызды жок кылуу сунушу колдоо тапкан жок. Ошентип 45  депутаттын 26сы  4 пайызга түшүрүүнү туура көрүштү. Натыйжада 6 пайыздык кошумча төлөм 4 пайызга түштү.

Кийинки каралган маселелер шаардагы көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары, жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу, жергиликтүү бюджеттен кошумча акчаларды бөлүү менен улантылды.

Алимбеков  - Ардактуу атуул

Күн бою талкууланган маселелер, 24-сессия Ош шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу менен аяктады. Депутаттардын жашыруун түрдө добуш берүүсүнүн аркасында наам Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы Алимбеков Давлет Каарыевичке ыйгарылды.

Жумагүл Кочкорбай кызы

Сыдык Токонов

Окулду 74 жолу