Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келгенден бери калаа тургундары үчүн жакшы шарттар түзүлүп, жол, эс алуучу жайлар, үйлөрдүн жылуулугу, газ, суу, электр энергиясы сыяктуу маанилүү болгон тармактардын баарына көӊүл бурулуп жатканы талашсыз. Мына ошолордун катарын таза суу маселеси да толуктап турат. Суу кампалардын курулушу, шаардын четиндеги аймактарга таза суунун жеткирилип жатышы кылымдык жакшы иштерден десек жаӊылбайбыз. Шаардагы таза суу боюнча жана суучарба ишканасынын аткарып жаткан иштери, пландары тууралуу Ош шаардык суучарба ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөров айтып берди.
«Президенттин башкы планы айылдарга таза суу жеткирүү болду»
- Президент Сооронбай Шарипович өзүнүн 2024-жылга чейинки президенттик мөөнөтүндө башкы иштери катары аймактарды өнүктүрүүнү чоӊ план кылып, анын ичине ар бир айылды таза суу менен камсыздайм деди. Бул эӊ туура чечим деп эсептейм. Себеби таза суу бул ар бир адамга ар кайсыл убак болбосун эӊ керектүү нерсе. Жолдорду укмуш кылып оӊдогонубуз менен авто кырсыктар көбөйүп жатат. Анын ордуна ар бир айылды таза суу менен камсыздасак пайдалуураак болот деп эсептейм. Таза суу бул ден соолук да. Кыргыздар көӊүлүбүзгө толгон жакшы адам менен бет келип калсак «таза суу ичкен жердин баласы экен» деп баа беребиз. Ошол себептен эӊ жөнөкөй, бекер жана эӊ керектүү болгон таза суу маселесин биринчилерден болуп чечишибиз керек. Президент план койгондон кийин министр, губернатор, аким, айыл башчылар баары таза сууга маани берип, айылдарга жеткирүүгө киришип калышты. Ош шаарынын мэри Таалайбек Насирбекович да келери менен 6 миӊ кубдук суу кампанын курулушун баштаган. Буюрса, ал да аягына жетип, ачылышы болот. Өзүӊөр күбө болгондой жакында эле Төлөйкөн айылына насос станция, суу кампа курулуп азыр айылдын 2000ге жакын тургуну таза суу ичип калышты.
«Суу кампалары боюнча терс пикир болсо эле мени сөгө беришет, биздин тиешебиз жок»
- Таза суу программасынын негизинде Жапалак айыл аймагы толук таза суу менен камсыздалып жатат. Учурда 6000дик резервуар курулуп жатат, дагы 1000дик резервуардан экөө курулуу планында турат. Буюрса, курулуш иштери аяктаса суу жиберүү иштерин биздин ишкана колго алабыз. Таза суу боюнча маселе көтөрүп келген тургундар көп. Суу боюнча иштеген үчүнбү, айтор, таза суу маселеси күндөн күнгө чечилип баратканы кубандырат. Көп адамдар суу кампалар боюнча терс пикир болуп калса эле мени сөгө беришет экен. Суу кампалардын курулушуна делген каражаттар капиталдык курулуш башкармалыгына бөлүнөт. Биздин суучарба ишканабыз суу кампалардын курулушуна буюртма берүүчү да, куруучу да эмеспиз. Бизден ага комиссиянын мүчөсү болууга гана кошулушубуз мүмкүн, бирок ал иштерге аралаша албайбыз. Суу кампалар качан курулуп бүтүп, бир жыл сыноодон өткөндөн кийин гана бизге иштетүүгө өткөрүлүп берилет. Биздин жумуш даяр түтүктөргө суу жиберебиз, бузулган жерди жамайбыз. Курулуш иштеринин баары башка ишканага таандык болот.
«Суу эсептегич орнотуп бергиле деп кайрылгандар көбөйдү»
- Суу эсептегичтер орнотулгандан бери суу калкка кеӊири жетип калды. Мисалы, Туран жакта жер үйлөр багына агызып коюп, көп кабаттуу үйлөргө суу чыкпай калчу. Суу эсептегич койгондон бери суу элдин баарына толук жетип жатат. Эсептегичти жаӊы коюп баштаганда нааразы болгондор көп болчу. Азыр эми өздөрү коюп бергиле деп кайрылышууда. Себеби суу эсептегичтен мурдагыга караганда аз сумма төгүшөт. Мурда бир айда 120 сомдон төлөшсө азыр бир куб суу 5 сом 31 тыйындан болуп айына 30-40 сомдой гана төлөп жатышат. Биз коммерциялык ишкана эмеспиз, биздин негизги максат элге суу берүү. Суу эсептегичтерди орноткондон кийин каражат жагынан 20% артка кеттик, бирок суу экономдолуп, элге бирдей жетип калды. Бизде суу бекер, сууга деп топтолгон каражат суунун өзүнө кеткен эксплуатацияга жумшалат. Мисалы, сууну, түтүктү тазалаганга, сууну жеткирип иштеген персоналга. Ал эми түтүк менен агып бараткан сууга бир тыйын алынбайт.
Мэр жаӊы техника алып берип, жардам берип жатат. Насостук жабдууларыбызды жаӊылап жатабыз. Озгурдагы лабораторияны оӊдоп- түзөөдөн өткөрдүк эле азыр фильтирлөө бөлүмүн оӊдоп жатабыз. Аэропортто тазалоо станциябыз бар, ал да оӊдоодон өттү.
«Азыр тажрыйба топтобой туруп жетекчи болом дегендер көп»
- Кадр маселеси ар бир жетекчини ойлонтот. Мисалы, бизде бир сантехникти даярдаш үчүн эки жыл убактыбыз кетет. Баарын үйрөтүп койгондон кийин эгер маяна аз болсо Орусияга кетип калышы мүмкүн. Жаштардын баары эле билимине, тажрыйбасына, басып өткөн тармагына карабай жетекчи болгулары келет. Катардагы кызматкер бул жакта турсун көп жетекчилер сабатсыз. Шаардагы жетекчилердин көпчүлүгүн топтоп башкасын коюп өмүр баян жаздырсаӊ орус тилде да, кыргыз тилде да көпчүлүгү ката менен жазышат. Азыркы жаӊы өсүп келе жаткан жаш кадрлар ушул адамдан тажрыйба топтоп алайын деп эч качан ашыкпайт. Бизди 30-35 жашыбызда «азыр жетекчиликке жашсыӊ» деп эле бетиӊе айтышат эле. Биз туура түшүнчүбүз. Азыр ишкананын бир да тепкичин баспай туруп жетекчи болсо боло берет, ошол үчүн кээ бир жетекчинин катардагы кызматкерден да деӊгээли төмөн болууда. Мен ушул инженердик тармакта окудум, иштедим 44 жашымда директор болсом, 56 жашымда президенттин грамотасын алдым. Грамотаны башкы инженерибиз Ормош акеден мурун алганыма аябай уялып жүрдүм. Азыр 30га чыга элек балдар мамлекеттик сыйлыкка аракет кылып, 40 жашында Кыргыз эл баатыры болгусу келгендерди көрүп эле жүрөм. Менин аларга ичим тарыбайт, өздөрү уялыш керек. Кудай да ар бир нерсени ченеп берген да, аларга шашпай жеткен жакшы болсо керек. Азыркы жаштар 40ка жетпей жанталашып жашап, байып, алчуну алып, кызматка шашылыш отуруп кайда шашат билбейм. Жаш кезде билимди өстүрүп, тажрыйбаны топтоп, башы бышып калганда анан жетекчи болсо болот да. Мындай ишканалар «5 жыл иштедиӊ, эми бул иштесин» деп кезектеше турган ишкана эмес. Атабыздан калган да менчигибиз эмес, бирок ар бирибиз кылган ишибизге, кызматыбызга татыктуу болушубуз керек. Мыкты билим алган, жакшы кадр келсе биз да кубанып кабыл алып, кызматыбызды тапшырабыз да. Өзү юрист же экономикалык билим алып, техникалык ишканаларга жетекчи болгусу келет. Техникалык ишкананы башкаргыӊ келеби, чыдап техникалык билим алыш керек. А бул оӊой эмес.
«Суу менен абаны эч качан жасай албайбыз»
- Мени кызматкерлеримдин пикири көбүрөөк кызыктырат. Аларды капа кылбоого аракет кылам. Себеби бизде аябай жакшы адамдар иштейт. Кээде кабинетте айнектен ким эмне кылып жатканын карап отуруп калам. Кылган иштери, бири-бирине кылган мамилелери, жүзүндөгү аруулугу, авария болуп түн жарымда чакырсаӊ да кабагым-кашым дебей келип иштерди аткарышат. Кайра ал үчүн эсептешип, ишке келбей койбойт. Кызматкерлердин мындай аракеттери мени ар дайым ыраазы кылат. Жамандар жок эмес, 90% жакшы адамдар иштесе 10% мага окшогон жамандары да бар. Жөнөкөй, бардык адамга керек болгон сууну элге жеткирип берген ишканада жакшы адамдар менен иштеп калганыма ыраазымын. Сууда иштеп жүрүп сууну бардык нерседен жогору баалайм. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар суунун кадырын билбей жатабыз. Суу менен абаны эч качан жасай албайбыз. А башка нерсенин баарын жасаса болот. Ошол себептен сууну биринчи орунга коюп, сактап, убал кылбай туура колдонуп, шарылдатып агызып койбой орду менен иштетип, кадырлап жашайлы. Бала төрөлгөндө таза суу менен жуулат, адам өлгөндө да таза суу менен тазалап жууп анан кепиндейт. Суунун баркы канчалык бийик экенин мына ушулардан да билсек болот.
Уулбү Каныбекова
Толугу менен...