Версия для печати
Вторник, 17 Март 2020 07:17

Чачты химиялык тармалдатуу: пайдасы жана зыяны

Эгерде чачыӊыз түз болсо химиялык жол менен тармалдатууну ойлогон чыгарсыз. Анткени, күн сайын плойка менен тармалдата берүү оорчулукту жаратат, убакытты алат. Химиялык тармалдатуу мындай учурда 3 айдан 1 жылга чейин сиздин чачыӊызды тармал бойдон сактап берет. Дал ушул химиялык жол менен чачты тармалдатуунун пайдалуу жана зыяндуу жактарын адистерден сурадык.

Химиялык тармалдатуунун түрлөрү

Адистердин айтымында, химиялык жол менен чачты тармалдатуу зыянсыз болбой койбойт. Анын түрлөрү көп. Тармалдатууга кеткен каражаттын курамына карап бөлүнөт. Мисалы, калий же кислота менен тармалдатуу жолдору бар. Мындан сырткары, курамында байытылган белоктор бар химиялык каражат да колдонулат.  Карвинг – 1 же 2 ай чачтын тармалын кармап туруучу жеӊил химиялык тармалдатуу.

Химиялык тармалдатуунун зыяндуулугу жок дегенге ишенбеӊиз. Курамында кандай каражат болбосун химия чачты мурунку калыбын сөзсүз жабыркатат. Мастерди туура тандоо өтө маанилүү. Эӊ негизгиси химия менен тармалдатуунун технологиясын билүү зарыл. Заманбап каражаттардын жардамы менен тармалдатуу учурунда чачты күйгүзбөй зыяндуулугун азайтып алууга толук мүмкүн. Тармалдатуудан кийин чачты кайсы бир убакытка чейин жуубай туруу керек. Муну сизге мастериӊиз сөзсүз эскертиши зарыл. Химиялык тармалдатуунун эӊ белгилүү түрлөрүнө токтололу:

Кислоталуу химиялык тармалдатуу

Тармалдатуунун бул түрү - эӊ белгилүү жана алгачкылардан пайда болгон процедуралардын бири. Химиялык кислота – чачтын кадимки абалына тереӊ кирип, тез жана узак мөөнөткө тармалдатат. Кислоталуу химиялык тармалдатуу жоон, катуу жана кайраттуу чачтарга сунушталат. Плойка менен тармалдатса катуу чачтарды тармалдатууга чоӊ жардамын тийгизет. Терс тарабы – химиялык каражаттын жагымсыз жыты жана чач катуу болуп, тароого кыйын болуп калат. Мындан сырткары, денеге аллергия берүү мүмкүнчүлүгү чоӊ. Процесс учурунда ар түрдүү диаметрдеги пластикалык тармалдаткычтар колдонулат. Кислоталуу химиялык тармалдатууда чач 6 айга чейин тармалдуулугун сактай алат.

Калий менен тармалдатуу

Мында чачты тармалдатуу үчүн аммиак жана гликоли кислотасы колдонулат. Чачтын бардык түрүнө жасоого болот. Бирок, адистер өтө катуу жана көп жабыркаган чачтарга аталган процедураны сунуштабайт. Кислоталуу химиялык тармалдатууга караганда өтө жумшак болуп, тармалдар табигый көрүнүп калат. Зыяндуулугу – ичке чачтар сынып, мурунку абалын толук жоготот. Аталган химиялык каражат процедура учурунда чачта 40 мүнөт турат да, шампунсуз жууп салуу керек. Мындай тармалдар чачта үч айга чейин сакталат.

Тармалдатуудан кийинки чачка кам көрүү

Бул ыкма менен чачты тармалдатуу адатта сүрөттө көргөндөй жалтыраган, даана тармалдуу чачты убадалабайт. Тармалдатуудан кийин айрыкча экинчи жолку химиялык тармалдатуу болсо чач кургак болуп өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Мындайда кандай кам көрүү керек? Биринчиден, жумасына бир жолу сөзсүз түрдө азыктандыруучу маскаларды колдонуу керек. Өсүмдүктөрдөн жасалган каражаттар менен жуу зарыл. Мындан сырткары, чачты фен менен кургатпоо сунушталат. Чачты тароодо тиштери сейрек болгон тарак колдонуу керек.

Мария Ермекова, мастер:

«Күйгүзүлгөн чачка химия жасоого болбойт»

- Бүгүнкү күндө чачты тармалдатуунун жолдору көп. Өнүккөн технологияда сулуулук тармагында да болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болууда. Эгер чачты узак убакыт тармалдатууну кааласа адистер химиялык тармалдатууну сунуштайбыз. Ошто химиялык тармалдатуунун эки түрү колдонулат. Биринчиси - кореялык тармалдатуу болсо, экинчиси орусиялык болуп. Экөөнүн айырмасы химиялык каражаттын курамында. Кореялык тармалдатуунун чачка зыяндуулугу жокко эсе. Мында тармал аз убакытка эле чыдайт. Ар жууган сайын тармалдуулугу жазыла берет. Ал эми орусиялык тармалдатуу зыяндуулугу болгону менен тармалдуулук узак убакытка сакталат. Албетте, азыркы учурда жабыркаган чачтарды калыбына келтирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан тармал чачты жактырган айымдар үчүн химиялык каражаттын зыяндуулугу тоскоол боло албайт. Химиялык тармалдатууну чачы өтө суюк чачтарга жана күйгүзүлгөн чачтарга такыр сунушталбайт. Анткени, химия чачты өтө көп түшүрөт.

«Кээ бир чачтарга химия жагат»

- Чачка кам көрүүнүн жолдору көп. Чачтын түрүнө карап түрдүү маскаларды колдонуу чачка аябай пайда. Кээ бир учурда чачка химия жагат. Химиядан кийин коюуланып өсүп, өӊүнө чыгат. Кээ бирине такыр жакпай, чачты түшүрүп салат. Бир жасалган химия  3 же 4 айга жетет. Андан кийин чач өсөт да тармалдуулук ылдыйга түшөт. Андайда кырктырып коюшса болот.

Чач тууралуу кызыктуу фактылар

• Чач тынымсыз өсөт. Түнкүгө салыштырмалуу күндүзү жана күз мезгилинде тез өсөөрү белгилүү.

• Чоӊдордо чач айына 15 мм. өсөт.

• Жалпысынан, орто эсеп менен адамдын башында 100-150 миӊ чач чыгып жана түшүп туруучу фолликулдар бар.

• Нормага ылайык күнүнө 70-80 тал чачыбыз түшөт.

• Чачтын үлгүсү аркылуу анын ээсинин жынысын аныктоо мүмкүн эмес.

• Чач түшкөн сайын анын ордуна кайра башкасы өсүп чыгат, бул 20 жолу кайталанат.

• Чач адамдын организминдеги тез өскөн ткандардын бири.

• Гиннес рекорддор китебине кирген кытайлык айымдын чачынын узундугу 5,627 метр.

• Адамдын бир тал чачы 100 грамм салмакты көтөрө алат.

• Аялдардын чачынын тамыры эркектердикине салыштырмалуу териге 2 мм. тереӊ жайгашкандыктан, алардын таз болуу мүмкүндүгү төмөн.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 535 жолу