Версия для печати
Вторник, 17 Март 2020 07:18

Ардактуу жолчулар: «Жол – биздин бүтүндөй өмүрүбүз»

Кесипадамжашоосундагыалгачкытандоосу. Ал тандоо менен өмүр бою жашайт. Ошол үчүн кесипти туура тандоо өтө маанилүү. Аны аздектеп, таптап элге таанытуу кесипкөй инсандын иши. Бүгүн биз кеп кылчу кесип ээлери – Советтер Союзунун нагыз жолчулары. Айдоочунун коопсуздугун өзүнүн коопсуздугунан жогору койгон инсандар. Кышын, жайын кабак-кашым дебей жолдо күн кечирген ардактуу кесип ээлери бул аптабыздын каармандары болмокчу. 

Абдыганы Турдукулов, ардактуу жолчу:

«Мен Тянь-Шань» тасмасынан таасирленгем»

- Кичинекей кезимден техникага аябай кызыкчумун. Сегизинчи классымда трактор айдап чөпкө чыгып, акчага иштечүмүн. Андан тапкан пайдага мектепке кийим кылат элем. Негизи жолчу кесибине «Мен Тянь – Шань» тасмасынан таасирленгем. Биздин убакта эмгекти биринчи орунга койчубуз да. Иштесеӊ тиштейсиӊ деген максат менен жашачубуз. Азыркыдай оӊой оокат жок. Мектепти аяктагандан кийин алгач политехникалык институтка тапшыргам. Аны аяктагандан кийин айдоочу болуп иштедим. Кийин жолчу кесибине ээ болдум. Жол кыймылы кызматында жолдо иштөөгө которулдум. Жолдун иши чынында оор. Мындагы инсандар өз кесибинин фанаты болушу керек. Болбосо бир кыштан чыкпай эле таштап кетишет. А биз тескерисинче, ишке чыкпай калсак кыжаалат болобуз. Атүгүл үйдөгү жубайыӊ деле аба ырайы бузулса, кар же жамгыз жааса «жолуӊар кантти экен, эмнеге үйдө жүрөсүӊ, жолго чык?!» деп тынчсызданып калат. Эӊ оор убак кыш мезгили. Тайгак жолдордо кудайлап жүрүп унааларды өткөрөбүз. Тынымсыз туз себилип, айдоочулардын коопсуздугун көзөмөлдөп турабыз. Быйыл бул тармакта иштегениме 38 жыл болот. Эч качан башка кесип жөнүндө ойлонгон эмесмин.

«Жаӊы жол салдык, бирок эскилерин да сактап калдык»

- Азыркы жолдордо бир-эки эле чукурларды кезиктирсек, биз жумушту жаӊыдан баштаган жылдарда жолдордо бир-эки эле бүтүн жерлерди кезиктирээр элек. Калган жерлердин баары чукур. Ошол шарттарда да тынымсыз иштеп, жолоочунун коопсуздугун камсыздап келебиз. Жаӊы жолдорду салдык, аны менен катар эски жолдорду да сактап калдык. 2003-жылы мамлекет «Ардактуу жолчу» наамын ыйгарды. Эмгегиӊ бааланганы өзгөчө бир сезим экен. Кубандык, жумушубузга болгон кызыгуу артты. Жол – биз үчүн өмүр. Дал ушул жолдо өстүк, өндүк. Жакшылыктарды көрдүк, жамандыктарга чогуу күбө болдук. Өмүрүбүздүн баары ушул жолго ширелишип кала берди. Жолчулар караган көз менен жолду башкалар карай алышпайт.

Абжали Адышев, ардактуу жолчу:

«Кесипти мага ишкана берген»

- Армиядан келгенден бери ушул ишканада эмгектенип келем. Быйыл 42 жыл болот экен. Алгач орто билимим менен эле айдоочу болуп жумушка киргем. Кийинчерээк ишкана мени алты жыл окутту. Күндүзү иштеп, түнү окучумун. Окууга кеткен каражатты бүт ишкана төлөдү. Жалпысынан жолчу кесибин мага ушул ишкана берген. Жаӊы жумушка келгенимде жакшы жетекчилерге туш болдум. «Колуӊда метр, калем, ручка дептер болушу керек» деп айтат эле. Жетекчи колун чөнтөккө салып туруп алып, кызматкерлерди иштете албайт. «Жетекчи качан өзү көрсөтүп иштегенде гана кызматкер аны ээрчийт» деп өзү биз менен катар жүрүп иштечү. Кийин профком болгонумдан кийин мен да ошол тактиканы колдонуп иштедим. Биз жолчу болгондон кийин чоӊ жоопкерчилик бар. Чукурларды оӊдоо иштерин карайбыз. Кышында катуу суукта жол тазаланып, кар толугу менен эрип, асфальт көзгө көрүнмөйүнчө үйгө кетпейбиз. Эки-үч күн жолдо өтөт күнүбүз. Уйку да жок, тамак-аш да жок иштей берчүбүз.

«Сегиз айга чейин маяна албай иштеген күндөр болгон»

- Учурда жолчуларга шарттар бир кыйла жакшырган. Техниканын жардамы менен бир аз да болсо жеӊилдик бар. Айлыктар убагында берилип, эмгектерибиз бааланып калды. Мурун сегиз айга чейин айлык албай иштей берчүбүз. Азыркыларга окшоп акчасы аз экен же төлөбөйт экен деп кетип калуу деле болбоптур. Кесипке катуу байланган экенбиз, айлыксыз иштөөгө да кайыл элек. Ошол эмгектерибиз бааланып, 6 жыл мурун «Ардактуу жолчу» наамын алдым.

Халил Конобаев, ардактуу жолчу:

«Жылдан жылга асфальтталган жолдор узарууда»

- 1990- жылы жол кыймылы мекемесине айдоочу болуп ишке киргем. 2000-жылы жол мастери болуп которулдум. Ошондон бери жолдомун. Кышында суукка карабай, жайындагы ысыкка карабай элдин коопсуздугу үчүн жан аябай иштедик. Быйыл иштегениме 30 жыл болот. Актилек-Папан-Кожокелен жолун карайм. Мурда Папанга эки, эки жарым саатта жетсек, азыр 45 мүнөттө жетебиз. Себеби, жолдор асфальтталды. Бул да болсо ишкананын жетишкендиги. Элдин жашоо тиричилиги жолго байланыштуу болгондон кийин жолдогу шартты жакшыртуу алгачкы максаттарыбыздын бири. Учурда дагы көп иштер аткарылып жатат. Жылдан-жылга асфальтталган жолдор көбөйүүдө.

«Азыркы жаштар жолчу болуудан уялышат»

- Мен «Ардактуу жолчу» наамын былтыр алдым. Ошол мезгилде уулумду үйлөндүрүп, той менен алек болуп жүргөм. Ишкана жетекчиси күтүүсүздөн медаль тагып, сүйүндүрдү. Мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулуп, эмгектин бааланып жатканы өзгөчө сезим экен. Жаш баладай кубанып, жумушубузга болгон эргүүбүз күчөдү. Дагы да болсо ишибизге жоопкерчиликтүү карап калдык. Азыркы жаштар бул кесипке кызыга беришпейт. Кызыгышса да узак чыдашпайт. Жаштар келип иштейт. Бирок, жолдо туруп чукурларды оӊдойбуз, формаларыбыз эски. Элдин көзүнчө андай шартта иштегенден уялышат экен. 30 жыл иштеп менде эч качан андай сезим болгон эмес. Мен жол тармагында акчасы үчүн да, башка жеке кызыкчылык үчүн да иштеген эмесмин. Жасаган ишим мага эле эмес, элге да пайда алып келсин деген максат менен иштедим. Жолдон бир эле ташты чекеге жылдырып коюу канча сооптуу иш.

Капар Шарипов, ардактуу жолчу:

«Оор жумушта иштөө үчүн эрк керек»

- 1992-жылы март айынан бери айдоочу болуп иштеп келем. Негизи жумуш өтө оор. Ошол оорчулукка чыдап, кесипти аягына чейин сүйүп алып кетүү эрктүүлүктү талап кылат. Биздин кесип да Советтер Союзунан тарбияланып калган адамдар аркылуу ардактуулугун жоготпой келет. Жылуу кабинетте, креслодо отуруп жеӊил турмушту кыялданбай, элге кайсы тармактан болбосун пайдаӊ тийишин каалаганыӊ демек эрдик. Жолдо жүрүп көп окуяларга туш болобуз. Айдоочулардын кайдыгерлигин көрүп зээним кейийт. Кышында жайкы дөӊгөлөктөр менен жолго чыгып алышат. Жолдорду күрөп, тайгак болсо туз сээп, колубуздан келишинче чуркап жүрсөк жайкы дөӊгөлөк менен келе жаткан унааны көргөндө ачууӊ келет.

 

Бактыгүл Калдарбай кызы

Сүрөт: Сыдык Токонов

Окулду 372 жолу