Версия для печати
Понедельник, 23 Март 2020 06:26

Жарма

Жарма максымдан аш болумдуулугу менен айырмаланып, курсактын токтугун узакка сактайт.  Тердетүүчү касиетке ээ. Анын негизги курамын талкан менен суу түзөт. Алгач буудайды кууруп алабыз да аны жаргылчакка тартып талканга айлантабыз.

2 аш кашык унду койдун тоӊ майына 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Куурмач кызарып чыккандан кийин анын үстүнө муздак суу куябыз. Суу кайнап чыкканда ага талканды себелеп аздан салганча тынбай аралаштырабыз. Жарманын суюк же коюу болуусу ар кимдин табитине жараша болот. Ал муздагандан кийин коюлуп кетерин эскерте кетебиз. Ошол себептен талканды сууга ченеми менен гана салуу сунушталат. Мисалы, нормалдуу өлчөм 10 литр сууга 250 грамм талкан туура келет. Талканды суу жаӊы куюлганда да салса болот, бирок аны кайнаганча тынбай аралаштырып туруу керектелет. Талкан менен суу жакшы аралашып, кайнап чыккандан кийин 20-30 мүнөт дагы кайнатабыз. Тузду татымына жараша саласыз. Оттон алынган соӊ жарма даяр болот, анын табын кайтарып, айран менен сүзмө кошуп ичсе табитти ачат.

Окулду 304 жолу