Версия для печати
Понедельник, 23 Март 2020 06:27

Бозо

Бозо – ачкыл тамак, ичимдик. Ошол эле учурда бозонун дарылык касиеттери бар экени белгилүү. Бул суусундук заара айдоочу болгондуктан, бөйрөк ооруларына жакшы. Бирок кан басымды көтөрөт. Аз кандуулар ичсе, гемоглобинди көтөрүүгө жардам берет.

Бозону даярдоо ыкмасы

Угутту даярдоо

Буудайды өндүрүп, угутту эт туурагычтан өткөрөбүз. Узак убакыт сакталыш үчүн көлөкө жерге жайып кургатып алабыз.

Бозо-таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик. Бозо салууда адегенде шак сууга чыланып 1 күн ачытылат, андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты кошуп, 1 сааттай бышырабыз. Бышырган шакты муздатып, угут кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Андан соӊ ачыткы кошуп, жылуулап жаап коебуз.  Ал ошол калыбында 6-8 саат бою ачыйт. Ачыгандан кийин баштык менен идишке сүзүлүп алынат. Көп ачып кетсе бозо кычкыл болуп калат. Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз май кошуп, ысытып ичсе жакшы. Мындай бозо «кара куурдак» деп аталат. Аны сыркоолоп, чыйрыгып жатканда же күчтүү тамактан соӊ ичсе, тамакты тез аш кылууга, сыркоонун жеӊил өтүшүнө жардам берет. Элдик медицинада бозонун организмге оӊ таасирин тийгизген бир топ дарылык касиеттери белгилүү. Бозо ачып кетпеши үчүн муздак жерде сакталат.

Окулду 465 жолу