Версия для печати
Понедельник, 23 Март 2020 06:32

Башараткан Чолпонбай кызы: “Чоӊ атам Сталинградда оӊ колунан оор жаракат алган”

-Мен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кыдырали Назаровдун небересимин. Чоӊ атам  1911-жылы Ош облусунун  Кара-Кулжа районуна караштуу Октябрь айылында төрөлгөн. Жаштайынан теӊтуш балдарынын алдында өзүнүн зээндүүлүгү, чыйрактыгы жана жашоого болгон умтулуусу менен айырмаланчу экен. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соӊ өз алдынча окууларды мыкты жетишкендикте бүтүрүп, көптөгөн тыӊгылыктуу жумуштарды аркалаган. 18 жаш кезинде комсомол комиссиясында секретарь, ак батырак болуп иштеген. Андан сырткары Совет районунда башкы зооветадис, 1936-42-жылга чейин Куршаб райисполкомдун инспектору болуп эмгектениптир. Мына ушундай түркүн тармактагы кызматтарды аркалагандан кийин Улуу Ата Мекендик согуш башталып эр азамат, кыргыз жараны патриот инсан катары "чептен эрдин күчү бек" деген ураан менен согушка аттанат. Көп убакыт душмандан жалтанбай кашык каны калгыча кармашып  1944-жылы Сталинградда оӊ колунан катуу жаракат алып,  госпиталда  согушка жараксыз деп табылып өз жерине кайтып келген.

“Өзүбүздү эле эмес, өзгөлөрдү да айкөлдүккө тарбиялады”

-Арадан көп убакыт өтсө да чоӊ атам өзүнүн кадыр- баркын жоготпогон, колу ачык инсан болгон. Өзү тасма уруусунун тукуму болгондуктан, тасмамын деген адамдын баарына эле акча, буюм тамак аш берип, айтор айкөл киши болгон десем жаӊылышпайт чыгаармын.  Үй-бүлөсүн адал оокат, барчылык менен чоӊойткон чоӊ атам бардык инсандарга түшүнүү менен карап кол созгон. Мисалга алсак, жумурай журтка белгилүү атагы аттын кашкасындай таанымал обончу, аткаруучу, композитор  Рыспай Абдыкадыров атабыз кезинде өз максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн  окууга кирүүнү көздөп  чоӊ  атамдын колунда семичке чаап, андан башка да көр-тиргилигине жардам берип жүргөн. Айтор айта берсем сөз көп сыяктуу өӊдөнөт. Мурунку Совет азыркы Кара Кулжа районунун көп аксакал адамдары Кыдыралинин небереси болобуз десек, “Баягы кишиби?” - деп дароо таанышчу. Анткени чоӊ атабыз баарынын ата-жотосун билген санжырачы эле. Өзүбүздү эле эмес, өзгөлөрдү да тектүүлүккө, айкөл, калыс болууга адал  ичип, акыйкат сүйлөөгө үйрөткөн. Ошентип көп кызматтарда иштеп соӊунда Советтик партиялык кызматта жумуш жасап жүрүп пенсияга чыккан. Бала- чакасынын, неберелеринин бактылуу көз ирмемдерин башынан өткөрүп бактылуу бейпил карылыктын доорунда 99 жашында ааламдан өткөн. Азыркы күнгө чейин чоӊ атамды эскерип, маек курууга чакырган инсандар өтө көп. Окуучу кезимде  чоӊ атам үчүн китеп чыгарып, басып өткөн өмүрүн баяндап, калемиме таандык ырларды жазган элем.  Азыр колумдан келишинче маалымат бергенге аракет кылдым.  Менин бир гана тилегим! Өз атамдын аты Чолпонбай. Экинчи атам көптү көргөн Кыдыралинин үзүлгөнүн улаган, баскан жеримден чаӊ чыга тургандай кыргыздын нукура кызы болсом дейм.

Окулду 162 жолу