Версия для печати
Среда, 25 Март 2020 16:23

Гүлайым Мурзаева, журналист:"АКШда онлайн иштөө системасы абдан өнүккөндүктөн, карантинде ишканалардын бардыгы үйдөн иштөөдө"

"Үйдөн чыкпасаң, сенде да маселе жок, башка бирөөгө да маселе жаратпайсың"

Covid-19 илдети күндөн күнгө тамырын жайып барууда. Аны менен күрөшүүдө алдыңкы державалар да алсыздык кылууда. Дүйнөнүн 182 өлкөсүндө катталды. Бүгүнкү күндө илдетке кабылгандардын саны боюнча алдыңкы үч илтикте Кытай, Италия жана Америка турат. Америкадагы мекендештерибиздин учурдагы абалын билүү үчүн Чикагодо жашаган Гүлайым Мурзаевага байланыштык. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү билдирди.

Гүлайым Мурзаева, журналист, АКШда жашайт:

"Америкада онлайн иштөө системасы абдан өнүккөндүктөн,  ишканалардын бардыгы үйдөн иштөөдө"


-Учурда 13-марттан баштап Америкада карантин. Ошол күндөн тарта эрежеге баш ийип, биз да үйдөбүз. Эч жакка чыкмай жок. Конокко баруу, конок тосуу токтотулду. Окуу жайлар, мектептер жабылды. Америкада онлайн иштөө системасы абдан өнүккөндүктөн,  ишканалардын бардыгы үйдөн иштөөдө. Үйдөн иштөө жумушка эч кандай кедергисин тийгизбейт. Офисте кандай иштесең, үйдөн деле так ошондой иштерди жасап, айлык акы алсаң болот. Окуу системасы да онлайн жүрүүдө. Мугалимдер күн сайын тапшырмаларды ата-энелердин электрондук дарегине жөнөтүп турушат. Биз балдарыбызга окутуп, тапшырмаларды аткарып, кайра жиберебиз. Күн сайын текшерилип, аткарылбай калган көнүгүүлөр болсо, кайрадан жөнөтүшөт.
Ошондой эле  программа боюнча эки күндө бир видео аркылуу бардык окуучуларды кошуп талкуулашат, суроолорго жооп беришет. Бул абдан жакшы. Балдар окуу программасынан калбай билим алышууда. Убактысын да туура пайдаланышууда.

"Зарыл учурда гана көчөгө чыгууга болот"

-Тамактанчу жайлар да ишин токтоткон. Бир гана жеткирип берүү үчүн иштеп жатышат. Транспорттор да көчөдө азайды. 22-марттан баштап кечки саат 5тен кийин көчөгө чыгууга тыюу салынды. Бир гана зарыл болгон учурда даары канага, ооруканага, азык-түлүк алуу үчүн маркеттерге же бензин куюу үчүн чыкса болот.

"Баягы кооз, шаңдуу  шаар жок"

-Жер-жерлерде полиция кызматкерлери абдан активдүү иш алып барышууда. Карантин болгон күндөн бери көчөгө чыга элек болчумун. Кечээ азык-түлүк алуу үчүн чыктым.  Көчөдө адамдар аз. Баягы кооз, шаңдуу  шаар жок, аны сезген жокмун. Бирок, маркеттин алдында адамдар көп. Баары бир-биринен этияттанып,  аралык сактайт. Азык-түлүктөр мурдагыдай эле. Бир сыйра жаңылоо болуптур, бирок макорон, ун, шекер, ак май, гүрүчтү тапканга болбоду. Дүйнөгө тамаша болгон даараткана кагазы такыр эле жок.

"Илдетке кабылгандар кайдан жуктуруп алганын билишпейт"

-Көчөгө чыкканда үч метр аралыкты сактоо керек. Эс алуучу жайларды, орундуктарды жаап, жыйыштырып коюшкан. Парктарда сейилдөөгө болот дешет. Биз күн ачык күндөрү бир-эки жолу чыктык. Бирок, илдетке кабылып калган адамдардын маегин окусам, баары эле кантип жуктуруп, вирус каяктан келгенин билбейт. Ошондуктан, үйдөн чыкпасаң, өзүңө да маселе жаратпайсың, башкаларга да. Сен да тынч, жакындарың да тынч болот.

Жумагүл Кочкорбай кызы

Окулду 432 жолу