Версия для печати
Среда, 15 Апрель 2020 06:52

Ормош Осмонов: "Тургундар түшүнүү менен кабыл алып, жамгыр жааган учурда суунун запасын камдап алуусу зарыл"

 

 

"Суу белгилүү убакытка өчүрүлөт, камдап алыңыздар!" Бул ар жазда жаан-чачынга байланыштуу тургундарга эскертүүчү кулактандыруу. Быйыл жазды тургундар үйдө өткөрүүгө мажбур. Бул шартта суунун үзгүлтүккө учурашы жагымсыз маанайды тартуулоосу мүмкүн. Шаар тургундарына так маалымат жеткирүү үчүн Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмоновго байланыштык. Ал өз сөзүндө суунун ылайланышы белгилүү чекке жетсе токтотууга туура келерин билдирди. 

 

"Жамгырдын көп жаашынан улам суунун ылайланышы белгилүү нормага жетсе  токтотпоско айла жок. Кээде жамгыр көп жааса да  ылай болбойт. Андайда суу берүү үзгүлтүккө учурабайт. Эки-үч күндөн бери түнү өчүп, эрте менен берилүүдө".

 

Ошондой эле Осмонов тургундар түшүнүү менен кабыл алып, мындай жагдайга даяр болуп, суунун запасын камдап алуу керектигин кошумчалады.

 

"Биз сууну токтотобуз же токтотпойбуз деп айта албайбыз. Баары жагдайга жараша болот. Бирок, тургундар түшүнүү менен кабыл алып, жамгыр жааган учурда суунун запасын камдап алуусу зарыл. Эгер эки күнгө өчүрүлө турган болсо, анда сөзсүз кулактандыруу берилет".

 

Жумагуль Кочкорбай кызы

Окулду 296 жолу