Версия для печати
Вторник, 19 Май 2020 06:26

Дилшат Мамажанов, дарыгер: «Карантинден чыктык деп бейкапар болууга али эрте…»

13-майга карата  өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1044кө жетти. Бактыга жараша, анын 726сы ооруканадан айыгып чыккан. Ал эми өлкөдө 11-майдан тарта өзгөчө абал жоюлуп, карантинге алынган шаарларда акырындан кыймыл жандана баштады. Бирок, адистердин айтымында, вирусту жеӊдик деп эсептөөгө азырынча эрте. Бул тууралуу Ноокат райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Дилшат Мамажанов кенен айтып берет.

«Баарынан да дарыгерлерге кыйын болот»

- Коронавирус өлкөдө катталды деген күндөн тартып эле ооруканада тынымсыз иштеп жатабыз. Оору кандай болду, ким кандай жеӊди, ким кандай ооруду, баарын көрүп келүүдөбүз. Албетте, дарыгерлерге кыйын болот. Эки айдан бери тынымсыз иштеп жатабыз. Же айлыктары толук берилбейт. Жөнөкөй эл ишенгени ишенип, ишенбегени танып жүрө берет экен. Биз оорудан кол астыбызда каза болгонун көрдүк. «Мындай оору жок, бул дагы «өйдөдөгүлөрдүн» саясаты да» дегендер болууда. Жок, коронавирус учурда дүйнө элинин шаштысын алууда. Бактыга жараша, биздин тийиштүү тараптар убагында чараларды көргөнү үчүн вирустун кеӊири жайылуусуна колдон келишинче бөгөт коюудабыз. Биздин ооруканада жалпысынан 110 адам вирустан айыгып, үйүнө чыгарылды. Тилекке каршы, үчөө каза болду. Азыркы учурда вирус жуктурган бир кесиптешибиз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Негизи биринчи курамдагы медицина кызматкерлери баары кыйналышты. 3 бейтап каза болгондон кийин вирустун кантип алдын алуу керек, эмне кылуу керек үйрөнүп, учурда колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз. Бишкектен келген реаниматолог балдар "коронавирус чын эле бар турбайбы? Силерге рахмат, ушундай абалга чыдап иштеп жатканыӊарга"дешти. Өзү оорукананын ичиндеги атмосфера аябай оор. Адам бир саатта чарчап калат.

«Эл ооруну олуттуу кабыл алса, биздин жеӊиш»

- Карантинден чыктык деп азыр көчөдө адамдар бет кабын да такпай коюшуптур. Базарлар ачылып, элдин кыймылы көбөйгөн сайын талаптардын аткарылбашы ошончолук жогорулайт. Албетте, түшүнөм, жашоо үчүн тиричилик керек. Бирок, кырдаал дагы эле курч турат. Себеби, оорунун толкундары деген бар. Башка аймактардан, башка өлкөлөрдөн келип аткандар болууда. Эгер алар менен кошо вирус келе турган болсо, ал башка толкун менен келет. Карантиндин жалпы талаптарын баарыбыз биргеликте сактабасак көйгөй жогорулайт. Себеби, вирус көзгө көрүнбөйт. Атүгүл, симптомдору да байкалбай калууда. Бирок, ал адам ооруну алып жүрүүчү болуп калат да, жайылтат. Биз ооруну жеӊдик дегенге азырынча өтө эрте. Ошондуктан элден суранып кетер элем, дистанцияны сактап, бет кап менен тынымсыз антисептик каражаттарын колдонуп турууну. Эл көп чогулган жерде көп жүрбөй, зарылчылык болбосо үйдө болууну суранам. Элдин ооруну олуттуу кабыл алып, этияттык мамиле кылышы дарыгерлердин жеӊиши болууда.

«Вирус организмдеги иммунитеттин төмөндөшүн күтөт»

- Азыркы учурда «биздин организм күчтүү, вирусту оӊой эле жеӊебиз» деген пикирлер көп. Атүгүл оорулуулардын арасында да вируска ишенбегендер бар. «Силер болбогон нерсени айтып жатасыӊар» деп бизди жаман көрүшөт. Коронавирус аныкталганын укканда "мен ооруп калдым" деп күлүп тамашалашышат. Изоляцияга киргизип койгондон кийин олуттуу оору экенин түшүнүп ыйлашат, коркушат, стресс болушат. Балким, ошондон деле канындагы кант өлчөмү көтөрүлүп жаткандыр. Айтор, эл-журтка да айтарым, сак болуӊуздар! Бул жомок эмес, бул чыныгы өлүмгө жеткирчү оору. Эгер вирус организмге түшкөн болсо, ал иммунитеттин төмөндөшүн күтөт. Качан гана организм начарлай баштаганда күч ала баштайт. Орусияда оорудан айыгып чыккан бейтапта иммунитети түшүп кеткенде кайрадан пайда болгон учур катталды. Ошондуктан так бир чечимге келип, бейкапар болуу азырынча кооптуу. Эгер Орусияда катталган вирус менен биздин өлкөдө катталган вирус бириксе, анда бизде мутация башталып кетет. Мындай учурда илдетке каршы туруу кыйын болуп калат. Өлүм көп болуп кетиши мүмкүн. Бизде ден соолугу соо, иммунитети күчтүү абалда туруп эле каза болгон учурлар катталууда. Алардын баары дал ушул Орусиядан жүк ташуучу унааларда качып, чек аралардан жашынып өтүп келгендер болууда. Каза болгон адамдын денесинен анализ ала албайбыз. Вирустун бар же жок экенин айта албайбыз. Эмнеден улам каза тапканын аныктай албай жатабыз. Жалгыз божомолубуз вирустун бириккени болушу мүмкүн деген гана болууда.

«Күнүм ооруканада өтүүдө»

- Учурда биз ооруканада мурункудай тартипте эле иш алып баруудабыз. Күнүнө беш-алты сааттан иштейбиз. Калган убакытта ар кимиси өзү менен алектенет. Кээ бири китеп окуйт, кээ бири жакындары менен сүйлөшөт. Мен бөлүмдүн жетекчиси болгонум үчүн команданы таштагым келбей, өз каалоом менен иштеп жатам. 2 аптада бир жаӊы топ келет, жаӊы топ келсе, алар бөлүмдү, бейтаптардын оору тарыхын жакшы билишпейт, аларга коргонууну үйрөтүшүм керек. Айтор, бейтаптар менен баштан бери келе жатам, ошондуктан өзүм башынан аягына чейин калайын деп чечтим. Эртеӊ менен коргонуучу кийимдерди кийип, саат 08:00дө текшерүүгө кирем да саат 14:00гө чейин жүрөм. Ар биринин абалы менен таанышам, Бишкектеги пульмонологдор менен онлайн байланышта болуп, аларга маалымат берем. Алар айткан боюнча дарылоо курсун жазабыз. Ошентип түштөн кийин реаниматолог, башка дарыгерлер менен нөөмөт алмашам. Кечки саат 21:00дө кайра текшерүүгө кирип, түнкү саат 00:00-01:00гө чейин бейтаптардын абалы менен таанышып, кайра ошого жараша дарылоо курсун жазып анан чыгып кетем. Анткен менен бейтаптарда ар кандай абал болуп калат, жасалма дем алдыруу аппаратына кошуш керек болгондо же дагы башка чукул абал жаралса чакырышат, жетип келем. Коронавирустун бир жаман жери жакшынакай жаткан адамды деле күтүлбөгөн жерден жыгып коет. Кимдин кант диабети болсо, алардын канындагы канттын өлчөмүн жогорулатып салат. Кант диабети жок адамдар деле келип, канындагы кант өлчөмү көтөрүлүп кеткенине күбө болуп жатабыз.

Бактыгүл 

Калдарбай кызы

Окулду 203 жолу