Версия для печати
Четверг, 28 Май 2020 05:27

Гримдөөчү Айгүл Кыдыралиева: “Актёрлорго сакал, мурут чаптаган эӊ кымбат бааланат”

Киного режиссердон сырткары көрк берген бул гримдөөчүлөр. Алардын эмгеги экран артында, көпчүлүккө байкалбаганы менен кинонун эӊ татаал иштерин алып барышат. Жаш болсо да гримди накта өзүндөй кылып жасаган Айгүл Кыдыралиеванын эмгектерин көрүп, көргөн көзүӊүзгө ишене албай кетесиз...

“Өз кесибим менен иштебедим”

- Айгүл, саламатсызбы? Алгач өзүӊүз жөнүндө маалымат бере  кетсеӊиз?

- Саламатсыздарбы! Мен 28 жаштамын, Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм. Yй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Эжем хореограф “Береке” бий ансамблинин жетекчиси, атам пенсионер, апам печатник болуп иштечү. Yй-бүлөдө сүрөт тарткан эч ким жок, менин бул кесипке кызыгуум теледеги гримдөөчүлүктөн улам ойгонгон. Өзүм туризм академиясынын менеджмент факультетин аяктагам. Бирок кесибим боюнча иштебедим. 17 жашымда салондо визажисттик курсту аяктап КТРКга гримдөөчү болуп ишке киргем. Ал жерде 3 жылдай иштеген соӊ кино жаатына өтүп кеттим. Салондогу визажист, теледеги гримдөөчү жана кинодогу гримдөөчүлүк үчөө үч башка кесип. Албетте, эӊ татаалы кинодогу грим.

“Кээде режиссердун да кызматын аткарып коем”

- Yчөө үч башка болсо салондо окуган билим боюнча кантип иштеп кеттиӊиз?

- Кызыгуу, талант болсо аракет болот. Ал эми аракет, изденүү менен көп нерсеге жетишесиӊ. Алгач аракет менен иштеп жүрдүм, кыйынчылыктар, убарагерчилик көп болду. Кийин Москвага барып атайын гримдөөчүлүк окуусун окуп келгем. Азыр бир гана гримдөөчүлүк эмес, актерлордун костюмдары боюнча да иш алып барам. Ошондо кинодогу адамдын бет түзүлүшү, кийген кийими, толук образын жаратуу менин мойнумда. Кээде 2-режиссер болуп да иштеп коем (күлүп).

“Жакында өзүм грим үчүн жасалма кан жасайм”

- Сынган, кесилген, канаган гримдерди жасаганда кыйналып кетпейсизби? Психикага терс таасирин тийгизбейби?

- Жок, аларды жасаган мага аябай жагат. Канды жакшы көрөм (күлүп). Ошол себептен боевик, триллер жанрындагы кинолор менен иштешкен жагат. Жакында өзүм жасалма кан чыгара баштайм. Грим боектор бар, өтө кымбат болот. Мен Германиянын “kreolan” фирмасыныны боекторун колдоном.  Кинодо алгач иштеп баштаганда өзүм жасап алчумун. Бирок алар анча окшошпой калат.

- Жумушуӊузда эӊ татаалы эмне?

- Эӊ татаалы жана эӊ кымбатка бааланганы сакал, мурут эгүү. Аны бир талдан жабыштырып, нукура өзүнүн сакалындай кылып жасап чыгабыз. Бул көп эмгекти талап кылгандыктан кымбат эмгек катары бааланат.

“Корея, Индиянын кино командасы менен иштешкем”

- Белгилүү кайсыл кинолорду көркүнө чыгардыӊыз эле?

- Негизи Кыргызстанда адискөй 8 эле гримдөөчү бар. Кандай кино тартылбасын баарыбыз менен эле кызматташышат. Мен өзүм иштешкен тасмалар Чыӊгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган “Шамбала” киносу, казактардын “Адалети” сериалы, “Саякбай”, “Исхак Раззаков” жана башка көптөгөн кинолордогу актерлорду боегом. Корейлер менен кызматташып, чакан тасма тартылган. Ал эми Индиянын Болливуду менен да иштешкем. Ал кино буюрса, кийинки жылы көрүүгө сунушталат. Чет өлкөлүктөр эмгегибизге карап, тандап чакырышат. Ар бир эмгегимди сүйүп жасагандыктан өзүм баалайм. Кээде убакыт жетпей калат, кээде каражат жетпей кыйнайт.  Боекторум түгөнүп калып эптеп жасап бүтүргөн учурлар болот. Азыр тасмалар көп тартылып жаткандыктан убакыт болбой иштешүүдөн баш тарткан учурлар көп болуп жатат.

 “Кыргызстандан алгачкы болуп Лондондо номинант болгом”

- Кандай сыйлыктарга татыдыӊыз?

- Мен келишимдин негизинде иштешкен жеке ишкермин. Бир жерде атайын штатта иштебесеӊ мамлекеттик сыйлык алуу кыйын. Кыргызстандан алгачкы жолу Лондондо грим боюнча номинант болгом. Оштогу журналдын тандоосу менен “2019-жылдын мыкты грим сүрөтчүсү” болдум. 2018-жылы Маданият министринин алтын медалы менен сыйлангам. 2021-жылы Лос Анжелеске грим боюнча сынакка барам деп даярданып жатам.

“Тасма талаасында жүрүп тоодон кулап, тишимди сындырып алгам”

- Кино тарткан командага эмгегиӊиз жакпай, келишпестик болуп калган учурлар болобу?

- Жок, андай учурга кезикпедик. Команда баарыбыз бири-бирибиздин жумушубузду жеӊилдетип, жардамдашканга аракет кылабыз. Мага эӊ оор болгону тоодо шарт жок жерде иштөө. Ар кандай аба ырайына карабай иштөөгө туура келет. Жумушумдагы эӊ узун сапар үч айга созулган. Артык Сүйүндүков “Ак кеме” тасмасын тартып жаткан. Ошондо тоого чыгып, жарык жок, шарты жок жашоодо жашадык. Мен жумушума график түзбөйм, бул менин ишим, бул менин ишим эмес, бул учурда иштейм, бул учурда иштебейм деп шарт койбойм. Актерлор менен кошо күнү-түнү иштеп жүрө берем. Алар чыккан зоого, тоого чыгам. Ал тургай бир жолу тоодон кулап кетип оозум менен тийип тишимди сындырып алгам.

 “Бейтааныш адамдар денени көгөрткөн грим жасоомду суранышкан”

- Сиз үчүн грим жасоонун алдында кыздарды сулуулантып коюу аябай оӊой болсо керек?

-  Кыздарды сулуулаганга көп деле буюртма албайм. Себеби убактым болбойт. Ал эми өзүмдү салонсуз эле сулуулап алам. Негизинен клиптерге көп сунуштар түшөт. Бир жолу жаш бала келип “кесиптештер менен кече болот,  эӊ оригиналдуу образга белек берилет” дегенинен кайырчынын образын он мүнөттө жасап бергем. Образы үчүн Дубайга жолдомо утуп алыптыр. Эртеси сүйүнүп, ыраазычылыгын билдирип торт менен шампан алып келиптир. Дагы бир жолу бейтааныш адамдар денени көгөрткөн грим жасап берүүмдү суранышты. Чырлуу нерсеге аралашып калбайын деп андан баш тарткам. Көчмөндөр оюнундагы роликтер тартылганда мага сунуш түшүп, команда менен кызуу иштешкем. Эмгектеримди теледен көрүп кубанып, рахат алып отуруп калам.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 345 жолу