Версия для печати
Пятница, 26 Июнь 2020 04:08

Корукта жайгашкан алты көл

Миӊдеген түркүн-түстүү гүлдөр, өсүмдүктөр менен таанышып, көлдүн, жаратылыштын кооздугуна суктанып, чарчооӊузду жазып келүүнү кааласаӊыз анда Сары-Челекке барыӊыз. Чымчыктардын сайроосу, шаркыраган суунун үнү, салкын шамалы сизди кайдыгер калтырбайт. Баса, бийик тоо арасында жайгашкандыктан бат эле аба ырайы өзгөрүлүп, өткүн өтүп, жамгыр жаап турат. Андыктан жылуу кийимдерди унутпаӊыз. Кол чатыр алып алсаӊыз да ашыкчалык кылбайт.

Албетте, мындай жерге кели- кеткени бир күн жетишсиз. Сөзсүз түрдө жатакана керек. Аны кыйналбай тапсаӊыз болот. Корукка жакын жерде атайын конок үйлөр бар. Ар бири жагдайына жараша шарттарды түзгөн. Баасы да капчыгыӊызга ыӊгайлуу. Бир адамга күнүнө 100-150 сомду түзөт. Тамак-ашты өзүӊүз даярдап же буюртма менен даярдатсаӊыз болот. Ал сиздин эркиӊизде.

Баарына белгилүү болгондой, корукта "Сары-Челек" көлүнөн башка дагы алты көл бар. Алар Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл - Бакалы менен Туюк көлдөрү. Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн коруктун оозунан көлгө чейин 15-20 чакырымды басып өтүү керек. Ал эми алты көлдүн баарын көрөм десеӊиз анда өзүнүзгө ыӊгайлуу бут кийим алып, тоолорду кыдырганы даяр болуӊуз.

Окулду 144 жолу