Дүйнөнү каптаган коронавирус өлкөбүздө дагы деле жашап жатат. Өзгөчө абал учурунда жугузгандардын саны төмөндөп ооруну жеӊүүгө аз калган болчу. Тилекке каршы, өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өткөндө санитардык эрежелер сакталбай оору кайрадан жанданып, көп катталууда. Жуктургандардын көпчүлүгү кайдан, качан жуктурганын билишпейт. Буга байланыштуу кайрадан санитардык талаптар күчөтүлө баштады. Шаар бийлиги тарабынан борбордук базарга, коомдук жайларга текшерүү жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген ишкана, мекемелерге, тамактануучу жайларга айып пул салынып, иштөөсүнө белгилүү мөөнөткө чейин чектөө киргизилүүдө.
“Санитардык-эпидемиологиялык талапты сактабагандарга катуу чара көрүлөт”
Ош шаарында коронавирус жугузгандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу шаар бийлиги санитардык эпидемиялык талаптарды күчөтө баштады. Коомдук жайлар, маршруттук каттамдар жана тамактануучу ашканалар, базарлар текшерилүүдө. Шаар бийлиги тарабынан борбордук базарга болгон рейддерде жеке ишкерлерге бир канча эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди.
-Бүгүнкү күнү Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин протоколдук тапшырмасынын негизинде рейд уюштурулуп жатат. Рейд жети аймактык башкармалыкта теӊ жүрүүдө. Жети аймактык башкармалыкта вице-мэрлер, бөлүмдүн жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери менен биргеликте мобилдик топ түзүлгөн. Өзүӊүздөр көрүп тургандай, жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча башкармалык, ветеринардык кызмат жана башка бардык кызматтар чогулуп рейдде жүрөбүз. Өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өткөндө атайын жобо иштелип чыккан. Ал жерде эрежелер бар. Этап-этабы менен ишке кирген, иш кайрадан жандандырылган мекеме-уюмдар менчигинин түрүнө карабастан биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмди сакташ керек. Мекеме-уюмдар иш баштар алдында бекитилген эрежелер таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан кийин иш башталды. Буга чейин үч жолу рейд жүргүзүлдү. Бирок, дагы деле учурда базардагы алуучулар, кардарлар кол кап, бет кабы жок жүрүшөт. Аралыкты сакташпайт. Сатуучулар дагы эрежелерди эске албай жатышат. Бул боюнча тиешелүү кызматтарга катуу чара көрүлөт. Ал эми бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан тартипти бузган базарларды өзгөчө кырдаалдар комиссиясында бир айга же 10 күнгө чейин жабуу маселеси коюлат.
Талапты аткарбагандар айып пулга жыгылып, 15 күнгө жабылат
Борбордук базарга болгон рейддин башында турган Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров өкмөттүн тапшырмасына ылайык кичи базар жана борбордук базардын ээлерине базардын кире беришине ар бир кардардын, тургундун дене табын өлчөөчү тепловизор коюну дайындап, бет кабы, кол кабы жок тургундарды базарга киргизбөөнү эскертти.
Атайын рейдде таксисттер да текшерилип, талапка жооп бербегендерге айып пул салынды.
Ошондой эле рейдден кийинки шаардык жарандык коргонуусунун штабында талаптарды аткарбаган коомдук жайлар, дүкөндөр, базарлар айып пулга жыгылып, 15 күнгө жабылуу чечими кабыл алынды. Андан сырткары шаар мэринин тапшырмасы боюнча ар жуманын дүйшөмбү күндөрү борбордук базарда санитардык күн деп жарыяланып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.
Коомдук транспорттор да көзөмөлгө алынат
Шаар бийлигинин жогорудагы тапшырмасын улай бардык аймактарда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан да жүргүнчү ташуучу, 125-138-134-135-101- маршруттук каттамдагы кичи автобустарына, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин аткарылышын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү.
Рейд учурунда айдоочуларга жүргүнчүлөрдү бет капсыз чыгарбоо, антисептик каражаттарын нормаларын сактоо, ашыкча жүргүнчү чыгарбоо, Эгерде талаптарды аткарууда кемчиликтер кетирсе мыйзам негизинде жоопкерчилик тартып калуу чаралары эскертилди.
Санитардык-карантиндик өткөрүү пункттары региондон келген жарандарды текшерүүнү күчөттү
Ош шаарынын айланасындагы жайгашкан бардык санитардык-карантиндик өткөрүү пункттарында региондордон келген жарандарды текшерүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле ички иштер органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жана медициналык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугуна өзгөчө көӊүл бурулат. Алардын кесипкөйлүгүнөн, ишке берилгендигинен жарандардын коопсуздугу көз каранды.
Шаардагы санитардык-эпидемиологиялык абалды дагы да жакшыртуу максатында шаарга кирген жарандарга өздөрүнүн жана башкалардын коопсуздугун эске алуусун жана эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.
Эрежелерди сактап, оору менен күрөшүүгө бирге кол суналы
Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай, бет капсыз коомдук транспортторго чыгып, аралыкты сактабай оорунун таралышына шарт түзүп берүүдөбүз. Бет кап тагыӊыз деген айдоочунун, тартип сакчысынын сөзүн кулак сыртынан кетирип, кайдыгер мамиле кылуудабыз. Ооба, кан жаныбызда “Кудай сактасын” деген сөздү сиӊирип, ошол менен гана жашап келебиз. Ал эми “сактанганды сактайт” дегенди унутта калтырган өӊдөнөбүз. Мындай пикирге шаарыбыздын борбордук базарына болгон мэриянын рейддинде ынандым. Күнүмдүк турмуш-тиричиликке кызуу берилип, өз ден соолугубузга, жакындарыбыздын ден соолугуна көӊүл кошпуз. Коомдук базардагы сатуучулар, тамактануучу жайдын ээлери, жумушчулары рейд учурунда гана айып пул төлөп калуу коркунучунан улам бет кабын тагып, антисептикалык каражаттарын коюп калбаса, башка мезгилде эсине деле алышпайт. Анткени учурда адамдар ден соолугубузга караганда көбүрөөк айып пул төлөгөндөн коркуп калдык. Ден соолугубуз өзүбүзгө эмес, бийликтегилерге керек сыяктуу кайдыгербиз. Ооруну “саясат”, “жок нерсе” деп ишенбегендер да четтен чыгат. Чын эле жок болсо, өнүккөн өлкөлөрдө каза болгондор, илдетке чалдыккан миллиондогон адамдар, өзүбүздүн айланабыздагы ооруп сакайгандар эмне үчүн деп ойлойсуз. Өзүбүздү ойлобосок да жакындарыбызды, улгайган ата-энелерибизди жана кичинекей бөбөктөрүбүздү ойлойлу. Аларга ооруну ташуучу болбойлу! Эрежелерди сактап, оору менен күрөшүүгө бирге кол суналы.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Сүрөт: Бекмамат Айдаркулов
Толугу менен...