Версия для печати
Пятница, 26 Июнь 2020 04:46

Т. Сарыбашов: “ Кеӊ-Сай массиви өзгөчө шаарчага айланат”

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кеӊ-Сай массивине бирдей типтеги турак-жайларды куруу боюнча пландалып жаткан долбоорду техникалык кеӊешмеде талкуулады. Ошондой эле аталган массивге курулуп жаткан текстиль фабрикасынын курулушунан кабар алды. Шаар башчысы президенттин региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык, 35 гектар жер текстиль фабрикасын курууга бөлүнүп берилгендигин билдирип, биринчи этабында 4500 жумуш орун түзүлөөрүн айтты.

“Кеӊ-Сай массивин өздөштүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте атайын техникалык кеӊешме өткөрдүк. Текстиль фабрикасын курууга мэрия тарабынан жер бөлүнүп, учурда жеке ишкерлер тарабынан курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Шаар күнүнө карата биринчи этабын ишке берүүнү пландап жатышат. 2021-жылы 11000 жумуш орун түзүлө тургандыгын билдиришти,”- деди Т.Сарыбашов.

Таалайбек Сарыбашов Кеӊ-Сай массивинен 3125 жаран жер алып, 2177синин архитектуралык иш-кагаздары бүткөндүгүн кошумчалады.

«Ак-Башат» долбоорлоо институту тарабынан Кеӊ-Сай массивин өзгөчө шаарчага айландыруу боюнча атайын долбоор даярдалган. Банктар менен сүйлөшүп, ыӊгайлуу шарттар менен акча каражатын алып берип, бирдей типтеги заманбап үйлөрдү курууну пландаштырып жатабыз. Учурда долбоорду ишке ашыруу максатында жердин ээлери менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Курулган үйлөрдө толук шарттар түзүлүп, ипотекалык негизде ишке ашат. Анткени көпчүлүк жер тилкесин алган жарандарыбызда үй куруу шарты жок болушу мүмкүн. Арзандатылган баада үй куруп берсек, жашоочуларга жардам болот. Ал эми суу, газ, свет жана канализация тартуу иштерин «Кыргыз Текстиль» фабрикасынын жардамы менен тартылып, шарттар түзүлөт”,-деп кошумчалады шаар башчысы.

«Кыргыз Текстиль» ишканасынын жетекчилигинин көрсөтмөсүндө фабрика курулган аймакта социалдык обьекттер курулуп, бардык шарттар түзүлөт.

Окулду 272 жолу