Вице-мэр Асылбек Топчубаев өткөн жума Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышып, бир топ иштерине артыкчылык баасын берген. Жылына шаарга 2 миллиондой гүл эгип, калааны жашылданткан комбинат келерки жылдагы пландары менен бөлүштү. Директору Данияр Токторбаевдин айтымында, 2021-жылды түстүү бадалдар келери пландалууда.
Таш дубалда өскөн гүл
- Ишкана жылына канча гүл эгет, кандай иштерди аткарат мунун баарын жыл башында жылдык планга бекитип, шаардык мэрияга беребиз. Жыл сайын аталган иш пландын аткарылышын текшерүү максатына калаа башчы өзү же болбосо тийиштүү жетекчилер келип кетет. Быйылкы жылы вице-мэр Асылбек Топчубаев келди. Аткарган жумуштарыбызды ордунан тааныштырдык. Мындан сырткары, өзүбүз да ар үч, алты, тогуз айда отчет берип турабыз. Мына ошол ишмердүүлүгүбүз менен сиздерди да тааныштыра кетейин: Токтогул паркынын кире беришине тикесинен өскөн вазонго гүл эккенбиз. 10 даана өзгөчөлөнгөн вазондор шаарда биринчи жолу эгилди. Мындан сырктары, Нурматов көчөсүндөгү Уркуя Салиева атындагы гимназиянын таш дубалынынын бетине төрт жерге жандуу гүлдөрдү эккенбиз. Мындагы өзгөчөлүк, сырттан караган адамга таш дубалга гүл өсүп чыккандай элес калтырат. Алар да өзүнчө бир образга салып эгилген.
Деӊиз бетинде сүзгөн эки ак куу
- Курманжан Датка көчөсүнүн Г. Айтиев көчөсү менен кесилишинде ак куунун макети коюлду. Муну өзүбүздүн дизайнерлер иштеп чыккан. Деӊизде сүзүп жүргөн эки ак куунун макети орнотулду. Ал жерге дагы кошумчалай турган иштерибиз бар. Андан сырткары, ишкананын күнөсканасында жылуулук системасы жетиштүү эмес болчу. Быйылкы жылы өздүк каражаттын эсебинен күнөсканаларыбызга альтернативдүү меш коюлуп жатат. Бул жылуулук системге дагы кошумча эки күнөскана кошулду. 503 510 сомго бүткөрүлдү.
«Эл эс алууга, көӊүл ачууга муктаж»
- Каныкей эстелиги коюлган сквердеги фонтан көп жылдан бери иштебей турган. Быйылкы жылы өздүк каражатыбыздын эсебинен оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Себеби, пандемиядан кийин эл ас алууга, жакшы нерселерди көрүүгө муктаж. Мындай кырдаалды эске алып шаар тургундарынын эс алуусуна мыкты шарттары түзүүнү колго алдык. Жалпысынан 312 422 сом керектелди. Фонтанга 8 насос орнотулуп, элдин эс алуусуна мыкты шарттар түзүлдү.
«110 кубдук насостук станция курулду»
- Билесиздер, Кара-Кысмак питомнигибиз бар. Анда суу маселеси көп жылдан бери чечиле элек эле. Мындан сырткары, электр энергиясын жеткирүү да кыйынга турчу. Мындан улам өзүбүздүн ишканага трансформатор орноттук. 110 кубдук насостук станция курулуп, 120 метрлик суу түтүкчөсү коюлду. Суу тартыштыгы толугу менен чечилди.
Өздүк каражатка акча кайдан түшөт?
- Өздүк каражаттан деп калдым, алар каяктан түшөрүн айтып берейин, башка ишканалар менен келишимдин негизинде иш алып барабыз. Мисалы, быйылкы жылы Кара-Суу шаардык мэриясына 643 миӊ сомдук келишим түзүлүп, аларга гүл эгип бергенбиз. «Туран групп» компаниясы менен 234 425 сомго, Папан айыл өкмөтү менен 10 миӊ, «Ош электро» менен 70 миӊ сомдук келишимдер түзүлгөн. Жалпысынан быйылкы жылга 1 028 913 сом келишимдин негизинде ишкананын өздүк бюджетине түштү. Мындан сырткары, өзүбүздүн күнөсканадан чыккан гүлдөр жеке жарандарга, ишканаларга сатылат. Питомниктен түшкөн каражаттын жалпы суммасы 181 842 сом. Ал эми жеке жарандарга сатылган гүлдөрдөн түшкөн сумма 17 420 сом. Андан сырткары, кыйылган бак- дарактарды сатып түшкөн каражат 74 110 сомду түздү.
770 миӊ даана 7 түстүү виола гүлү
Жылда 2 миллион гүл эгилет. Ушул гүлдөр шаардагы гүл эгилчү жайларга ашыгы менен жетет. Yстүбүздөгү жылда 800 даана голландиялык роза гүлү, 10 миӊ даана канн гүлү, 10 миӊ даана жоогазын гүлү эгилди. Ал эми күзгүгө 1 200 000 сомдук гүл урукка буюртма бердик. Ноябрь айында эгилет. Андан сырткары, суукка чыдамдуу виола гүлүн алып келдик. 770 миӊ даана виола гүлү жети түстө гүлдөйт. Кышында суукка чыдамдуу келип, гүлүн төкпөйт экен. Эгер планыбызга жараша жакшы гүлдөп берсе 2021-жылы эрте жазда дагы эгебиз. Андан кийин жоогазын гүлүн эгебиз. Андан ары жылдагы планыбыздагы гүлдөр эгиле берет.
Кышка даярдык
- Кышта аткарылуучу жумуштарыбыз көп. Гүл эккенден сырткары, жолдогу карды күрөйбүз, туз, кум себебиз. Курманжан Датка, Ленин, Г. Айтиев көчөлөрү бизге карайт. Андагы тазалыкты, музун, карын биздин кызматкерлер карашат. Биздин баланста турган сквер, парктардын карын күрөп, ийне жалбырактуу көчөттөрдүн карын тазалайбыз. Себеби, ийне жалбырактуулар сынып түшүп калышы мүмкүн. Ишканада 25 техника бар, алардын баары иштеп жатат. Бузулуп, оӊдоодо турган техникабыз жок. Эскилиги жеткен техникалар бар бирок, иштеп жатат. Буюрса, кийинки жылга шаар мэринин техникаларыбызды жаӊылап берерин айткан жайы бар.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Фото: Бекмамат Айдаркулов
Толугу менен...