Мал союу – кыргыздын улуттук өнөрү, акыркы мезгилде ал элибизде унутулуп баратат. Меймандостук каада-салтыбызга ылайык, конок күтүү аземинде малды союп, өзгөчө ыкма боюнча жиликтеп, бышырып, устукандап, табак тартуу жөн билгиликти, өзгөчө ыкманы талап кылат. Бирок, тилекке каршы, бул алгылыктуу салтыбыз кийинки мезгилде унутулуп бараткансыйт. Азыркы биздин жаштар айрыкча шаардыктар, ал тургай алардын айрым орто жаштагылары да мал сойгонду, эт бышырууну, коноктун жаш өзгөчөлүгүнө, сыйлуулугуна жараша эт салууну, устукандоону жана эт тууроонуу билишпейт. Мунун негизги себеби, мал сойгонду, жиликтөөнү жаштарыбыз кичинесинен баштап үйөнүшпөгөндүгүнөн болуп отурат. Ушул убакка чейин кой союунун, жиликтөөнүн улуттук ыкмасы (технологиясы), эрежеси жөнүндө жазылган өзүнчө китептердин, колдонмолордун жана көрсөтмөлөрдүн жарыкка чыкпашы да, бул ишти аксатып келген эле. Атүгүл ушул мезгилге чейин жалпы эле улуттук каада-салтыбыздын, кол өнөрчүлүгүбүздүн айрым жактары таптакыр эле эске алынбагандыктан, бул маселе көӊүлдөн сырткары калып келгендиги баарыбызга белгилүү. Мындай кенемтени анча-мынча болсо да толуктоо үчүн мал союунун, устукандоонун кыргыз элиндеги байыртадан бери колдонулуп келе жаткан улуттук ыкмасы жазылды. Муну билүү, ар бир кыргыз үй-бүлөсүнө пайдалуу гана болот.
Төрт түлүк тууралуу
Төрт түлүккө – төө, жылкы, уй, кой кирет да, жандык катары топоз, эчки кошумча мал катары эсептелет. Ал “Төө баштаган бир тогуз” деп аталат. Азыркы муундар уй малы тууралуу маалыматтарды анча биле-туя алышпайт. Аны билип жүрөбүз, жалпы маалымат катары төө, жылкы, уй, топоз, кой-эчки жана алардын өз ара өзгөчөлүктөрү жөнүнөн учкай баяндайбыз.
Төө
“Төө баштаган бир тогуз” (эл сөзү). Бул – Ойсул-Ата тукуму ача туяктуу, кепшөөчү жаныбар. Мунун жаӊы туулганы тайлак (эркек тайлак, ургачы тайлак), бир жаштагысы тай тайлак, эки жаштагысы кунан тайлак, анан бышты төө болуп айтыла берет. Ургаачы төөнү инген (Жабуулу ак инген” төрөп түшкөн, ак этек баскан аялга карата айтылат). Төө күлүгү – желмаян. Бычылган төөнү – атан, өркөчсүзүн – нар дейт. Бышты төөдөн буура. (“Алтымыш жылы атан болгуча, бир күнү буура болуп зиркилде” (эл сөзү). Кыш чилде өтөөрү менен буура кирет. Ал албууттанат, кишичил бууралар киши качырат. Ай бою тамак жебей (тартылат) салынат. Төө – чыдамдуу мал, кырк күнү суу ичпей, чөп жебей жашай алат. Ошондуктан, чөлдүү жерлерди басып, кербен тартат. Аравия чөлдөрүндө, Түркмөнстандын Кара-Кум, Казактандын кургак талааларында төө жаныбары гана чыдап жүрө алат. Төө – дөө малы да болуп эсептелип, каркыралуу көчтүн да, көчүп-конууда конуштун да сөөлөтү болуп саналат. Төөгө көчтү жүктөө өзүнчө өнөр. Анын ээр-токуму чому-кому. Аны да көчтө жасалгалаган. Төөнүн капталы, моюну сайма көчөттөрү, терме таарлар, тор чачыктар менен кооздолуп, жүктөлгөн жүктүн үстүнө килем же шалча жабылат.
Төө жайыт тандабайт. Бардык өсүмдүктөр тамагынан өтө берет. Коко тикен (тоотикен), чогойно, терскен, шыбак, көбүргөн, куурай өӊдүүлөрдү ал жакшы көрөт. Төө он эки ай бала көтөрөт. Жалкы тууйт. Төө тууганда ага ак жоолук салып ага жентек берет. Төө да салат. Төө кымыз жасалат. Жүнү өрмөкчүлүк үчүн баалуу. Бирок, төө жүнү кыркылбайт, тонолот. Төөнүн териси шири идиштерине, көк буюмдарына кайыш жана башкаларга өтө баалуу. Төө семизи эки өркөчүнөн билинет. Төө тайлагын боздоп чакырып, жоктойт.
Төө союу
Төөнү кыбыланы каратып, бата тилеп, чөгөрүп, алдыӊкы, арткы буттарын тиздейт (байлайт). Тиздөө – төөнү чөгөрүп, тизесинен байлоо. Аны матоо деп да түшүнүүгө болот. Төөнү эки жерден мууздайт. Абалы башка малдардай эле кадимки мууздоодон мууздап алат. Анан акыректеги акыркы моюн омурткадан мууздап, моюнду мындай таштайт. (төө моюунун терисинен шири идиштерин, төтөн, көнөчөк жасоого оӊтойлошот). Комдолуп жаткан боюнча көтөн чучукту айланта чыгара тегерет алып, өркөч үстү аркылуу алдына карата жирелип, тактап айтканда төөнүн терисин сыйруу өркөчтөн башталат. Семизинин өркөчү тирсийип, тик болуп, бүтүндөй май келет да, ал түбүнөн кесилип алынат. Май өркөчтүн эки капталындагы кому тилинет. Териси сыйрылары менен капталындагы кабыргалар оморулат, сөгүлөт. Анан ичеги-карындары, өпкө, боорлору, бөйрөк, карын майлары алынат. Негизи, төөнүн сары жүрмөсү желет. Ичеги- карын, тогузкаты жараксыз болуп калат. Төөнүн казысы калыӊ болот. Эӊ артында жылкыныкы сымал казысын тилип алат. Аны чучук кылууда жылкынын ичегиси керек. Же ныктуу келгендиктен эндей бышырылат. Семиз төөнүн төрт таманы май даамданган керчилдек болот. Аны терисинен сыйрып алат. Эти мыкты сүрсүйт. Төөнүн этинин ардактууларына өркөчү, моюн, кыр аркалары, тыштуу кабыргалары, сары жүрмөсү кирет. Урматуу конокторго тартууда мына ушулар эске алынат.
Толугу менен...