Версия для печати
Среда, 14 Октябрь 2020 04:41

Топоз

 «Кар баскан тоонун алаӊда,

Какаары сууктун бар анда.

Казан баш не бир топоздор,

Капталын тосот шамалга»   (Байдылда)

Тоого байыр ача туяктуу, кептөөчү бул малдын жаӊы туулганын мамалак (эркек, ургаачы), бир жашын бир жаштагы мамалак (эркек, ургаачы), эки жаштагысын ноопаз, топоз же кунаажын топоз, андан ары бышты, асый болуп аталып кете берет. Инек (өгүз топоз), тубар топоз, саан топоз дейбиз. Топоз бир жашында биттелет. Ал адата эки жашынан бука салынат. Топоз да, жылкы, уйдай мөөнөттө бала көтөрөт. Топоздун сүтү менен эт коюу, майлуу, ар күчтүү келет. Элде «топоздун жууратына улак тыгылыптыр, сүтүнүн каймагынын үстүнөн чычкан жөргөлөйт экен» деген кеп бар. Топоздун семизи комунан билинет да кому бар топоз деп айтылат. Топоздун сүттүүлүгү жашында демейт. Топоз адата жалкы тууйт. Эгиз тууганынын бир мамалагын уйдукундай бирөөлөргө ырымдап-жырымдап карматат. Топоздун кылтагы, чуудасы, териси турмуш тиричиликте, кол өнөрчүлүктө баага татыйт.

Топоз союу

Бул уйдан айырмаланбай эле союлат. Топоз мамалагын чакырууда коркулдап, чала мөөрөйт. Табак тартууда топоздун эти уйдун этинен айырмаланбайт. Кому, төш керчөөсү уяттуу табакка түшөт. Топоз да уй сыяктуу чалып оттогондуктан олоӊдуу-шибердүү, кара кыяктуу чөптүү жайыттарды сүйөт. Тоолуу жерлерде анын мингичтиги  да, ошого карата чыдамдуулугу бар.

Топоздун аргыны да болот. Аргын топоз менен уйдун аргындашуусунан пайда болгон. аргн көпчүлүк мезгилде күч унаа катары колдонулат.

(кийинки санда жылкы, уй жөнүндө сөз болот).

Сыдык Токонов

 

Окулду 96 жолу