• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Среда, 14 Октябрь 2020 04:46

Кылым карыткан Ош калаасы

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Кылым карыткан    Ош калаасы

5-октябрь – Ош шаарынын күнү. 3020 жылды басып өткөн түштүк калаасы бул күндү салтанаттуу белгиледи. Бул күнгө  арналган майрамдык иш чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, Орусиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. 

«Курулуш, жумуш орундар менен камсыздоо жаатында көп жаӊылыктар бар»

Шаар башчысы Т.Сарыбашов Ош шаарынын элин майрамы менен куттуктап, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, өнүктүрүү эӊ негизги багыт экендигин белгиледи.

«Ош шаарынын жалпы тургундарын жана конокторун шаар күнү менен мэриянын атынан куттуктайм. Негизгиси заманыбыз тынч, мамлекетибиз өнүгүүнүн жолунда болсун. Ош шаарында биринчи социалдык обьектилерге басым жасалып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен учурда эки балдар бакчасы колдонууга берилди, дагы үч балдар бакчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен мектептер курулуп жатат. Эс алуу жайлар бардык шарты менен колдонууга берилип жатат. Эӊ негизгиси шаарда мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери кызуу жүрүүдө. Шаарды ашыкча курулуштардан тазалап, ыӊгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Курулуштар, жумуш орун менен камсыздоо жаатында да көп жаӊылыктар бар. Алардын бири Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү долбоору, ошондой эле унаа курулуш, текстиль фабрикасынын курулуштары кызуу жүрүп жатат. Жеке ишкерлер инвестор тартып, биз жерин бөлүп берип, алгылыктуу иштер аткарылууда. Ош шаары бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда»,-деди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш чаралар уюштурулган жок. Негизги майрамдык салтанат борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болуп өттү.

Курулуш тармагы

Ош шаарында курулуш тармагы тынымсыз өзгөрүп, жаӊыланып бара жатканын ооз толтура айтканыбыз ашыкча болбос. Курулуш тармагында бир топ иштер аткарылды. «Ак-Ниет» эс алуу багы курулуп, Кулатов кичи районундагы жашоочуларынын эс алуусу үчүн мыкты шарт түзүлгөн. “Ак - Ниет” сейил багынын жалпы узундугу 850 метр, туурасы 18-20 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 28 млн. сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2019- жылдын июнь айында башталып, октябрь айында колдонууга берилди. Мэрия келечекте сейил бакты Ак-Тилек жана Жапалак кичи райондоруна чейин кеӊейтүү планын билдирген.

Ак-Буура дарыясынын жээги өзгөрөт

Мэр Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүүдө аткарыла турган иштер боюнча тийиштүү мекеме, ишканаларга тапшырма берип, курулуш иши учурда кызуу жүрүүдө. Долбоордо Ак-Буура дарыясынын эки жээгине веложол, тротуар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши  каралган. Дарыянын жээги жарыктандырылып, отургучтар коюлат. Алгач жээктер таштар менен бекемделип, тосмолор курулат. Мындан тышкары жөө адамдар үчүн көпүрөлөр да салынат. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү, оӊдоо иштери 3 этап менен жүргүзүлөт.

1. Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөгө чейин;

2. Р. Абдыкадыров көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин;

3. Нурматов көчөсүнөн Вахапова көчөсүнө чейин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши жүргүзүлөт;

Жалпы дарыянын 5400 метр аймагы оӊдолот.

Фрунзе базарынын айланасы иретке келтирилди

"Фрунзе" базарынын алды иретке келтирүү иштеринде 8 мыйзамсыз соода түйүнү, 1 тандыр жана 10го жакын башаламан жайгашкан курулуш алынып салынган. Жөө адамдар басуучу жолдогу соода күркөлөр алынып, мыйзамсыз курулуштар бузулду. Базардагы соода түйүндөр бир күнгө жабылып, базар сырты бир түскө боелгон. Мындан тышкары эскирген көрнөк - жарнактар алып салынган.

Шакиров көчөсү кеӊейтилди 

Шакиров көчөсүндө 2 км 400 метр жол асфальтталып, 20 метрге чейин кеӊейтилди. Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду. Мындан тышкары көчө көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруу толук аткарылган.

Каралбай калган парктар оӊдолду

Шаарда каралбай калып кеткен аллеяны реконструкциялоо ишин калаа башчысы Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына тапшырган. Аталган тапшырмага ылайык, Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Исанов  көчөсүндөгү каралбай калган эки аллея реконструкциядан өттү. Аллеяда брусчатка төшөө, лотокторду оӊдоп- түзөө жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аткарылып, ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн.  Аллеянын жалпы аянты 1300 метр квадрат. Ал эми жалпы аянты 1700 метр квадрат болгон Раззаков көчөсүндөгү аллеяга 300 метр квадрат жерге таш таман төшөлүп, 12 отургуч жана таштанды салуучу урналар орнотулган. Мындан сырткары, Навои атындагы парктын кире беришиндеги бузулуп кеткен тепкичтер оӊдолуп, жолдогу талкаланган таштамандар (брусчатка) жаӊыдан басылды.  Парктын ичиндеги соода күркөлөрүнүн сырты жакшыртылып, балдар ойноочу аттракциондордун айланасы кооздолду.

Социалдык инфраструктура

Калаа башчынын жыл башындагы планында социалдык тармакка, анын ичинен билим берүү тармагына өзгөчө көӊүл буруларын, билим берүүнүн сапатын жакшыртууда алгач мыкты, жетиштүү шарттарды түзүп берүү каралган эле. Буга ылайык шаарда жыл ичинде беш бала бакчанын курулушу башталып, анын экөөсү пайдаланууга берилсе, калган үчөө бүткөрүлүү алдында турат.

1. Ош шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №49 мектебинин эски имаратынын ордуна 100 балага ылайыкталган бала бакча.

Курулуш иштери 2019-жылдын июль айында башталып, ушул жылдын март айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.  

2. Ош шаарынын Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Н. Исанов, 40 дарегине 120 орундуу бала бакчанын курулушу бүтүү алдында турат.

Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган. Ушул жылдын июль айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. 

3. Ош шаарынын Арек айылындагы 120 орундуу бала бакчаныны курулушу. 

Курулуш иштери 2019-жылдын октябрь айында башталган.

4. Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак –Тилек кичи районунун №2 көчөсүндөгү 100 орундуу бала бакчанын курулушу.

Курулуш иштери 2020-жылдын июнь айында башталып, ноябрь айында аяктап колдонууга берилет.

5. Ош шаарынын Туран кичи районундагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу

Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган.

Жүз жылдан кийин жаӊыланган парк

Бир кылымдык тарыхы бар Токтогул атындагы эс алуу жайын 2019-жылы толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, 100 пайызга жаӊылап шаар тургундарына тапшырган. Бардык курактагы адамдар үчүн ыӊгайлуулук жаралган. Бөбөктөргө, ар кандай стол жана улуттук оюндарга арналган аянтча, спортчулар үчүн чуркоого жана велосипед тебүүгө ыӊгайлашкан жолдор бар.

Эс алуу бактын ортосуна Умай эненин эстелиги, анын айланасына оргума курулуп, эстелик менен оргумага жалпы  1 млн. сомго жакын каражат сарпталган.  Парктын ичине түстүү таман таштар басылып, кире бериши кыргыздын идеологиясын чагылдырган шырдактын элесин берип турат.

 Парктын аянты 9 гектар болсо жашыл чөптүү жери 5 гектарды ээлейт. 5 гектар жерге 3 мезгил көркүн жоготпогон газон чөбүнүн уругун себилип, толук көрктөндүрүлгөн.

40 даана байкоочу камералар эс алуу багынын бардык тарабына жайгаштырылган.  Бир топ жыл мурун күндүзү да коркунучтуу көрүнгөн парктын ичи толугу менен коопсуз абалга келди.

Мындан сырткары, жол боюн бойлой чоӊ шамчырактар, дарактарды аралата кичирээк шам чырактар орнотулган. 

Санариптештирүүдө 15 долбоор  ишке ашты

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруу коррупциянын жолуна бөгөт коет. Башкача айтканда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер кайрылган жаранды ары-бери чуркатпай, бардык маалыматты бирдиктүү базадан алууга шарт түзүлөт. Мындай багытта Ош шаарында 15 долбоор ишке ашкан. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты каттоо, курулуш тармагындагы тейлөөлөр  электрондук форматка өтүштү. Бул үчүн маалыматтык агартуу иштери долбоору ишке кирген. Мында жарандардын, муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында маалыматтык окутуу жүргүзүлгөн. 

Орозбек Акимбаев, коомдук ишмер:

«Саясий эрктүүлүктүн артынан шаар өзгөрүп жатат»

- Ош облустан бөлүнүп, өзүнчө шаар болуп түзүлгөндөн кийин бюджет өзүнүкү болуп калбадыбы. Эгер көмүскө экономиканы жое алсак, шаардын бюджетин миллиарддарга көтөрө алабыз. Бул үчүн шаардык мэрияга, шаардык Кеӊешке саясий эрк керек. Мен бул сунушумду буга чейин калаа башчыларына айтып келгем. Азыркы мэр Таалайбек Насырбековичке да айттым. Сарыбашовду облустук администрацияда иштеп жүргөндөн эле билчүмүн. Облустун бюджети жок болсо да, тытынып иштеп, жоктон бар кылып жүрдү. Эми шаарды жөн эле өнүктүрүп кетет деп сүйүндүм эле. Ошондо элдин баары мени «жаӊы мэрге жагынып жатат» деп жаман көрүшкөн. Мен Алайда ондогон жылдар бою иштеген инсан катары Таалайбек Насырбековичтин үй-бүлөсүн тааныйм, ата-журтун билем. Булардын мүнөзүн, жөндөмүн билем, ошого таянып айткам. Бүгүнкү күндө шаардагы аткарылып жаткан иштер бул сөздөрүмдүн далили. Шаардан беш жыл мурун чыгып кеткен адам азыр келип Ошту тааныбай калышы мүмкүн. Кулатов кичи районунда абал кандай эле?! Түнү бир убакта унаам менен ошол жерден өтүп бара жатып сүйүндүм. «Ушул Ошпу?» дедим ичимден. Токтогул паркы, Шакиров атындагы көчө, күндүзгүдөй кылып түнкүсүн жарыктандырылган көчөлөр, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр, тизмектесем көп. Мунун баары шаардын экономикасы өнүгүп, шаарды өнүктүрүүдө сырттан инвестицияларды тартып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каражаттарына жеке адамдардын каражаттарын кошуу менен ишке ашууда.

«Эл менен иштешкенди үйрөттү»

- Шаарды өнүктүрүүдө бир эле бюджетти карап отура бербей, салым кошууну каалаган жарандар менен иштешүүнү үйрөттү. Тротуарларды бюджеттен эмес, жеке ишкерлер менен эле сүйлөшүп оӊдоп коюуда. Бул да болсо иштин көзүн билгендик. Мектептер оӊдолууда, бала бакчалар салынууда. Ооруканаларда шарттар түзүлүп, дарыгерлердин чет өлкөдөн билим алуусуна жол ачылууда. Мындан сырткары, кадрларды туура тандап, туура жерге жайгаштырууда. Мурунку кеткен жетекчилердин артынан канча «чуу» ээрчигенине өзүбүз күбөбүз. Бирок, Т. Сарыбашов ар бир кызматкердин сыйын жайына коюп, кемчиликтерин оӊдотуп, карыз болгон ишканалардын карызын төлөтүп койду. Мунун баары мактоого арзыган жумуштар экени талашсыз.

-Агай, шаар бийлиги өзүнүн милдетин, жумушун так аткарып турган убакта шаар тургундарынын шаарга кошкон салымы кайсы?

- Шаарда жашаган ар бир жаран шаардын маданиятын, көркүн көтөрүү үчүн биринчи кезекте өзүнүн ички маданиятын сакташы керек. Кээде унаада бара жатып таштанды ыргыткан жаштарды көрүп зээним кейийт. Ар бир жаран алгач өзүн тазалыкка үйрөтүшү керек. Маданияттуулукка өзгөчө маани берип, өзүн коом алдында тартиптүү алып жүрүүсү зарыл. Ошондо гана шаар маданияты көтөрүлөт. Бир адам бир эле дарак эгип койсун, шаардын көрктөнүүсүнө кошкон салымы болуп эсептелинет. Балдарга жолдогу светофордон өтүүнү үйрөтүп коюу да чоӊ салым. Ошол үчүн шаарды сүйүп, ыйык деп билип, ыйыктыгын сыйлоо ар бир шаардыктардын милдети. Жалпы Ош шаарынын тургундарын, конокторун шаар күнү менен куттуктайм. Жергебизде тынчтык болуп, ордолуу калаабыз өнүгө берсин.

Салима Шарипова, коомдук ишмер:

«Башталган иштерди «качан бүтөт экен» деп күтүп калдык»

- Сырттан келген коноктор менен көп жүрөм. Эӊ биринчи уккан мактоом – Ош таза шаар экен дешет. Бул албетте, сыймыктуу. Чакан шаар болсо да тарыхы тереӊ. Кылымдарды карытып келип, азыр жашоочуларына тынчтыкты, бакубат жашоону тартуулоодо. Ош чынында тынч шаар. Өнүгүп, өсүүсүнө жергиликтүү бйиликтин салымы чоӊ. Аткарылып жаткан иштер чынында мактоого татыйт. Тизмектеп отурсам сөз көп, айтарым ийгилик болсун. Шаар өзгөрүүдө, тар көчөлөр кеӊейтилип, эс алууга сонун шарттар түзүлүүдө. Кечинде сейилдеп чыксаӊ жарык, таза көчө көӊүлдү сергитет. Таалайбек Насырбекович иштин көзүн билген, эл менен иштеше алган мыкты жетекчи экенин көрсөтө алды. Башкалар үлгү ала тургандай иштерди аткарууда. Шаардын өсүп- өнүгүүсү үчүн аткарылып жаткан иштер бир гана жүрөктү жылытып, башталган курулуш иштерин «батыраак эле бүтсө экен, кандай болот экен» күтүп эле калдык. Азыркы учурда Ак-Бууранын жээгин күтүүдөбүз. Шаар тургундарын майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Шаарыбызда тынчтык, бакубат жашоо орносун.

Тахмина Тойчубекова, студент:

«Оштун келечеги кеӊ деп ишенем»

- Ош өнүгүү жолунда баратат десем жарашат. Бир топ өзгөрүүлөр бар. Ошко келгениме быйыл 6 жылдан ашат. Андан бери көп курулуштар, көп сейил бактар өзгөрдү. Мен жаӊыдан келгендеги Ош менен азыркы Ошту салыштыруу мүмкүн эмес. Өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Оштун келечеги кеӊ деп ишенем. Мыкты, билимдүү жаштарды тарбиялап чыгарып, өнүккөн, эӊ таза шаар бойдон каларына шегим жок. Ош жан дүйнөмө жылуу шаар, кайда барбайын шаарды сагына берем. Оштун ооматтуулугунун дагы бир далили мыкты жетекчилердин келишинде. Ош шаарында билим алып, ушул шаардын суусун ичип, нанын жеп чоӊойгонума сыймыктанам.

Насиба Кенжебек кызы, студент:

«Ошто мүмкүнчүлүктөр көп»

- Өзүм Баткен облусунун Кадамжай районунан келип билим алам. Ошто мүмкүнчүлүктөр көп. Тил үйрөнүүгө, келечекке мыкты шарттары түзүүдө мыкты шарттар бар. Кооз шаар, кетким келбейт. Келечекте Ошто эле калып, жашагым келет. Шаардын тазалыгы, мейман-достугу, тынчтыгы башка шаарларга үлгү боло алат. Оштун өнүгүп жатканы, барган сайын жаӊы багыттар, жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканы кубандырат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ар бир шаардыкты майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Билим алып жаткан жаштар келечекте шаардын өнүгүүсүнө салымын кошсо экен деп тилейм.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Бекмамат Айдаркулов

 

Окулду 9204 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Ош шаары
Ушул категориядагы башка материалдар: « Шаарды гүлгө орогон ишкана Кара түтүн: Ошто абал кандай? »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Каратэ – куралсыз коргонуу
Каратэ – куралсыз коргонуу
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп…

Маданият

Куштарбек Ташматов, дирижер:  «Дирижер нотаны кѳѳдѳнʏ менен уга билʏʏсʏ керек»
Куштарбек Ташматов, дирижер: «Дирижер нотаны кѳѳдѳнʏ менен уга билʏʏсʏ керек»
Дирижер - музыкадан алыс, жѳнѳкѳй адамдын тʏшʏнʏгʏндѳ кѳрʏʏчʏлѳргѳ далысын салып,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Апрель 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved