Версия для печати
Среда, 14 Октябрь 2020 04:52

Дөөлөткан Кабыкова, психолог: “Сүйүүнү турмуштун самыны бат эле жууп таштайт...”

Үй-бүлөлүк баалуулук, үй-бүлө куруу, материалдык жетишкендик темалары учурда жаштар арасында актуалдуу. Мында нечен түрдүү кайчы пикирлер жаралып, талаш-тартыштар болуп келет. Айрымдары үй-бүлө курууда сүйүүнү башкы орунга койсо, кээ бирлери материалдык жетишкендигине басым жасашат. “Жаштар улуу муундан эмнени алса, ошону жасашууда. Мында алардын күнөөсү жок. Биз, чоӊдор аларга руханий байлык бере албагандыктан, материалдык баалуулук биринчиге чыгып, үй-бүлөлүк баалуулук унутта калып баратат” деген психолог Дөөлөткан Кабыкова үй-бүлө, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу ой бөлүштү. 

“Ар бир үй-бүлө чакан мамлекет, ал эми өлкө чоӊ үй-бүлө”

-Сиздин пикириӊизде үй-бүлө институту, үй-бүлөлүк баалуулук деген эмне?

-Советтер союзунун убагында “Үй-бүлө – өлкөнүн ячейкасы” деген аябай жакшы ураан бар эле. Бул үй-бүлө мамлекетти түзөрүн түшүндүргөн. Ошондуктан үй-бүлөгө аябай жакшы көӊүл бурулчу. Үй-бүлөнүн тартиби, балдардын тарбиясы биринчи орунда турган. Дегеле ушундай сонун идеология бар болчу. Ошол союздун элдери “бир үй-бүлөбүз” деген. Ар бир үй-бүлө өзүнчө чакан мамлекет, бирок өлкө чоӊ үй-бүлө. Үй-бүлө болгон үчүн нормалдуу адамдар өсөт. Ооба, адамдар төрөлө берет, жараткан буюруп койсо көбөйө берет. Бирок, адамдын айбандан айырмасы максат менен бала жаратуу. Үй-бүлөнүн негизи балалуу бололу, уругубуз улансын, учугубуз узарсын деген максат. Союзда эле эмес, мурда деле кыргыздын ата-энеси ушундай тарбия алган. Туура, цивилизациядан, глобализациядан алыс боло албайт экенбиз. Азыркы доордун деле жакшы жактары көп, жаман дебейм. Ошентсе да жаман жактарынын эӊ негизгиси – үй-бүлөлүк баалуулук жоголуп баратат. Европада үй-бүлөлүк баалуулук жоголгондуктан өтө коркунучтуу иштер болууда. Бир жыныстагы адамдар бир-бирине үйлөнүп алат деген эмне деген шумдук? Динде эле эмес, жөнөкөйдө укканда да дене боюӊ үшүп кетет. Мунун келип чыгышы жогоруда айткан баалуулуктун жок болушунун кесепети.

-Үй-бүлө – чоӊ жоопкерчилик. Мен чарчабай айтып келем. “Малдын баласын багат, адамдын баласын тарбиялайт” деп. Бул менин айткан сөзүм эмес, элдин сөзү. Үй-бүлөнүн түбүндө ушул туруш керек. Тарбиянын негизинде ата-эненин бири-бирине болгон мамилеси жатышы абзел. Жок, тилекке каршы, ата менен эне бири-бирине сезими жок эле үйлөнүшөт же убакыт өтүп турмуш сүйүүнү жууп салат да балдар үчүн эле жашап калышат. Алардан “ортоӊуздарда сезим болбосо, жактырбасаӊыздар эмне үчүн ажырашып кеткен жоксуздар?” деп сураганда 99 пайыз жооп “балдарыбыз” дешет. Балдар алардан эмнени үйрөнөт? Эки киши бир тамда жашап туруп, кантип бири-биринин туугандарын сыйлабашы керек? Кантип алар тууралуу жаман кептерди айтат? Атасы апасын балдарына жамандаса, апасы атасын жамандаса бул эмне деген үй-бүлө болот? Анан кантип балдар алардан жакшы тарбия алышат? Эгер үй-бүлөдө сабыр, шүгүр, сый болбосо, аны сактап калууга бир гана сүйүү жетпейт. Сүйүүнү турмуштун самыны бат эле жууп таштайт. Мени эӊ өкүндүргөнү үй-бүлөлүк баалуулуктардын жок болуп баратканы. Мунун негизги себеби глобализация менен цивилизациянын кесепети деп эсептейм. Андан сырткары аялдардын теӊ укуктуулугу буга дагы бир себеп. Мен теӊ укуктуулукка каршы эмесмин. Тескерисинче, аялдардын да, эркектердин да бири-бирин сыйлап жашаганын колдогон адамдардын биримин. Бирок, ошол эле учурда аялдар өзүнүн ордун билиш керек дагы, ошол эркек да аялдын ыйык ордун билиши кажет. Аял бала төрөп, кир жууп, үй-жыйнап бере турган эле адам болуп калбай, ошол учурда “мага дени сак бала төрөп, тарбиялап бере турган, мыкты тамак жасап, мага сүйүү, сый менен бере турган киши болуш керек” деп ойлонгондо анан аял өз ордун тапмак. Буга турмуш дагы мажбур кылды. Биз теӊ укуктуулукту тереӊ түшүнбөй, үстүнкү гана катмарын талап кылып жатабыз. Учурда үйдө отурган аял аз. Аялдардын басымдуу бөлүгү иштеп, эркектерден да көп акча таап калышты. Акча таап, өзүнө ишенген аял өзүн кордотпойт.  “Ошончо баланы сенсиз да багып алам” деген учурлар келип калды. Ошон үчүн кыздар, келиндер, жашы улуу айымдар да күйөөсүз калыштан коркпойт. Башында белгилеп өткөн үй-бүлөлүк баалуулуктун жоголуп баратканынын себеби мына ушулар.

“Идеология жок болгондуктан, коомдун деӊгээли түшүп кетти”

-Чынында эркектердин деӊгээли төмөндөп кеткен жок. Улуттун деӊгээли төмөндөп кетти. Бул өкүнүчтүү жүрөк ооруткан көрүнүш. Союз эмне үчүн күчтүү болгон? “Бардыгыбыз бактылуулукка барабыз " деген идеология болгон. А азыр бизде идеология жок. Манастын жети осуятын идеология кылып алдык эле, аягына чыккан жокпуз. Айтар элем, Манастын жети осуяты жана элибиздин макал-лакаптары менен жашасак, бизге эӊ сонун идеология болуп берет. Идеология жок болгондуктан, коомдун деӊгээли түшүп кетти. Бардыгын акчага такап койдук. Материалдык кызыкчылык, материалдык баалуулук ээлеп алды. Өнүккөн өлкөлөрдө учурда жашоо жакшы болуп, ажырашуулар азая баштады. Анткени кайрадан үй-бүлөлүк баалуулукка кайта баштады. Алар байып көрүштү, байлыкты көрүштү, бирок анда бактылуулук жок экенин байкашты. Бакыт байлыкка сатылбасын түшүнүштү. Ошондуктан үй-бүлө институтуна, никенин ыйыктыгына кайрадан кайтышууда. Биз бардык жагынан алардан артта болгон үчүн ошол баалуулуктарды жоготуп жатабыз. Ооба, кыргыз байыркы элбиз деп мактанып келебиз. Бирок, байыркылыгыбызды эстеп, байыркы баалуулуктарыбызды эстебей жаткандыгыбыз. Жоготкон баалуулуктарыбыздын кадырын билмейинче биз көтөрүлбөйбүз.

-Учурда жаштардын арасында үй-бүлө курууда материалдык баалуулугуна карап турмуш куруп калышпадыбы? Айрым кыздар болочок жолдошунун үйү, жумушу же дагы башка нерселери жок экенин айтып даттанышат. Буга кандай көз караштасыз?

-Азыркы жаштар ата-энеси чет жакта мигрант болуп иштеп, үй куралы, тигинтели, минтели дегендерин көрүп чоӊойгондуктан, материалдык байлыкты биринчи орунга коюп алышты. Муну жаман дегенге да болбойт. Эгер үстүӊ бүтүн болсо анан башка нерсе тууралуу ойлойсуӊ да. Ошентип жүрүп балдарыбызга руханий байлык бергени жетишпей калдык. Бул балдардын, кыздардын күнөөсү эмес. Мен мындай пикирдеги кыздарды күнөөлөбөйм. “Эгер бардык жактан камсыз болсом, жолдошум да жанымда болот экен. Балдарыбызды чогуу тарбиялайбыз” деген ой менен айтып жатышса керек. Үйдөгү көп чыр-чатак баягы эле жетишпегендиктен келип чыгат. Атасынын кыйналганын, апасынын ыйлаганын көргөн кыздар миллионерге тиеин дебесе да, жок дегенде турмуш куруу үчүн фундамент түзүп койгон балага турмушка чыгууну каалашса керек. Бирок, ошол эле учурда ата-эне дүйнөдө бир гана бакыт байлыкка сатылбасын балдарга түшүндүрүүсү абзел.

-Турмуш курууда сүйүү канчалык деӊгээлде маанилүү?

-Аял менен эркектин сүйүүсүнө өтө жогору баа берип алабыз. Туура, сүйбөсөӊ кантип жашайсыӊ? Бирок, сүйүп турмуш куруп, көӊүлү калгандар андан көп. Алды ажырашып кетишет, арты бактысыз жашоо кечиришет. Эӊ жаман таарыныч сүйгөн адамыӊдан таарынуу. Аябагандай чоӊ үмүт менен баш кошуп, анан ар кандай себептерден улам сүйүүнүн өчүп калышы оор жоготуу. Бир тууган эжем айтчу: “Сүйүү – жаӊы көйнөктөй. Кийгенде кубанасыӊ, мактанасыӊ, бактылуу болсуӊ. Бирок, аны турмуштун кыйынчылыктары жууп салат. Сүйүү – бул боек” деп. Мындай сүйүүдөн башка дагы бир сүйүү бар. Ал өтө күчтүү. Жогоруда айткан аял менен эркектин ортосундагы сүйүү бул сүйүүнүн кичинекей көрүнүшү. Негизги сүйүү – өзүндүн жаралганыӊды сүйүү, өзүӊдү сүйүү, өзүн сүйгөн адам өзүн жараткан затты да сүйөт. Ушул үч сүйүү болгон жерде ал адамдын өзүнүн ичинде сүйүү болот. Ошондо силер жаныӊардагыларга да сүйүүнү жуктурасыӊар. Сүйүүнүн булагы болосуӊар. Андай киши башкалардан сүйүү күтпөйт. Өзүндө сүйүү ашып турган адам башкаларды сүйдүрө алат. Бактылуу болуу үчүн мына ушундай сүйүү керек. Таяктын эки жагы бар дегендей, эгоисттик сүйүү эмес. Айлана-чөйрөмдөгүлөр бактылуу болсо, мен бактылуу деген сезим болуш керек. Ата-энелер өздөрү жараткан балдарына да мындай сүйүү бере албай калышты.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Окулду 87 жолу