Версия для печати
Среда, 14 Октябрь 2020 04:54

Антибиотик. Качан, кантип колдонуу керек?

Антибиотик термини грек тилинен бизче которгондо «анти – каршы, био – жашоо» дегенди түшүндүрөт. Антибиотик препараты чынында бактериялардыөлтүрүүгө жөндөмдүү. Эӊ алгачкы антибиотик пенициллин 1928-жылы ойлонуп табылган. Анда аталган антибиотик медицина тармагындагы чоӊ жаӊылыкка айланган. Дал ушул антибиотикотерапиянын жардамы менен адам өмүрүн алган оор жугуштуу ооруларды дарылай баштаган. Мисалы, кургак учук, чума сыяктуу жугуштуу ооруларды азыркы кезге чейин антибиотиктер менен дарылап келишет.

Вирусту дарылоодо антибиотик колдонулбайт

Көпчүлүк адамдар антибиотиктер бардык ооруларды дарылайт деп ойлошот. Ошол үчүн организмде кандайдыр бир инфекция пайда болгондо адамдар алгач дарыгерге эмес, дарыканага антибиотикке чуркашат. Албетте, туура тандалган таблеткалар ооруну тез басаӊдатып, бейтапка жардам берет бирок, антибиотиктерди дарыгердин сунушу менен гана ичүү талап кылынат. Себеби, антибиотиктер кээ бир бактерияны өлтүрбөй эле тескерисинче, чоӊойтуп «багышы» мүмкүн экенин адистер байма-бай эскертишет. Вирусту дарылоодо антибиотик колдонулбайт. Бактериялык ооруларга гана оӊ натыйжасын берет.

Качан колдонуу керек?

Антибиотикти колдонууда эмне үчүн дарыгерге кайрылуу керек? Себеби, антибиотик эки түрдүү болушу мүмкүн. Биринчисинде антибиотик бактериянын көбөйүшүн алдын алса, экинчисинде тирүү клетканын баарын өлтүрүшү ыктымал. Ошондуктан антибиотиктер инфекция бактериялык болгон учурда гана эффективдүү жыйынтык бере алат. Андыктан антибиотикти колдонууда дарыгер инфекциянын бактериялык экенине толук ынанышы керек.

Назгүл Абдыраимова, үй-бүлөлүк дарыгер:

«Бейтапты толук текшермейинче антибиотик жазылбайт»

- Оорунун түрү көп. Аны толук издемейинче антибиотик жазуу мүмкүн эмес. Мисалы, мага бейтап келди дейли. Анын абалын, дене табын, салмагын, эмнелерге аллергиясы барын, кошумча оорулары бар же жок экенин аныктоого киришем. Азыр эле кош бойлуу аял келди, 34 жумалык экен, жашы 20да, салмагы 55 килограмм. Тамагы ооруп, ириӊдеп кетиптир. Бул аялга антибиотик жазууда өтө кылдаттык мамиле талап кылынат себеби, кош бойлуу. Бир эле эмес, эки өмүргө коркунуч алып келишибиз мүмкүн. Эч кандай кошумча оорулары жок экен, аллергия да жок. Мындай учурда амоксициллин 500 граммдык антибиотикти жазып, тамакты чайкоо керек экенин дайындадым.

Антибиотикти кантип туура колдонуу кажет?

Тилекке каршы, инфекциянын этологиясын аныктоочу тест өтө аз жүргүзүлөт. Бейтапка антибиотикти жазууда даргерлер көбүнчө бактериялык инфекциянын конкреттүү симптомдоруна таянышат. Эгер дарыгерде оорунун өтүшүндө бир аз болсо да күмөн саноо бар болсо, бактериялар жашоочу биологиялык суюктукту анализге жиберүүгө милдеттүү. Анализдин жыйынтыгы менен  кайсы антибиотик бейтаптагы бактериялык инфекцияны өлтүрүүгө жөндөмдүү экени аныкталат.

«Туура эмес колдонулган антибиотик оору чакырат»

- Туура колдонулган антибиотик организмге кандай жашта болбосун зыянын тийгизбейт. Кээ бир бейтаптар кошуналарынан, туугандарынан же болбосо дарыканадан эле кеӊеш алып антибиотик колдоно беришет. Мындай учурда бейтап өзүнүн ден соолугуна түрдүү зыяндарды алып келет. Мисалы,  левомицетинди туура эмес колдонсо кан бузулууларга, гентамицин кулактын угуусун жана басуунун координациясын жоготууга алып келет. Ал эми пенициллин бейтапты түрдүү шок абалга алып келиши мүмкүн. Цеф катарына кирген антибиотиктер боордун жана бөйрөктүн иштөөсүн жабыркатат. Качан гана өзүнүн дарыгерине барып, туура кеӊеш алып, канча күн, канча жолу, кандай жолдор аркылуу, кандай дозада, ичүү сааттарын айтып бергенде гана колдонуу керек.

Антибиотикотерапиядагы каталар

Антибиотик менен дарыланууда дарыгердин туура сунуштоосу жана аны ичүүдө так убакытты колдонуу өтө маанилүү. Көпчүлүк бейтаптар кетирген катачылыктар:

Биринчи ката: Антибиотикти ичүү убактысын өткөрүп жиберүү. Препараттын түрүнө карап ар бир 24, 12 же 8 саатта калтырбай ичүү керек. Белгилүү дозада, белгилүү убакытта ичүү менен организмдеги бактериянын өсүүсүн токтотууга толук мүмкүн. Эгер антибиотикти ичүүнүн аралыгын узак мөөнөткө калтырсак, бактериянын кайрадан өсүүсүнө шарт түзүп беребиз.

Экинчи ката:  Дарылоо курсун толук сактабай коюу. Антибиотикти аягына чейин ичүү талап кылынат. Дарыгер канча жазып берсе аны убактысын так сактоо өтө зарыл. Негизинен, антибиотик менен дарылоо курсу 8 күндөн 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бейтаптар көбүнчө оору басаӊдагандан кийин антибиотик ичүүнү токтотуп коюшат. Бул туура эмес.

Yчүнчү ката: Организмге пайдалуу бактериялардын жоктугу. Антибиотик бир гана оорулуу, инфекциялык бактерияларды өлтүрбөстөн организмге пайдалуу бактерияларды да кошо өлтүрөт. Пайдалуу бактерияларды коргоо үчүн атайын бактерияларды сактап калуучу препараттарды ичүү талап кылынат. Булар пробиотиктер жана натуралдык азыктар да кирет. Аларга йогурт, кефир кирет. Пробитикалык препараттарды антибиотикти ичкенден бир сааттан кийин ичүү талап кылынат. Мындан сырткары, антибиотикотерапия толук бүткөндөн кийин бактериялык флораларды калыбына тезирээк келтирүү үчүн атайын пробиотикалык дарылоо курсун дайындаса да болот.

Бактериялар менен күрөшө албоонун негизги себептери - антибиотиктерди ашыкча же туура эмес колдонуу. Эксперттердин айтымында, антибиотиктер күрөшө албаган бактериялар дүйнөдө жылына 700 миӊ кишинин өмүрүн алууда.

Микроорганизм антибиотикке туруштук бербеш үчүн эмне кылуу керек?

-Бейтаптар үчүн эӊ жөнөкөй беш сунуш бар. Дарыгер жазган гана антибиотикти колдонуӊуз. Жакшы болуп калсаӊыз да жазылган мөөнөтүнө чейин ичиӊиз. Эч качан мурда калган антибиотикти ичпеӊиз. Таасири дайыма бирдей болбойт. Эч качан бирөөгө антибиотик бербеӊиз, албаӊыз, ар кимге таасири ар башка. Акыркысы, инфекцияны жуктурбаш үчүн колуӊузду такай жууӊуз, гигиеналык норманы сактаӊыз, оорулуулардан алыс болуӊуз жана керектүү  эмдөөлөрдү алыӊыз.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Окулду 92 жолу