• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Среда, 14 Октябрь 2020 04:56

Исматилла Сатинбаев: “Өлкөдө маанилүү товарлардын баасы 20 пайыздан ашса гана көзөмөлгө алынат”

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Исматилла Сатинбаев: “Өлкөдө маанилүү товарлардын баасы 20 пайыздан ашса гана көзөмөлгө алынат”

Бүгүнкү күндө базарда азык-түлүккө болгон баалардын өсүүсү байкалууда. Мунун себебин доллардын курсунун көтөрүлүүсүнө байланыштырышат. Ал эми карапайым адамдардын арасында баанын көтөрүлүүсүнө шектенип, вирустун экинчи толкунунан коркуп, дагы да кымбаттап кеткиче тамак-ашка керектүү азык түлүктү даярдап алалы дегендер да четтен чыгат. Этке болгон баада өстү. Учурда базар баалары кандай экендигине байкоо салып көрөбүз.

“Базарда эт жана майдын баасы гана көтөрүлдү”

Этке, азык-түлүккө болгон баалардын өсүүсү боюнча ар күнү рейддер жүргүзүлүп, себептери такталып жаткандыгын билдирген КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Исматилла Сатинбаев төмөндөгүлөргө токтолду.

-Эки нерсе учурда кымбат болуп жатат. Биринчиси эт, экинчиси пахта жана күн карама майы. Эт базарда малдын кымбаттаганына байланыштуу баасы бүгүнкү күндө Ошто 400-420 сомго чейин сатылууда. Бул боюнча биз күнүнө кайсы базарда кандай сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат топтоп жатабыз, Фуркатта 400-410 сом, Бостон базарында жана облустар аралык оорукана жакта 420 сомду түзүүдө. Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, негизсиз бааны көтөрүүгө тыюу салынууда. Эт саткандардын айтканы боюнча мал кымбат болуп өздөрү ала албай, фермерлер союп берген этти 390-395 сомдон сатып алып, чыгымын кошкондо 400-420 сомдон сатканга аргасыз болгонун түшүндүрүшүүдө. Эгерде мыйзамдуу жагын карасак өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелинде чыккан 242-токтому бар. Токтомдо социалдык жактан эӊ керектүү болгон товарларды көзөмөлдөө, маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнүн бааларын мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жазылат. Бир айдын ичинде эӊ керектүү товарлардын баасы 20 пайыздан жогорулап кетсе, жергиликтүү бийлик, мэрия же айыл өкмөтү тарабынан  маалымат Экономика министрлигине айтылып, ал жактан Өкмөткө жеткирилип, токтом чыгат. Социалдык маанилүү 14 товар өкмөт тарабынан бекитилген. Пандемияда алар 25ке көбөйдү. Маанилүү товарлардын ичинен бирөөсүнүн баасы кымбаттаса “көзөмөлгө алынсын” деген токтом чыгат. Ал эми токтом чыкпаса деле биз барып көзөмөлгө алсак, жеке ишкерлердин укугун бузган болуп калабыз. Ошондуктан биз жөн гана мониторинг жүргүзөбүз. Мисалы, эпидемиологиялык абал оор учурунда 13-мартта өкмөт 14 товарга болгон бааны көзөмөлдөө боюнча токтом чыгарды. Бул токтомдун аткарылышын Финансы полициясы, салык кызматы жана антимонополиялык кызматы биргеликте көзөмөлдөдүк. Анын күчү 90 күнгө  чейин эле. 13-мартта 155- токтому кабыл алынса, 13-июнда 91- күнү өз күчүн жоготту.

“Эттин баасын туруктуу кармоо үчүн чек араларды жабууга туура келет”

-Этке кайрылып келсек, ошол учурда малдын жана койдун этин 360 сомдон койгонбуз, андан бери 3-4 ай өттү, ошол баадан азыр 16 пайызга көтөрүлдү. 20 пайыз көтөрүлүшү үчүн 432 сом болушу керек. Ошондо гана жогорудагыдай чара көрүлөт. Биз тараптан эт менен көмүрдүн баасы кымбаттап кетпеши үчүн мэрияга күнүнө сунуш кат берилип жатат.  Экинчи жагдай “Өзбекстан жана Тажикстанга эт чыгып жатат” деген маалымат боюнча статтан  официалдуу сурамжылоо жөнөтүп жообун алдык.  Быйылкы жылдын 6 айынын ичинде бир килограмм дагы эт сыртка чыкпаптыр. Бирок тирүү жандык боюнча чыккан көп экен. Мал жандыктары сыртка чыкпасын деген токтом жок, бул эми мамлекеттер аралык карым-катнаш болуп эсептелет. Мисалы, мурун 5 миӊ сомдук кой азыр 8 миӊ сом болууда. Жеке адамдар коюн 8 миӊге бирөө сурап жатса, сатышат да. Аларга ыӊгайлуу болуп жатпайбы? Мал арзан болуп, касапчылар кымбат сатып жаткан болсо, мэрия менен биргеликте комиссия түзүлүп, анализ жасайт элек. Чындыгында кымбат болууда. Дагы бир жагдай Андижанда малдын этинин баасы 1 кг. 62 миӊ сум экен. Официалдуу курс 0,084 болсо, 520 сом болот. Ал эми базардагы курс боюнча 458 сомду түзөт. Койдун эти 68 миӊ сум болсо, 575 сом болот, базар баасы боюнча 512 сом.

Жыйынтыгында, баанын өсүшүнүн бирден-бир себеби малдын Өзбекстанга көп сатылып жаткандыгы. Азыр касапчыларга деле мал союп саткандан көрө сойбой саткан ыӊгайлуу болуп жатат. Анткени мал кымбат. Кыргызстандын ичинде эттин баасын туруктуу кармоо үчүн чек араларды жабууга туура келет.

“Бизге азыктар сырттан кымбат кирип жатат”

-Өсүмдүк майы боюнча айтсам “Олейна” жана “Доня” майлары көп колдонуучу, суроо-талап жогору болгон товар. “Доня” майынын дүӊ баасы 510 сом, “Олейна” 520 сомду түзүп, чыгым салыктары менен 540 сомго чейин сатылууда. Өзбекстанда деле кымбат, 5 литрлик май  7 миӊ сум болуп көтөрүлүптүр. Бул базардагы баа боюнча 518 сом болот. “Олейна” майынын кызматкерлери сотто кымбат сатканга мажбур болгонун айтышууда. Бизге азыркы учурда сырттан кымбат кирип жатат.  Өлкөдө пахта, күн карама аз болгондуктан, май 70 пайыздан ашык импорттолот. Соодагерлер атаандаштык кылып бааны жогорулатса кирише албайбыз. Өлкөдө маанилүү товарлардын баасы 20 пайыздан ашса гана көзөмөлгө алынат. Азыр ага жете элек.

Учурда өкмөт көмүргө болгон баага көзөмөл кыла баштады, азыр көмүр 5,50 сомдон сатылууда.

 

Окулду 125 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Антибиотик. Качан, кантип колдонуу керек? Сасык тумоодон сактаныӊыз! »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Каратэ – куралсыз коргонуу
Каратэ – куралсыз коргонуу
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп…

Маданият

Умарали Турдубаев, сʏрѳтчʏ: “Сʏрѳт тартуу – жан дʏйнѳм сʏйгѳн жумуш”
Умарали Турдубаев, сʏрѳтчʏ: “Сʏрѳт тартуу – жан дʏйнѳм сʏйгѳн жумуш”
Сʏрѳтчʏ – табияттан берилген талант менен сыйланган адам. Ѳмʏр бою…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Март 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved