Кыргызстандын токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы, Дүйнөлүк Банктын "Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу" долбоорунун колдоосу менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти менен макулдашып, "Көчөттөрдү өстүрүү - токой питомниктери жана күнөсканалар" деген темада окуу курсун төмөндөгү багытта өткөрдү:
Токой питомниктеринде жана күнөсканаларда көчөттөрдү өстүрүүнү уюштуруу;
Күнөскана;
Тамчылатып сугарууну уюштуруу жана сапаттуу көчөттөрдү өстүрүүнүн башка инновациялык ыкмалары;
Токой маданиятын өстүрүү жана көбөйтүү техникасы;
Жабык тамыр тутуму. Дарак өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүн чогултуу жана уюштуруу; Питомникте / күнөсканада иштөө календары; Продукцияларды чогултуу, сактоо жана сатуу.
Окуу семинары 2020-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Ош шаарында "Баяна" конок үйүндө өттү.
Ал эми 2020-жылдын 1-октябрында Ноокат токой чарбасында тренингдин катышуучулары үчүн талаа күнү болуп өттү. Питомниктерде жана күнөсканаларда токой өсүмдүктөрүн өстүрүүнү көрсөттү. Катышуучулар көчөттөрдү өстүрүү боюнча практикалык билим алышты.
Кара-Кулжа, Yч-Коргон, Баткен, Токтогул, Аксы жана Кочкор-Ата токой чарбасынын жалпысынан 20 кызматкерлери катышты. Тренингдин максаты токой чарба кызматкерлерин көчөттөрдү өстүрүүнүн жаӊы ыкмаларына үйрөтүү.
Долбоор жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк Банк “Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоону бөлүү жөнүндө (Кредит № 5743-KG и Грант D095-KG) макулдашышты. Насыянын жана гранттын негизги алуучусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (мындан ары КРТЭКБ).
Насыянын жана гранттын негизги алуучусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмү аркылуу ишке ашырылууда.
Долбоорду өнүктүрүү максаты жана глобалдык өнүктүрүү максаты башкарууну пландаштыруу, экосистеманы калыбына келтирүү жана инфраструктурага жумшалган инвестициялардын эсебинен токой экосистемасын башкарууну өркүндөтүү боюнча мамлекеттик мекемелердин жана жамааттардын потенциалын күчөтүү болуп саналат.
Долбоор 4 негизги компоненттен турат:
1-компонент: Токой чарбасын институционалдык реформалоо;
2-компонент: Стратегиялык инвестициялар жана туруктуу башкаруу ыкмаларын сыноо;
3-компонент: Маалымат, мониторинг жана баалоо;
4-компонент: Долбоорду башкаруу, мониторинг жана баалоо.
Бул тапшырманын максаты токой чарбасынын кызматкерлеринин, Биргелешкен Токой Башкаруу Кеӊешинин, пилоттук муниципалитеттердин, токой пайдалануучулардын потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү болуп саналат.
-токой отургузуучу материалдарды өндүрүү; мөмө-жемиш, тез өсүүчү жана декоративдик дарак жана бадал түрлөрүнүн плантацияларын түзүү-уюштуруу;
• аары багуу;
• Токойдун жыгач эмес продукциясын кайра иштетүү жана мөмө-жемиш өстүрүү;
-Муниципалдык токойлорду башкаруу;
- компьютердик сабаттуулуктун негиздери;
• Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу.
Дүйнөлүк банктын "Токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу" долбоорунун алкагында токой чарба тармагынын кызматкерлеринин жана токой пайдалануучулардын потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн 2020-жылдын 18-мартында Кыргызстандын токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар ассоциациясы менен долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн ортосунда келишим түзүлгөн.
Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы 13.05.2010-жылы коммерциялык эмес уюм - юридикалык жактардын ассоциациясы болуп түзүлгөн. Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарынан келген 141 уюмду бириктирип турат. Бул кесипкөй уюм, айыл чарба жана токой чарбасын туруктуу инклюзивдүү өнүктүрүүдө Өкмөттүн, жергиликтүү жамааттардын, фермерлердин жана токой пайдалануучулардын тажрыйбалуу, иш билги жана ишенимдүү өнөктөшү.
Бул ассоциациясы жерди жана токой ресурстарын туруктуу башкаруу, климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашуу, чыр-чатактардын алдын алуу жана айыл тургундарынын жашоо деӊгээлин көтөрүү, Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтуу жана азык-түлүк коопсуздугуна татыктуу салым кошуу принциптерин жайылтат. Ошондой эле эл аралык алдыӊкы тажрыйбаны жана элдин салттуу билимдерин коомдоштуруу, эксперттерди, саясатчыларды жана донорлорду тартуу менен туруктуу айыл чарба жана токой чарбасынын максаттарына жетүү үчүн колдонууга умтулат.
Кыргызстандын токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын басма сөз кызматы
Толугу менен...