Версия для печати
Понедельник, 19 Октябрь 2020 04:01

Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»

Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова менен маектештик. Өзүнө ишенген, тайманбай келечекке чоӊ пландарды койгон спортчу пандемиянын кесепеттери, карантин учурундагы машыгуулары жана мекен тууралуу пикирин айтып отурду.

- Элзада, бул жолку маегибизде мекен тууралуу кенен сүйлөшкүм келип жатат. Себеби, өлкөбүздө болгон саясий окуялар көпчүлүктү ойлондурду, көпчүлүгүнүн мекенге болгон  үмүтү жоголо түшкөнсүдү. "Мен мындай өлкөдө жашагым келбейт" деген билдирүүлөрдү көп окуй баштадык. Мындай билдирүүлөр же болбосо окуялар спортчуга канчалык таасирин тийгизет,  жеке пикириӊди билгим келет…

- Албетте, мекен мен үчүн ажайып керемет, кооз өлкөм, киндик каным тамган жер. Спортчу катары эле эмес, Кыргызстандын жараны катары мекенге болгон сүйүүм чексиз. «Туулган жердин топурагы алтын» дейт эмеспи, бизден бир топ өнүккөн, кооз өлкөлөр көп бирок, мен үчүн Кыргызстан баарынан бийик турат. Негизи эле спортчу мекенин сүйбөй туруп спортчу боло албайт. Мен Кыргызстанды сүйөм. Саясатка көп кызыга бербейм бирок, акыркы кырдаал боюнча жаран катары өз оюмду айта кетейин. Ооба,  акыркы учурда өлкөбүздө саясий окуялар  курч, туруктуулукка келе албай турган убак. Бир чети мен да сүйүндүм. Жеп-жутарлар кетип жаӊы муундар, жаӊы жүздөр келет деп. Алар өлкөбүздүн экономикасын, маданиятын көтөрүп, азыркы оор кырдаалдан элди алып чыгат деген ойдомун.  Буюрса, биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киребиз деген тереӊ ишеничтемин. Ал үчүн биз, ар бир жаран, баарыбыз өзүбүздөн баштообуз абзел. Көчөдөн таштанды көрүп калсак алып койгонду үйрөнүшүбүз керек.  Мындай элементардуу аракеттер элди маданияттуулукка, сабаттуулукка үндөйт. Эӊ кейиштүүсү биздин өлкөдө спортко көп көӊүл бурулбайт. Мындан улам  бизде олимпиада, дүйнө чемпиондору жокко эсе.

- Быйылкы пандемия спорттук карьераӊда кандай таасир калтырды? Карантинде машыгуулар кандай өтүп жатты?

- Абдан терс таасирин тийгизди. Себеби бүт мелдештерге тыюу салды, 8, 9 айдан бери мелдештерге катыша элекпиз. Спорттук мелдештерди сагынып кеттик (күлүп). Мен жыл башында тандоо турнирлеринен лицензия алган бир топ мелдештер бар болчу. Грэпплинг күрөшү боюнча июнь айында дүйнөлүк мелдеш, Алыш күрөшү боюнча Түркияда 4 – дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, кур үчүн күрөш боюнча  Казань шаарында дүйнөлүк мелдеш жана дагы бир топ эл аралык мелдештер бар болчу. Тилекке каршы, баары кийинки жылга которулду. Батыраак аталган илдеттен арылсак экен деп тиленип жатабыз. Карантин убагында машыгуучу залдарга да тыюу салынган. Көбүнчө айылда болдум, үй-бүлөм спортко жакын болгондуктан бүт шартты түзүп алганбыз. Агаларым менен  машыгуу өткөрүп жүрдүм. Жакында  Ысык-Көлгө барып курда машыгуу федерациясы менен биргеликте 20 күндүк машыгуу өткөрүп келдим.

- Спортко аттанууда, ушул тармакты тандоодо эӊ негизги максат кайсы?

- Спортко ар бир адам ар кандай максатта келет. Бирөөсү арыктоо үчүн, бирөө ден соолугун чыӊдоо үчүн, дагы бири көчөдө жакшы мушташуу үчүн ыкмаларды үйрөнүүгө келет. Албетте, көпчүлүгү өлкөнүн  желегин желбиретип, ийгиликтерди багындыруу үчүн келет. Аларга кеӊеш катары айта кетейин, профессионал спортчуда эӊ биринчи туруктуу максат болушу керек. Атайын режимдер болот, аны бузбай сактоо зарыл. Спортто жеӊишке жетишүү аябай кыйын. Канчалык тырышып, аракет кылсаӊ ошончолук үзүрүн көрөсүӊ. Бирде жеӊилесиӊ, бирде жеӊесиӊ, бирде ыйласаӊ, бирде күлөсүӊ дегендей. Мындай нерселерге бир гана максаты, планы бар спортчу гана чыдай алат.

- Спортчуда атайын спорттук режим болот деп калдыӊ.  Жашооӊдо ошол режимдерди бузууга туура келген күндөрүӊ болгонбу?

- Спортчулардын режими азыркы күнгө чейин уланып жаткан карантинден улам олуттуу эле бузулду десем адашпайм. Себеби, жогоруда айтканымдай машыгуу залдарга тыюу салынды, бир жылдын жүзү болуп баратат турнирлер боло элек. Негизи, мелдештер тынымсыз болуп турса ошого даярданып, чемпион болушум керек, жеӊишке жетүү керек деген максат менен режимди сактайбыз да. Мелдеш жок болсо спортчунун да каалоосу жоголо түшөт. Мындан улам режимди бузган учурлар көп эле кездешет. Ооруп калган учурда, травма алып калганда сөзсүз бузулат.

- Спорттук карьераӊ өзүӊдүн жеке жашооӊо кандай таасирин тийгизет?

- Жеке жашоомо эч кандай терс таасирин тийгизген жок. Жалаӊ гана жакшы таасирин көрүп жатам. Ийгиликтерге жетиштим. Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болдум. ОшМУнун студентимин. Спорттун арты менен үч жылдык келишим акыны төлөөдөн бошотушкан. Кайда барбайбын адамдар сыйлап, баалап турат. Социалдык тармактагы элдин жылуу пикирлери эле кыйла бактылуу кылат. Ата-энем, бир туугандарым колдоп турат. Ошондуктан спорттун мага терс таасирин атаганымдын өзү туура эмес болсо керек деп ойлойм.

- Мелдештерде каршылашыӊа таӊ калып, суктанган учурларыӊ болгонбу?

- Жок, болгон эмес. Себеби мен өзүм каршылашымды гана эмес, бүт элди таӊ калтырганга аракет кылчумун. Башкалар  кылбаган ыкмаларды жасоого умтулам. Мунун натыйжасында жеӊишке көбүрөөк жетиштим десем туура болот. 

Спортчунун ийгиликтери

Алыш күрөшү боюнча:

- Кыз-келиндер арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын 3 жолку жеӊүүчүсү;

-2018-2019-жылдары Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль;

-2017-жылы өспүрүмдөр аралык Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль;

-2018-жылы Өзбекстан өлкөсүндө өткөн эл аралык чемпионатында алтын медаль;

2017-2018-2019-жылы Ош облусунда болуп өткөн чемпионаттарда алтын медаль;

2019-жылы Талас облусунда болуп өткөн  "Көчмөндөр оюнунда" күмүш медаль;

Ушу Саньда боюнча:

2019-жылы  өткөн Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль;

-2018-жылы Ош жана Нарын облустарында болуп өткөн ачык чемпионаттарында алтын медаль;

-2018-жылы Өзбекстанда өткөн борбордук Азия чемпионатында алтын медаль;

2019-жылы Өзбекстанда өткөн профессионалдар арасындагы  чемпионаттарында алтын курдун ээси;

Грэпплинг боюнча:

-2019-жылы Кыргызстанда өткөн Азия чемпионаттарына тандоо турунда алтын медаль;

-2019-жылы өспүрүм кыздар арасында (NO-GI) өткөн Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль;

2019-жылы кыз-келиндер арасында (NO-GI)өткөн Ош шаарынын ачык чемпионатында алтын медаль;

2019-жылы кыз-келиндер арасындагы (GI) Ош шаарынын ачык чемпионатында алтын медаль;

Пенчак Силат (каратэнин бир түрү) боюнча:

-2019-жылы Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль;

2019-жылы Өзбекстанда өткөн борбордук Азиянын ачык чемпионатында алтын медаль;

Кармашып урушуу(Рукопашный бой) боюнча:

2019-жылы Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль;

2019-жылы Ысык-Көл облусунда өткөн ачык Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган.

 

Окулду 206 жолу