• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 19 Октябрь 2020 04:04

Ок өтпөс жол тандабастар

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Ок өтпөс жол тандабастар

Бүгүнкү күндө техника тармагында атаандаштык күч. Гезитибиздин бул санында авто сүйүүчүлөр үчүн дүйнөдө “эӊ мыкты” делген унаалар жөнүндө баяндап берүүнү туура көрдүк. Бул унааларда өзүӊүздү коопсуз сезе аласыз. Анткени алар ар кандай коркунучка туруштук бере алчу брондолгон унаалар. Туура, мындай машиналардын наркы миллиондорду чапчыйт. Бирок, коопсуздук баарынан маанилүү. Адатта сооттолгон унааларды мамлекеттик жогорку кызматтагылар, коопсуздугунан шек санаган байлар алышат. Учурда кайсы автоунаалар сапаты жагынан  алдыӊкы орунда турарын макалада кеӊири баяндайбыз.

Брондолгон унаалардын келип чыгуу тарыхы...

Унааны алгач ойлоп таап чыгышканда ичиндеги жүргүнчүнүн корголушу, коопсуздугу тууралуу эч ким ойлогон эмес. 1914-жылы Эрцгерцог Фердинанд жубайы менен бара жаткан Gref&Stift маркасындагы унаасында террористтер тарабынан өлтүрүлгөн. Бул тарыхта биринчи жолу унаада бараткан мамлекеттик кызматкерге кол салуу эле. Окуянын натыйжасында биринчи дүйнөлүк согуш башталып, анын жүрүшүндө бронетехника иштелип чыккан.

Биринчи аскердик брондолгон унаалар Австро-Венгрия жана Германияда 1903-1905-жылдары кадимки жеӊил унаалардын үлгүсүндө жасалган. Бирок биринчи дүйнөлүк согушта мындай унаалар тапшырмаларды так аткара албагандыгын көрсөткөн. "Жарандык" брондолгон унаалар менен согуштук аскердик унаалар дээрлик бир мезгилде пайда болгон. Алардын алдыӊкысы - Opel тарабынан 1906-жылы Берлинде өткөн унаа көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн 18/32 PSүлгүсү. Унаа жеӊил куралдардан коргонууга ылайыкталган. Согуш жылдарында Германиянын Daimler компаниясы жүргүнчү ташуучу Мерседес унаасына жарым-жартылай брондоону колдонуп келген. Балким, бул толугу менен тарыхта аскердик эмес автоунааны коргоонун биринчи белгилүү окуясы.

O`Gara-Hess & Eisenhard тармактагы эӊ белгилүү компания

Европалык саясатчылардын көпчүлүгү эки согуштун ортосунда сооттолгон техникаларды колдонушкан эмес. Бирок, 30-жылдары Сталин брондолгон Paccardга өткөн. Ал эми Гитлерге брондолгон Mercedes-Benz 770 (W150) 1938-жылы ноябрда чыгарылган. Бир эле Гитлер эмес Геринг менен Гиммлердин да колуна өткөн Mercedes-Benz 770 (W150) үлгүсү абдан кызыгуу жараткан.

Анын терезесинин калыӊдыгы 40 мм, сооттун (брон) калыӊдыгы 18 миллиметрди түзөт жана электро магниттик эшик кулпу менен жабдылган. Дөӊгөлөктөрү брондолгон болоттон жасалган. 770тин брондолгон версиясынын өз салмагы 4,8 тоннаны түзүп, жалпы салмагы 5,5 тоннага жеткен. Мерседес 180 км / саат ылдамдыкта жүргөн, бирок кыска гана убакытка.

Германиядагы Мерседес-Бенц дагы, Россиядагы Лихачев заводу дагы эӊ эски брондолгон унаа өндүрүүчүлөр. Бул тармактагы эӊ белгилүү америкалык фирма O`Gara-Hess & Eisenhard болуп саналат. Ал 1887-жылдан бери иштеп келет жана учурда Ак үй үчүн атайын чыгарылган унааларды жеткирип турат. Компаниянын биринчи чыгарган унаасын АКШнын 33-президенти Гарри Труман колдонгон.

1963-жылы 23-ноябрда американын 35-президенти Жон Кеннеди унаада бара жаткан жеринен өлтүрүлгөндөн тарта Американын Ак үйү өзүнүн бардык унааларын брондолгон унааларга алмаштырган.

Сырткы көрүнүшү башкалардан айырмаланбайт

Бронетехниканы эки топко бөлсө болот. Биринчиси, эреже боюнча атайын жабдылган жүргүнчүлөрдү ташууга гана арналган унаалар. Экинчи топ - жүк купеси бар, акча жана баалуу буюмдарды ташууга ылайыкталган унаалар. Алар көбүнчө кичи автобустардын же фуралардын платформасында курулат. Ар кандай брондолгон унаа максатына карабастан унаа катары колдонууда коопсуз болушу керек.

Жеӊил жана жүк ташуучу унааларды брондоо ыкмалары бири-биринен бир топ айырмаланат. Бирок, сырткы көрүнүшүнөн жөнөкөй автоунаалардан айырмасы болбойт.  Жүргүнчү ташуучу автоунааны сооттоо татаалыраак. Кадимки унаанын кузову негиз катары алынат, эрежеге ылайык ал коопсуздуктун өтө чоӊ чегине ээ эмес. Атайын катууланган болоттон, айнектерден жана ар кандай кошумча жабдуулардан жасалгандарды орнотуу автоунаанын салмагын ондогон (коргоонун эӊ жөнөкөй версиясында), ал тургай бир нече жүздөгөн килограммга чейин көбөйтөт. Демек, анын көтөрүмдүүлүгү төмөндөйт. Мисалы, Волганын брондолгон версиясы айдоочудан тышкары, өтө кичинекей чемодан менен бир жүргүнчүнү гана ала алган.

Акчаны же баалуу буюмдарды ташуу үчүн автоунааларды брондоо жеӊил унааларга караганда жеӊилирээк. Көбүнчө коллектордук унаа түзүүдө сериялык фура же микроавтобус негиз катары алынат.

Дүйнөлүк бренд

Дүйнөдө эӊ мыкты брондолгон автоунаалардын сап башында Германиянын Klassen компаниясы Rolls-Royce, Lexus, Mercedes-Benz, Maybach сыяктуу кымбат баалуу унааларга ар кандай артыкчылыктарды кошкон компания катары белгилүү. Компаниянын акыркы долбоору - эӊ алдыӊкы катардагы бир топ өзгөртүлгөн RangeRover брондолгон жол тандабас. Анда коопсуздук үчүн орнотулган атайын жабдыктардын негизинде эки эшиктин аралыгы бир метрден 6,2 метрге чейин узарган. Ошондой эле адистер чатырдын бийиктигин көтөрүшкөн. Анын натыйжасында жол тандабас автобуска окшошуп кетет. Жүргүнчүлөр салонунда төрт орундук орнотулган. Жол тандабас эл аралык баллистикалык коргоо стандартына дал келет. Унаа 10 метр аралыкта 7,62 калибрдеги автоматтык куралдарга туруштук бере алат.  Мындан тышкары, Range Rover Пирелли компаниясынан атайын дөӊгөлөктөрдү алган. Бул оор жүк ташыган унаа бузулгандан кийин дагы 80 км аралыкка жүрө берет. Klassenден келген брондолгон автоунаанын баасы шаймандарга, жасалуу ыгына жараша 750 миӊден 1,2 миллион еврого чейин жетет. 

Канадалык Inkas компаниясынын адистери тарабынан иштелип чыккан Lincoln Navigator L базасындагы брондолгон унаа Klassen компаниясынын жол тандабасы менен атаандаша алат. Унаанын чатыры, анын түбү жана корпусунун бардык периметри боюнча панелдери жука, бирок өтө күчтүү темир плиталар менен бекемделип, жүргүнчүлөрдү 7,62 х 63 мм калибрдеги октордон жана бир канча гранаттык жарылуулардан коргой алат. Баасы 90 миӊден 99 миӊ АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле Klassen Rolls-Royce Phantom (1,8 млн. евро), BMW X5 Protection VR6 (851 миӊ евро),  Audi RS7 от AddArmor и APR (210 миӊ евро), Aurus Senat L700 (109 миӊ евро) автоунаалары жүргүнчүлөр үчүн коопсуз деп эсептелип, дүйнөдө алдыӊкы орундарда турушат.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Окулду 87 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы “Көчөттөрдү өстүрүү - токой питомниктери жана күнөсканалар” аттуу тренинг өткөрдү САЯСАТ ЖАНА МАДАНИЯТ »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved