Маалыматтык согуш күчөп жаткан ааламдашуунун бүгүнкү заманында саясат менен маданияттын өз ара алака-мамилеси абдан маанилүү болуп жатканы анык. Бул темада сөз кылаарда Кушнердин «маданият бул – мамлекеттин жөлөнгүчү эмес, түркүгү» деген сөзүн эске албай коюуга мүмкүн эмес. Саясаттын өзүн маданияттын ажырагыс бир элементи катары караганда да бул аныктамадан кыйтык табуу кыйын иш экендиги турган сөз.
Акыркы кездерде кыргыз саясатында да маданият тармагынын ар түрдүү өкүлдөрүнүн нукура саясатка биротоло аралышып кетүү учурлары арбыныраак кездешип жатканы саясат менен маданияттын өз ара карым-катышы жагдайында азын оолак болсо да кеп-сөз кылганга түртөт. Маданияттын белгилүү жана таанымал инсандары эзелтен эле мамлекеттик саясаттын маанилүү маселелерин чечүүдө орчундуу дегидей эле роль ойноп келишкендигин белгилей кетүү керек. Кеп бул жерде андай инсандардын таланты жана жөндөмү менен кошо саясий көз карашынын жана ошого жараша аракет кылуу дараметине да барып такалары маалым.
«Саясий маданият» түшүнүгүнө терме мүнөздө учкай көз жүгүрткөндө илимге он сегизинчи кылымдын орто чендеринде америкалык саясат талдоочулар тарабынан киргизилгени белгилүү. Саясий маданият, саясий психология жана саясий аӊ-сезим болуп бөлүнөт. Биринчиси адамдын саясатка, нормалардын, баалуулуктардын, жүрүм-турумдардын белгилүү бир системасына карата эмоционалдык мамилесин билдирет. Саясий аӊ-сезим да маданияттын маанилүү көрүнүштөрүнөн болуп, тигил же адамдын өзү жашап турган коомдогу саясий баалуулуктарды өздөштүрүүсүн өзүнө камтыйт.
БИЛYY, ОЙ ЖYГYРТYY ЖАНА ТУТУНУУ
Жалпы алганда, саясий маданиятты үч деӊгээлде карап-талдоого мүмкүн: таанып-билүүчүлүк, адеп-ахлактык жана жүрүм-турумдук. Таанып –билүүчүлүк деӊгээлинде билим, тажрыйба, саясий аӊ-сезим жана ой жүгүртүү деп түшүнүүгө болот. Адеп-ахлактык деӊгээл: саясий баалуулуктар, нормалар, салттар жана адаттар. Жүрүм-турумдук деӊгээл: мотивдер, көрсөтмөлөр, багыттамалар.
Саясий маданияттын өзүнө гана тиешелүү кызматын, милдетин, тактап айтканда, функциясын билип коюу да артыкбаштык кылбайт. Саясий маданияттын функционалдык негизги милдетине саясий тобокелчиликти- бийлик органдарынын социалдык-экономикалык субьектилериндеги ишмердүүлүгүн төмөндөткөн, пайдасыз чечимдерди кабыл алуу тобокелчиликтерин азайтуу, таасирин төмөндөтүү кирет. Мындай өӊүттөн караганда, кыргыз саясатчыларына чейрек кылымдан бери дал ушундай мүнөздөгү саясий маданият жетишпей жатканын зор өкүнүч менен белгилеп кетүү зарылчылыгы турат.
Коомдун саясий маданияты кененирээк алганда, институционалдык система менен өз ара аракетте болот. Бул өз ара аракеттенүүнүн алкагында өз ара таасир этүүчүлүк процесси жүрүп, бир жагынан институционалдык жана саясий система, экинчи жагынан саясий маданияттын трансформациялануусу ишке ашат.
КӨП СӨЗ ЖАНА ЖОК СӨЗ
Жарандык маданияттын белгилүү бир тибинин ийгиликтүү тикеленүүсү аркылуу гана постсоветтик өлкөлөрдөгү демократиялык транзиттин ийгиликтерин же кемчиликтерин байланыштырып жүрүшкөнү белгилүү. Алсак, Кыргызстандагы жарандык маданияттын азыркы тибин демократиялык транзиттин кандай ийгиликтери менен байланыштырууга мүмкүн деген суроого өлкөдө ушул кезге дейре жарым-жартылай формада болсо да өкүм сүрүүсүн улантып келе жаткан регионализмдин алкагынан туруп бир жактуу жооп берүү абдан кыйын. Аймактык жана кокту-колоттук бөлүнүп-жарылуучулук насилинде феодалдык коомдун эӊ эле начар калдыгы катары эсептелээрине көп учурда маани бербейбиз. Маани берген күндө деле аны жымсалдап же жаап-жашырууга аракеттенип калмайыбыз бар. Тартыш нерсе ар дайым баалуу. Кыргызда ынтымакчылык, биримдик, бүтүндүк сыяктуу баалуулуктар эмне себептен аздектелип колдонулаарына анча-мынчада бир назар салып коюу ашыкчалык кылбайт. Ал ырас, канда калыптанып калган стереотиптик көз караштардын өмүрлөрү салыштырмалуу түрдө узунураак, ал эми андан качуу кыйыныраак болору өзүнөн өзү түшүнүктүү. Ал үчүн белгилүү мезгилдин өтүүсү талап кылынат.
АРИСТОТЕЛДИК ЖАРАН
Жарандык коом жана толук кандуу мамлекет үчүн саясий маданияттын маанилүү ролу жөнүндө байыркы замандардын ойчулдары да айтып келишкен. Алсак, Платон мамлекеттин адилеттүүлүгү анын жарандарынын ушундай деӊгээлине жараша болорун белгилеген. Ал эми айтылуу Аристотелдин эсебинде, мамлекеттин саясий турмушуна активдүү катышкандар гана жаран деген атка татыктуу деп таанылууга тийиш болгон.
Коомдук келишим теориясынын тарапкери, улуу ойчул Жан Жак Руссонун пикиринде, ар кандай эле бийлик эл тарабынан сөзсүз көзөмөлгө алынып туруусу зарыл.
Маданиятка философиялык жактан баам салганда, маданият өкүлүнүн жекече, саясий же социалдык позициясы биринчилик же башкы ролду ойнобойт. Аларга салыштырмалуу, жазуучунун, актердун, сүрөтчүнүн таланты маанилүү деп эсептелет.
Акыркы мезгилдерде саясат жана коомдук жүрүм-турумга регулятор катары кызмат өтөп турууга тийиш деп саналган маданият бири- бирине өтө эле көз карандылык абалга кептелип, конфронтацияга алып келген учурлар кездешүүдө. Мындай кезеӊдерде маданияттын искусство тармагынын өкүлдөрүнөн өз чөйрөсүнө кайра кайтып келе албай турган чекти ажырата билүүлөрү талап кылынат.
Маданият менен личность бир жагынан маданият личностун тигил же бул тибин жаратуучулук жактан бири-бири менен ажырагыс байланышта болсо, экинчи жагынан личность маданият жаатында түзүүчүлүк, өзгөртүүчүлүк, жаӊылык киргизүүчүлүк ролдорду аткарат. Личность бул – маданияттын кыймылдаткыч күчү жана маданияттын жаратманы жана ошондой эле анын пайда болушундагы башкы максат десе болот.
Инсан маданиятка карата мамилеси боюнча бир канча ролдорду аткарат: маданияттын продуктысы; маданияттын түзүүчүсү; маданияттын керектөөчүсү; маданияттын таратуучусу ( транслятору).
МАДАНИЯТ ТYШYНYГYНYН КЕӉ ЖАНА ТАР МААНИЛЕРИ
Эӊ алгач «маданият» деп жер иштетүү ыкмаларын аташкан. Трактордун атайын чиркегичин «культиватор» деп аташканын эстеп көрүү жетиштүү. Бара-бара бул түшүнүк кеӊейип, адам акылынан жана күч эмгегинен жаратылган материалдык, руханий предметтердин баары маданияттын түрлөрү катары кабыл алына баштаган. Колдонуу ыӊгайына жараша маданият түшүнүгү тар же кеӊ маанисинде айтылат. Алсак, жогоруда сөз болуп жаткан саясий маданият мааниси боюнча тар түшүнүктөрдүн катарына кирет. Кеӊ жана тар маанилери боюнча алганда маданият түшүнүгү көпкө уланып кетет. Америкалык бир окумуштуу маданияттын 500 түрдөгү түшүнүгүн таап, иликтеп-жиликтеп чыкканы расмий айтылып жүрөт
Абдираим Мамытов
Толугу менен...