Версия для печати
Понедельник, 19 Октябрь 2020 04:07

ШАЙЛООНУН АРТЫНДАГЫ ШАЙТАН ОЮНДАР ЖЕ СОБЯНИН ЭМНЕ ДЕП ЭСКЕРТКЕН?

Yстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында россиялык «Независимая газетасына»  орустун беделдүү аналитиктеринин бири Александр Собяниндин «Кыргызстанга шайлоодон кийинки протесттик маанайдын коркунучу бар» деген аталыштагы макаласы жарыяланган. Бирок, ал кезде бул олуттуу ой жүгүртүмгө эч ким деле оӊдуу маани берген эмес. Парламенттик шайлоого жакшы камылгалар көрүлүп, ар кандай кокустуктардын алдын алуу чаралары ишке ашырылгандай маанайда бүт баары шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүүсүн уланткан.

Александр Собянин ал макаласында «парламенттик шайлоодон кийин анын негативдик акыбетинен качууга Кыргызстандын кымындай да шансы жок» деп баса белгилеген. Кудум эле өлкөдөгү бүгүнкү абалга ошондо эле аралашып, катышып калгандай катыра айткан экен. Ал Белоруссия менен Кыргызстандагы окуяларды «бир процесс» деп баалаган. Собяниндин пикиринде, көйгөйлөр Казакстан менен Тажикстанда да болушу мүмкүн.

БYЛYКТYН БАШЫ «БYТYН КЫРГЫЗСТАНБЫ?»

«Кыргызстандын БШКсы «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясына соттон утулуп, 10-сентябрда аны шайлоого кое берүүгө аргасыз болду. Чечим мыйзамды бек кармоого караганда да кезектеги дестабилдешүүдөн коркуу сезими менен кабыл алынгандай таасир калтырды. Арийне, башаламандыктардан качууга мүмкүн эмес. Алар шайлоодон кийинки маалды күтүүдө» деп белгилеген Собянин.Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстан» иш жүзүндө  шайлоо мыйзамынын бардык пункттарын бузган.  БШК аны шайлоого катыштырбай койгонго татыктуу эле чечим кабыл алган. Бирок, маанай-сезимдердин ашыкча эле кызып кеткенинен улам бийлик башаламандыктан кооптонгон. «Бүтүн Кыргызстандын» лидерлери шайлоого катышуу укугун сотто жеӊип алууга жетишкен. Сот имаратынын алдында партияны көп сандаган тарапташтары колдоп турушту. Собяниндин пикиринде, бийлик ошондо эле көп сандаган агрессивдүү жаштардан коркуп калган.

Собянин белгилегендей, Кыргызстанда шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын артында «россиялык күч түзүмүндөгүлөр» турган. Бирок, муну Россиянын позициясы деп түшүнбөө керек, бул тек гана генералдар, саясатчылар, саясат таануучулардан турган россиялык топтор деп кабыл алуу керек. Ар кандай  эле орус генералы же күч түзүмүнүн кишиси Кыргызстанда Россиянын ага карата добушу же позициясы катары кабыл алынат, бирок бул туура эмес.

Эксперттин сөзү боюнча, партиялардын лидерлеринде тыштан келген каржы ресурстарынын дарек-булактары боюнча так жооп жок. Собяниндин оюнча, акча каражаттары Кыргызстанга коомду дестабилдештирүү максатында чачылган жана алар жакындан тартып иштей башташат. Активдүүлүктүн учкуну шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган алгачы күндөрдө эле жылт этээрин баса эскерткен эксперт минтип жазат: «Бийликтин эки партиясы –«Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» парламентке кепилдик менен өтүүсүн камсыздоо максатында, шайлоокомдордун мүчөлөрүнө эмитен эле кысым көрсөтүлө баштап, аларга карата токоч жана камчы колдонулууда. Мына ошондуктан эл башаламандыкка себеп издеп олтуруунун деле кереги жок болуп калат».

БYТYYБY ЖЕ БАШТАЛУУБУ?

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 13 партиянын колдоочулары 5-октябрда Бишкектеги «Ала Тоо» аянтына  чогулганы белгилүү. Митинг тынч башталган. Кыргызстандын желегин көтөргөн көпчүлүк мамлекеттик гимнди ырдап, бийликти акыйкатка келүүгө чакырган. Парламенттик шайлоодо бийликчил партиялар арткандай көз боемочулук,  махинация, добуш сатып алуу менен көп мандатта жеӊишке жетишин элдин, жарандардын укугу тепселенгени катары кабыл алышканын айтышып, бул катачылыкты оӊдоо үчүн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Митингчилер өз талаптарына бийликтен жооп күтүп кечки саат сегизге чейин кылкылдап турушту. Бирок, ушунча элдин алдына Ак үй тараптан эч ким басып келген эмес. Корктубу, кооптондубу, тоотмоксондукка салдыбы, белгисиз. Президент тургай, бийлик бутактарын жетектегендердин бири да митингчилерге чыгып, алардын талабы тууралуу бир ой айтууга жарабаганы өкүндүрөт.

Собянин айткандын баары сөзмө сөз туура чыкты. Башталган башаламандыкты башкарууга да, басаӊдатууга да, токтотууга да мүмкүн болбой калган. Түн киргенде  чогулгандарды кубалап таратуу милдети күч органдарына жүктөлдү. Бийлик муну менен 2010- жылдагы бийликтин катасын кайталагандай болду. Күч  түзүмдөрүнүн тиешелүү аракеттеринин натыйжасында бир нече ондогон кишилер жарадар болуп, бир жигит алган оор жаратынан улам каза болуп калды.

ТӨӉКӨРYШТYН АЯГЫ -БАЯГЫСЫ БАЯГЫ…

Түнкү саат он бир жарымдар чамасында президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда саат 11де парламенттик шайлоого катышкан бардык партиялардын лидерлерин кабыл алууга макулдугун билдирген. Бирок, кеч болуп калган эле…

6-октябрга караган түнкү саат үчтө Ак үй алынган. Атпай кыргыз коркүп-үркүп, этияттанып жаткан үчүнчү төӊкөрүштүн биринчи түнү ушундай кырдаалда өттү. Байкоочулардын баамында, бул ирет да  Кыргызстан одоно жоруктардан буйтап өтө албаптыр. Ак үйдүн кээ бир кабаттары өрттөлүп, кээ бирлеринде талап-тоноочулук элементтери да орун алганын көрдүк.

Чогулгандар бири-бирине каракчылыктан, талап-тоноочулуктан алыс болууга чакырык жасашканы менен топураган калаймандын кайсы бирин ким токтотуп калмак эле?! Ал түндө эртеси бийликти бирден да, дүӊүнөн да кызыл чеке болуп талашышкан саясий лидерлердин бири да кандай себеп менен көрүнбөгөнүн түшүндүрүүгө эч мүмкүн эмес. Бийлик да, анын оппоненттери да мамлекеттик төӊкөрүштү уктагандай, а балким кандай болорун күткөн абалда өткөрүп жиберишкенин кыйытуу кыйынга турбайт.

Митингчилер бул түнү УКМКнын имаратын да басып алышып, анда абакта жаткан бир катар адамдарды бошотууга жетишкен. Бошотулгандардын арасында саясий туткун атка конгон Садыр Жапаров  жана кызыгы, мурдагы президент А.Атамбаев баш болгон бир катар адамдар бар эле. Бүгүн алардын көпчүлүгү кайрадан абакка киргизилди. Абакка кайтып келбегендерден С.Исаков жана А.Ибраев  мыйзамга жараша кылмыш иштери козголгону белгилүү болду.

Yчүнчү төӊкөрүш түпкүлүгүндө президенттик бийликти тартып алуу максатын көздөгөн деп айткан талдоочулар да аз эмес. Мындай  пикирлердин пайда болушуна митингчилердин ар кандай айла –амалдар менен «Жээнбеков кетсин!» деген ураанды көтөрүп туруп алышы да түрткү болгондугун айта кетүүгө тийишпиз. Калыстык үчүн деле айтканда, муну төӊкөрүш башталган алгачкы күндөрдө эле  Сооронбай Жээнбеков өзү баса белгилеп алганы бар. Кыргызстандагы бийлик төӊкөрүшүнөн кийин деле Сооронбай Жээнбековду президенттик тактыны ээлеп турууга өлкөдөгү мамлекеттик  бийликтин бутактарын укуктук тилкеге киргизүү маселеси гана аргасыз кылганын баса белгилеп коюу зарыл. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен өз ыктыяры менен кетүүсү үчүнчү төӊкөрүштүн бүтүүсүн билдиреби же башталышыбы, бул али белгисиз калууда.

«БИЙЛИК КЕРЕК ЭМЕС» ДЕГЕНДЕРГЕ ИШЕНYYГӨ МYМКYНБY?

Yчүнчү ирет  жүз берип жаткан мамлекеттик төӊкөрүштүн бир дурус деп эсептелген  жагын да белгилей кетүүгө туура келет. Ал –бийлик жана инсан жүзү. Канча жана кандай айтпайлы, бийлик азыр кыргызга, аныгыраагы кыргыз саясатчыларына абдан эле ширин көрүнүп жатканын аӊдоо үчүн ашкан акылдын деле кереги жок. Саясий элита деп шарттуу атап жүргөндөрүбүздүн дээрлик бүт баары бийлик дегенде ак эткенден так этип, ар кандай баалуулуктардан да кечип жиберүүгө даяр турушканына дал ушул үчүнчү төӊкөрүш ынанымдуу далил болуп бергенин белгилеп коюу керек.

 «Мага бийликтин кереги жок» деген сөз  ар кандай эле  саясатчынын оозунан тек гана саясий мода үчүн чыгаарын баса белгилеп койгон оӊ. Муну бийликти узун-туурасынан, бириндетип да, дүӊүнөн да бөлүштүрүүгө активдүү катышып жаткан азыркы саясий лидерлердин жан талашкан аракеттеринен оӊой эле байкоого болот. Дал ошондой аракеттерден улам азыр мамлекеттик бийлик бутактарында кризистик абал өкүм сүрүп баштаганын өкүнүү менен белгилейт элек. Кыргызстандын алыскысын мындай кой, жакынкы эле келечегине да шек жаралып тургандай таасир калтырган окуялар болууда.

 Бул ирет бийлик төӊкөрүшү кандай натыйжаларга алып келет, алдын ала болжоо кыйын. Көйгөйдөн көп эч нерсе нерсе жок. Алдыда аӊдыгандай абалда кыш турат. Коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну коколоп баштады. Мамлекеттик бийликтин эки тизгин, бир чылбырын бириктирип колго алууну максат кылып жаткандар мындай абалдан чыгып кетүүнүн жолун тезирээк табуусу зарыл.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 96 жолу