Ушул жылдын күзү саясий толкуулар менен башталды. Тилекке каршы, 4-октябрдагы өткөн шайлоого нааразы болгон партиялардын тарапташтарынын толкуну борбордон башталып, ак үйдү алганга чейин жетти. Натыйжада өлкө саясий туруктуулукка келе албай, учурда укуктук талаага аста секинден кайта баштаган учуру. Бул учурда саясий сөздөр эӊ эле көп айтылды, албетте, аны ар ким алына жараша түшүндү. Дегеле люстрация, импичмент деген эмне, кандай учурда колдонулат, ушул сыяктуу сөздүн түшүнүгүн- политсөздүктү сунуштайбыз.
Импичмент - бизчеге которгондо (англичсе impeachment –ишенбөөчүлүк, латынча impedivi - «алдын алуу, басуу») муниципалдык же мамлекеттик кызмат адамдарын, мамлекет башчысына чейин кызматтан четтетүү менен кылмыш жообуна тартуу процедурасы. Импичмент жараянындагы айып, эреже катары адамды мыйзамсыз жасалган иш аракеттери үчүн, башкача айтканда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайлап жасалган кылмышы үчүн айыптайт.
Легитимдүүдүк (латынча legitimus «мыйзам менен, мыйзамдуу) деген сөздөрдөн) –элдин бийлик менен макулдугу, алардын милдеттүү чечимдерди кабыл алуу укугун өз ыктыяры менен таануусу. Мыйзамдуулуктун деӊгээли канчалык төмөн болсо бийлик мажбурлоого ошончолук көп таянат. Мыйзамдуу аракет бул – аракетке каршы чыгууга укугу жана мүмкүнчүлүгү бар «оюнчулардын» эч кимиси каршы чыкпаган аракет. Кыймылдын субьектиси анын иш аракет укугун коргоо үчүн атайын аракеттерди көрүүгө аргасыз болгондо мыйзамдуу болбой калат. Саясий илимде легитимдүүлүк бул кайсы бир мамлекеттин же мамлекеттин жашоочуларынын, ири топторунун, коомдук пикирдин (анын ичинде чет элдиктердин) тигил же бул мамлекетте же өлкөдө иштеп жаткан бийлик институттарына болгон оӊ мамилесин жана алардын мыйзамдуулугун таанууну билдирген саясий жана укуктук түшүнүк.
Легитимдештирүү процесси бул өкмөттүн же саясий лидердин аракеттерин коомдук таануу процесси. Элдин ишеними жоголгондо, бийлик легитимизацияланат, анын эӊ жогорку формасы легитимдүүлүктүн кризиси. Бул кырдаалга элдин жана саясий элитанын кызыкчылыктарынын кагылуушусу, бийлик бутактарынын ортосундагы карама-каршылыктар, улутчулдуктун күчөп бара жаткан коркунучу ж.б.
Кворум (латынча quorumpraesentiasufficit – катышуусу жетиштүү санда) –мыйзам, уюмдун уставы же мыйзам алдындагы актылар менен белгиленген, жыйналыштын күн тартиби боюнча чечим кабыл алуу үчүн компетенттүү деп табылышы үчүн жетиштүү болгон жыйналыштын (чогулуштун) катышуучуларынын саны. Кворум катышуучулардын санына же катышуучулардын санынын орган мүчөлөрүнүн жалпы санына карата пайызына жараша аныкталат.
Эӊ көп колдонулган кворумдун варианттары:
• Эгерде жыйналышка анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү (же 2ү3 бөлүгүнөн ашыгы) катышса, бардык маселелерди кароого укуктуу.
• Кандай гана чечим болбосун добуш берүүгө укуктуу жарандардын жарымынан көбү добуш бериши керек.
• Жыйындын күн тартибиндеги ар кандай маселелер боюнча ар кандай кворум талаптары коюлушу мүмкүн.
Кворумду төмөнкү жолдор менен аныктоого болот:
• Жыйындын башталышында гана катышуучуларды каттоо;
• Катталгандан кийин эсептөө комиссиясы катышкандыгы жана кворумду бар экендиги (жоктугу) жөнүндө отчет берет;
• Катышуучулардын каалоосу боюнча;
• Туруктуу көзөмөл (келген жана чыккан катышуучуларды эсептөө комиссиясы тарабынан каттоо же электрондук тутумду колдонуу).
Кворум жок болгон учурда эреже боюнча жыйналыш башталбайт же үзгүлтүккө учурайт. Бирок айрым парламенттердин регламенттери кворум жок болсо депутаттардын келишин камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Мародерчулук (франсуздардын мародер «каракчысынан» мародердон «тоноого» чейин) – согуш кылмышы, алсыз же өлгөн адамдардын мүлкүн уурдоо же кароосуз калган имараттарды талап-тоноо. Эвакуация учурунда жаракат алгандардын буюмдарын уурдоо дегенди билдирет. Эл аралык укукта талап-тоноо түшүнүгү кененирээк каралат жана ошондой эле душмандын аймагынын тургундарын тоноону камтыйт. Мародерлук көбүнчө зомбулук аракеттер менен коштолот. Дагы бир эл аралык мааниси табигый кырсыктарга байланыштуу тынчтык мезгилинде ээн калан мүлктөрдү талап-тоноо деп да аталат. Бирок демократиялуу өлкөлөрдө демонстрация учурунда талап-тонооочулук, баш аамандыкка алып келген учурлардан улам бул сөз кеӊири масштабда кандай учур болбосун баш аламандык учурунда убакыттан пайдаланып бирөөнүн мүлкүн талкалап, тоноо менен коштолуп, колдонулуп келүүдө.
Люстрация (латындын lustratio - курмандык чалуу аркылуу тазалануу) – бийлик алмашкандан кийин киргизилген мурунку бийликтин саясий элитасы үчүн мыйзамдык чектөөлөр, активдүү жана пассивдүү шайлоо укугун чектөө түрүндө, ошондой эле мамлекеттик иштерди башкарууга катыштырбоо укугу болуп эсептелет.
Уюшкан кылмыштуу топ (ОПГ) бул – бир же бир нече кылмыш жасоо үчүн алдын ала бириккен адамдардын туруктуу тобу. Уюшкан кылмыштуу топ шериктештиктин формасы катары иш алпарат. Бул кылмыштарды жасоодон мурун анын мүчөлөрүнүн алдын-ала бүтүмү боюнча топ түзүлөт, бул белгилүү бир иш аракеттерди жасоого басым жасоону жана кылмыш ишин жалпы багытына багыт алууну билдирет.
Ыктыярдуу элдик кошуун (ДНД) –коомдук тартипти коргоодо, мамлекеттик чек араны коргоодо мамлекеттик укук коргоо органдарына ишкананын, мекеменин, үч чарбасынын көчөнүншаардын же айылдык деӊгээлде жардам берген ыктыярдуу уюм.
Толугу менен...