• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 19 Октябрь 2020 04:15

Безетки кеӊири тараган тери оорусу

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Безетки кеӊири тараган тери оорусу

Сулуулук темасына келгенде баарыбыз эле апакай, жылмакай терини элестетебиз. Бирок, адистердин айтымында, азиат улутундагылардын териси көйгөйлүү терилердин катарын толуктайт экен. Башкача айтканда, бул типтеги терилердин арасынан идеалдуу терилерди кезиктирүү кыйын. Мындан сырткары, биздин өлкөнүн климаттык шартына ылайык, терибиз  күн нурунан көп жабыркайт. Деген менен бүгүнкү күндө косметология өнүгүп, бардык шартта терини идеалдуу кармоонун жолдору көп. Бул боюнча косметолог Аида Ташиева кенен айтып берет.

«Азыр тери ооруларын алдын алуу толук мүмкүн»

- Биз жашаган өлкөнүн климаттык шартына жараша тери оорулары көп кездешет. Алардын эӊ кеӊири тараган түрү акне же болбосо безетки. Безетки  бул – теринин туура эмес иштөөсүнөн улам пайда болот. Өлүмгө учураган клеткалар жана тери майы, май бездери жайгашкан чач тамырынан(чач фолликулу) чыгуусуна шарт түзөт. Бүтөлүп калган тешиктерде азык көп болгондуктан, бактериялар көбөйүп, шишикти, башкача айтканда, безеткини пайда кылат. Безетки көпчүлүк учурда бетке, дененин арка, төш бөлүктөрүнө жайылат. 80 пайыз өткөөл курактагы улан-кыздарда кездешет. Бүгүнкү күндө акненин дарылоо мүмкүн. Бирок, узак убакытты жана жакшы кам көрүүнү талап кылат. Азыр косметология өнүккөн. Күндөн-күнгө жаӊы пайдалуу каражаттар чыгып, тери ооруларын алдын-алууга шарттар түзүлүүдө. Болгону айымдар терисине кам көргүсү келсе жылына жок дегенде бир жолу косметологго кайрылып, терини тазалатып туруусу зарыл.

Безеткинин пайда болуу себептери

- Эӊ башкы себеби гормоналдык өзгөрүү. Безетки жыныстык жактан жетилүү курагында көп чыгат. Бул гормондордун таасиринен. Бул маселе бети майлуу өспүрүмдөрдө көп кездешет. Мындан сырткары тукум куучулук касиетке ээ. Ген аркылуу берилген безеткиге жакындык да болот. Тамак сиӊирүүдөгү маселелер. Өнөкөт ич өтүү жана ичегилердеги теӊ салмаксыздык да көп учурда териде жаралган маселенин себепчиси болот. Туура эмес тамактануу. Жеген тамактагы ашыкча крахмал, шекер, куурулган жана майлуу азыктар, кофе, курамында йод бар азыктар да безеткинин пайда болушунун дагы бир себепчиси. Безеткиден арылууда дары-дармектерден көрө тамактанууну жөнгө салуу алда канча натыйжалуу. Тамеки жана ичимдик. Булар калыптагыдай зат алмашууну бузат, ал эми андан токсиндер жана уу ден соолукка айыккыс зыян келтирет. Тамеки менен ичимдиктин айынан бир гана бетке безетки чыкпай ар кандай тактар чыгып, тери өзүнүн жагымдуулугун, табигыйлыгын жоготот.  Нервдин бузулушу, стресс, тынчсыздануу да безеткинин себепчилери боло алат. Аба-ырайынын шарты, жыл мезгилинин жана климаттын алмашышы, ошондой эле күндө көп болуу да   безеткиге шарт түзөт. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай – макияж. Макияждын кээ бир түрлөрү безеткиге жеткириши мүмкүн. Макияжды өтө көп колдонгон айымдар сөзсүз түрдө безетки менен «кагылышат». Анткени, алардын териси күн бою дем алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбойт. А кечинде жакшы тазалабоо андан да көп безеткинин чыгышына шарт түзөт.

Безеткилер кандай болот?

- Безетки - бир адамда эле дароо бир нече түрү чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Акне жарасынын айрым түрлөрү жөнөкөй эле бактериалдык инфекция катары каралса, кээ бири тез арада клеткалар түркүмүн өлтүрүп, системалык оорулар менен байланыштуу болот. Косметологияда безеткини төрт стадияга бөлүп карайбыз. Биринчи стадиясында – териде 1ден 10го чейинки майда бүдүрлөр менен мүнөздөлөт. Ал эми экинчи стадиясында мындан да көбөйөт, болжолдуу 10дон 25ке чейин комедондор чыгат. Yчүнчү стадияда бугорлордун саны 50дөн ашканда, пустула папулалары пайда болот. Тери папулалары деп ичинде ак түстөгү тактары жок кызыл шишиктерди айтабыз. Кээде ооруксунтат. Тери алдындагы безетки деп да атоого болот. Ал эми  эӊ оор стадиясы төртүнчү этап болуп саналат. Мында тери катуу жабыркайт. 

Ачык комедондор

Кара чекит деп атап коебуз. Бул чекиттер ширеӊке талынын башынан чоӊ, тереӊдиги бир сантиметрге жакын болуп, ичинде көп өлчөмдөгү май болот. Аба кирип турганы үчүн кара түстө болуп көрүнөт. Кээ бир учурда карарып кетпестен, күӊүрт сары түстө көрүнөт.

Жабык комедондор

Ачык комедондор сыяктуу эле болот, бирок үстүн жука тери катмары жаап тургандыктан ичиндеги зат кычкылданбай, ак түстө калат.

Ириӊ баскан безетки (пустулалар)

Көрүнүшү кадимки безетки сыяктуу: айланасы кызыл, шишиген, ортосу адегенде ак түстөгү суюк, кийин катып баштайт (суюк кезинде тийбегениӊиз жакшы).

Дарылоо

- Жогоруда айтканымдай, дарылоонун түрлөрү көп. Биз көйгөйлүү терини экиге бөлүп карайбыз. Кургак жана майлуу тери деп. Кургак териге караганда майлуу терини идеалдуу сактап калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Себеби, майлуу териге бырыш түшпөйт. Ошондуктан жакшылап кам көрсө, идеалдуу сактоого болот. Ал эми кургак териге өтө кылдаттык менен кам көрүү талап кылынат. Косметологдун кеӊеши менен гана дарылоо жазылышы керек. Себеби, кургак териге тониктер колдонулбайт. Көп учурда айымдар тоник колдонуп жүрүп, терини ашыкча кургатып алышат. Бул көрүнүш терини тез карытат. Бетке эрте бырыш түшкөнүн да себеби ушунда. Безеткинин биринчи стадиясындагысын дарылоо үй шартында жүргүзүүгө болот. Керектүү каражаттарды туура тандап, адистин кеӊеши менен гана дарылоо зарыл. Мындан сырткары, түрдүү пилингдер бар. Мезотерапия жолу менен дарылайбыз. Плазматерапия деген бар. Мында тамырдан кан алып, атайын аппараттын жардамы менен кандын плазмасын бөлүп алып, беттин терисине куюп чыгабыз.

Кургак терилүү айымдар үчүн үй шартында жасалуучу маскалар:

1) 3 кашык быштак                            

     8 тамчы лимондун ширеси 

     1 чай кашык каймак

     1 даана жумуртканын сарысы

2)6 даана аскорутин таблеткасы

    3 кашык сулу кабырчыктар (овсяный хлопья -дүкөндөрдө сатылат 4-5

    злаков деген)

    6 кашык нак сүт

Баарын аралаштырып марлиге ороп бетке жаап 30- 40 мүнөт жатуу керек.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

 

Окулду 90 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Бөдөнө бизнеси: туруктуу үй-бүлөлүк киреше “Эл оӊолмоюнча, эл башчылар оӊолбойт” »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved