Өлкөбүз дагы бир оор учурду башынан өткөрдү. “Какаганга муштаган” деп айтылгандай, экономикалык кризиске үзөӊгүлөш болуп саясий кризиске кептелдик. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын толкунунун натыйжасында өлкө мыйзам талаасынан чыгып кетти. Түрдүү окуялар коштоду. Жогорку кызматтагыларды кууп ийдик, айрымдары өз ыктыярлары менен кызматын тапшырып, эмне кыларыбызды билбей карайлап, саясий күчтөр сүйлөшүүгө келе албай, татыктуу жол таппай саналуу күн ары-бери чайпалдык. Акыры шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Өкмөт алмашты. Укуктук талаага кайта баштадык. Президентке болгон нааразычылыктар токтобогондуктан, Жээнбеков отставкага кетти. Күн сайын саясий кырдаал өзгөрүүдө, толук кандуу турукташа элек. Бирок, дале болсо кайрадан шайлоо өткөрүү орчундуу бойдон калууда. Шайлоону таза, акыйкат өткөрүүгө өкмөттүн күчү жетеби? Добушун сатып, кайра нааразы болгон эл бул ирет сатылбайбы? Татыктуу парламент түзүлөбү? Кайра шайлоо өткөрүүдө мыйзамда эмнелер каралган? Бул суроолорго жооп издеп көрөбүз.
Кийинки шайлоо жаӊы мыйзамга ылайык өтөбү?
Болуп өткөн окуялардын келип чыгышына шайлоонун таза өтпөгөндүгү себеп болду. Шайлоодо төрт партия 7 пайыздык босогодон өткөн. Бирок, мындай жыйынтыкка шайлоого катышкан 16 партиянын 13ү каршы экенин билдирип, жогоруда белгилеп өткөндөй окуялар менен жыйынтыкталды. Учурда 6-чакырылыштын айрым депутаттары шайлоону кайра өткөрүүдө мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин билдиришүүдө. Бирок, буга каршы келген пикирдеги тараптар да жок эмес. Өкмөт башчы Садыр Жапаровду легитимдүү жол менен кызматка дайындоо учурунда ЖКнын кворумунда депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамдарына да ушул отурумда өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анда жаӊы жүздөргө жол берүү үчүн буга чейин колдонулуп келген форма №2ни жокко чыгаруу, босого ченди 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүү жана шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүү керектиги айтылган. Анткен менен кээ бир депутаттар колдосо, кээ бирлери кандайдыр бир себептерден улам жыйында кароону колдогон жок.
Ал эми жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо алдыӊкы үч орунду камсыздаган партиялардын шайлоого катышуу же катышпоосу тууралуу да кайчы пикирлер көп. Бирок, мыйзамда “катышпайт” деген каралган эмес. Алардын да кайра боло турчу шайлоого катышуу укугу бар. Бул тууралуу юрист Чыӊгыз Чотыгулов “Санжыра” радиосуна берген маегинде:
“Нааразычылыкка себепкер болгон үч партияны кайрадан шайлоого катыштырбай коюуга юридикалык негиз жок, башка маселе алардын моралдык жоопкерчилиги”, - деп белгилеген.
Ошондой эле көз карандысыз эксперт Руслан Акмат аталган радиодогу маегинде үч партия дагы да күчтөнүп туруп шайлоого барышарын жана мындай кадам жаӊы толкундоолорго алып келерин кошумчалаган.
"Үч партиянын өкүлдөрүнүн эл нааразы экен деп шайлоого катышпай коюуга саясий эрки жетпейт, тескерисинче алар дагы күчтөнүп туруп барышат. Анткени алар элдин оюн "уруп ойнобойт". Бул жаӊы толкундоолорго алып келет".
5-октябрдагы “элдик толкундун” басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Алар жаӊы жүздөрдүн келүүсүн талап кылышты. Бийлик алмашты. Бирок, жаштар “төӊкөрүштү” жасаган менен андан кийинки кадамдарын жасай алышкан жок. Мындай пикирин серепчи Мирланбек Убайдуллаев редакцияга билдирди.
“Эл аралык аренада аброюбуз дагы төмөндөдү”
-Эл аралык масштабда терс ой-пикир калтыра турган кайрадан үчүнчү революцияны жасап алдык. Каалайбызбы, каалабайбызбы ал эл аралык аренадагы аброюбуздун төмөндөшүнө алып келди. Ооба, аброюбуз өтө деле жогору эмес болчу.
Негизи бул төӊкөрүштү эгер “төӊкөрүш” деп атай турган болсок, жаштар жасады. Бирок, жасагандан кийин эртеси эмне кыларын билбей калышты. Ошол эле Тилек Токтогазиев, Жанар Акаев жана башка жаштар чыгып аянтта сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, бийликти кетирүү аракетин жасашты. Ал ишке ашкандан кийин өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуу, министрликтерди бөлүштүрүү иш аракеттерин, мамлекетти жаӊы нукка салуу жолдорун алар таба алган жок. Конкреттүү түрдө кырдаалдан чыгып кете алган жокпуз.
“Президент кызматын тапшыргандан кийин мыйзам боюнча биринчи референдум болуусу керек”
-Кайра шайлоо өткөрүүгө келсек, президент кызматын тапшыргандан кийин мыйзам боюнча биринчи референдум болуусу керек. Эгерде парламенттик шайлоо өткөрөбүз десек. Парламенттик шайлоо кандай болот? Бир мандаттуубу же партиялык түзүм менен келеби? Бул башка маселе. Экинчиси президенттик шайлоо. Кудай сактасын, жагдай оорлошуп, мамлекет боюнча өзгөчө кырдаал киргизиле турган болсо, шайлоо процессин узартса болот. Баары стабилдүү, нормалдуу болсо, белгиленген, жарыяланган күндөн баштап 45 күндүн ичинде шайлоо өтүшү керек. Теориялык негизде ушундай. Ал эми практика жүзүндө пандемиянын экинчи толкуну да күч алууда, аны убакыт көрсөтөт.
Дагы бир саясат талдоочу Жолдошбек Бөтөнөев таза шайлоонун өтүшү бийликтегилерден гана эмес, элден да көз каранды экенин белгиледи.
“Эл эч качан өзүнөн күнөө издебей жатат”
-Кечээги окуяларда элдин негизги талабы таза шайлоо өткөрүү жөнүндө болду. Эми кийинки шайлоолор таза өтөбү деген суроо турат. Макул дагы бир айдан кийин шайлоо болот. Ал таза өтөбү же кайра эле мурунку окуялар кайталанабы? Менин жеке көз карашымда “эл оӊолмоюнча, эл башчылар оӊолбойт”. Ачык айтыш керек. Эл шайлоого “түндүк-түштүк, тууганым, тага-жээним, досум” деген принциптер менен барууда. Ошондуктан, шайлоо акыйкатсыз болууда. Эл эч качан өзүнөн күнөө издебей жатат. Пандемия учурунда парламентке кандай гана сөздөрдү айтышпады. Кандай гана аттарды коюшкан жок. Кайра эле шайлоодо анын баарын унутуп коюшту. Акчага сатылышты. Анан кантип партияларды күнөөлөсө болот? Мейли партиялар “добушуӊду сат” деп барсын. Сатылбай койсо, аларды ким эмне кыла алмак. Бийликтин булагы эл. Бийликти көзөмөлдөөчү да эл. А бирок элдин деӊгээли көтөрүлүп, социалдык көйгөйлөр чечилмейинче таза шайлоо болбойт. Мунун баары элден көз каранды.
Андан сырткары кайра шайлоо өткөрүүдө жеӊишке жеткен партиялардын катышуусу жөнүндө «Академик» юридикалык компаниясынын директору, юрист Нургазы Абдувалиев төмөндөгүдөй оюн билдирди:
“Шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таанууда өлкөдөгү кырдаалдын курчуп кеткендиги негиз болгон”
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамынын 38-беренесинде көрсөтүлгөндөй шайлоо жараксыз деп таанылган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Ал эми кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат. Демек, аталган мыйзамдын талабына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган күндөн тартып бир айдын ичинде, тактап айтканда 2020-жылдын 6-ноябрына чейин кайра шайлоону дайындоого милдеттүү.
Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда мурунку шайлоодо жеӊишке жеткен саясий партиялардын катышуусуна мыйзам тыюу салбайт, бирок иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндөгү токтомунда негиз катары өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалдын чыӊалуусу андан ары курчуп кетүү мүмкүнчүлүгүн, адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган массалык толкундоолор жана башаламандыктардын жаралгандыгына байланыштуу деп көрсөткөн. Бул дегени мурдагы шайлоодо жеӊишке жетишкен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» саясий партиялары кайра өткөрүлүүчү шайлоого катышууга укуктуу дегенди билдирет. Бирок, бүгүнкү күндөгү биз кептелип турган өлкөдөгү абалдын себепкерлери да дал ушул үч партия болгондуктан, бул партиялардын кайра шайлоого катышууларына мыйзам жол бергени менен өздөрүнүн эрки жетишпейт деп ойлойм”.
Ал эми президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров шайлоо өткөрүү боюнча журналисттердин берген суроосуна бир канча варианттар каралып жаткандыгын, мөөнөтүн так айта албастыгын кошумчалаган.
«Азыр ар кандай варианттар бар. Ушул шайлоонун жыйынтыгын тааныйлы деген да варианттар бар. Кээ бири партиялык десе, кээ бири Конституцияны реформа кылып анан шайлоого баралы дешет. Ошондуктан азырынча белгисиз. Ошого так айта албайм», -дейт Жапаров.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Толугу менен...