Апта каарманыбыз Гүлсана Бапаева 6 жылдан бери медицинанын альтернативдүү дарылоо тармагында эмгектенип келет. Ал бардык оорулар беш себептин гана айынан пайда болорун жарандарга түшүндүрүп келүүдө. Быйылкы пандемия учурунда “өпкөгө массаж жасагыла, тердегиле жана да тердегиле...” деген кеӊештерди айткан Бапаеванын жардамы менен жылдын коркунучтуу илдети болгон коронавирустан айыгып жакшы болгондор да көп. Өмүрүн ак халат кийип элине арнап келе жаткан каарманыбыз тууралуу кенен баяндап берүүнү эп көрдүк.
“Үч жылдан бери натуралдык дарылоо ыкмасын колдоном”
-Мен Бапаева Гүлсана Жунусовна 1964-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Мөнөк айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө алты бир туугандын төртүнчүсүмүн. Атам Бапаев Жунус, апам Бапаева Жумагүл экөө баарыбызга татыктуу тарбия берип, өстүрүштү. Агартуу жолун алгач туулуп- өскөн айылдагы орто мектептен баштадым. Кийинчерээк которулуп, Ош шаардык У.Салиева кыздар орто мектебин 1981-жылы аяктагам. Билимимди медициналык жогорку окуу жайынан улантып, 1988-жылы бүтүп, врач-терапевт деген кесипке ээ болдум. 32 жылдан бери дарыгерликти аркалап келем.
Жолдошум Ажыкулов Сагынбек Аксы өрөөнүнөн чыккан өтө жакшы инсан болгон. Ал да медицина тармагында 30 жылдай тажрыйбалуу стоматолог болуп иштеп, 4 балага татыктуу билим, тарбия берди. Өмүрү кыска экен, бул дүйнөдөн өтүп кетти...
Медицина азыр официалдуу жана альтернативдивдүү болуп экиге бөлүнүп калбадыбы. Официалдуу медицинада аптека дарылар менен альтернативдүү медицинада натуралдык ыкмалар менен дарылайбыз.
Алты жылдан бери натуралдык ыкмага өтүп, берилип толук кандуу 3 жылдан бери иштеп келем.
Каарманыбыз карантин учурунда ооруларды алдын алуу, сактануу жолдорун өзүнүн социалдык баракчасында жарыялап келди. Анда негизги себеп катары нерв системасынын, кан айлануунун бузулушу көрсөтүлгөн. Дарыгер адамдарды аталган себептерден сактанууга чакырат.
“Бүт оорулар нерв системасынын жабыркашынан келип чыгат”
- Оорунун 1090 түрү бар, бардыгынын башаты 5 себептен турат. Ошол 5 себепти пандемияда карантинге жабылганда элге айтып чыга баштадым. Уккандар аз болду. Эч ким коронавирус оорусун мындай оорчулукту алып келет деп ойлобогон. Дарыгерлердин көпчүлүгү да мындай болот деп күтпөгөн.
Ошентсе да кандай гана кырдаал болбосун адам ооруну чакырчу беш себеп менен күрөшүп туруусу керек. Ал себептер: иннервация, гомеостаз, циркуляция, дисбиоз жана сезгенүү. Иннервация деген нерв системасы. Бүт оорулар нерв системасынын жабыркашынан келип чыгат. Адам кыжаалат болгондо, катуу депрессияга түшкөндө же дайыма ызаланып, турмушка жакшы көз караш менен карабастан, жинденип жүрүү нерв системасынын чыӊалуусуна алып келет. Бул мээге кандын жакшы барбай калуусун шарттайт. Мындан улам баш айлануу, баш ооруу пайда болот. Өзү оор абалда турган мээ моюндан ылдый бардык органдын жакшы иштешине тоскоолдук кылат. Ошон үчүн көӊүлдү болбогон нерсеге түшүрбөгөнүӊүз оӊ.
Экинчи себеп циркуляция – кан айлануунун начарлашы. Демек, нерв жыйрылганда кан-тамырлар да кысылып, кан айлануунун ылдамдыгы начарлайт да органдын клеткаларына жакшы жетпей калат. Кайсы органга кан жетпей калса, ошол орган жабыркай баштайт.
Үчүнчү себеп гомеостаз – кандын курамынын өзгөрүүсү. Мында нерв жыйрылганда кан-тамырдын катмарлары да жыйрылат да, тамырдын ичинде кан айлануу басаӊдайт. Ушул мезгилде кан-тамырдын ичинде жашаган микробдор көбүрөөк жашап, өзүнүн шлактарын чыгарып баштайт. Андан сырткары адам өзү сиӊире албаган тамакты көп жей берсе, алар да кан-тамырдын ичине чогулат да кандын курамы өзгөрөт.
Төртүнчү дисбиоз – организмдеги микробиомдордун(вирус, микроб ж.б) санынын көбөйүп кетиши. Анткени нерв жыйрылды, кан айлануу бузулду, кан-тамырдын ичиндеги кандын курамы начар жакка өзгөрдү. Канчалык кандын курамы өзгөргөн сайын ошонун ичиндеги чөйрө кычкыл чөйрөгө өзгөрүп кетет. Жогоруда айткан микробиомдор көбөйүп, организмге терс таасирин тийгизет.
Бешинчи сезгенүү – айтып өткөн төрт себептин бардыгы клетканын бузулушуна алып келет. Клетка нормалдуу тамак, кычкылтек ала албай калды. Клетканын ичиндеги чөйрө өзгөрдү. Ошондо клетка бүрүшүп, кичирейип, ооруга кабылат.
“Колду жууганда кир самынды колдонуу пайдалуу”
-Дегеле адам оорубасы үчүн санитардык эрежелерди сактоосу баарынан маанилүү. Буюм-тайымдарды кармадыӊызбы, колуӊузду дароо жууӊуз. Ага кир самын абдан пайдалуу. Себеби кир самында щелочь жогору. Щелочь бар жерде микроб, вирус жана башка зыяндуу заттар жашай албайт.
Андан сырткары адам кандайдыр бир ооруну байкап калса, сөзсүз түрдө беткап колдонгону туура. “Ооруну жуктуруп албайын” деп эмес, өзүндөгү зыяндуу заттарды башкаларга жугузбоо үчүн. Ошондой эле аралыкты сактоо учурда орчундуу.
Суу дагы организмде өзгөчө орунда турат. Андыктан сууну салмагыбызга жараша ичип туруу кажет. Көнүүгүлөрдү жасап туруу да ооруулардын алдын алууга өбөлгө болот.
Коронавирустун оор болушун жөнөкөй адамдар эле эмес, айрым дарыгерлер да ойлобогонун айткан Гүлсана Бапаева өз сөзүндө экинчи жолу дагы ооруга чалдыкканда организм мурункудан күчтүү күрөшүп, ооруну сездирбей жеӊип кеткенге аракет кыларын, ошондуктан экинчи жолу ооругандар жеӊил же орто абалда өткөрүшөт деп эсептерин билдирди.
“Коронавирус өзүнүн клиникасын, симптомдорун көрсөттү”
-Коронавирус өзүнүн клиникасын, симптомдорун көрсөттү. Адамдар бир нече күн бою дене табы көтөрүлүп кеткен учурлар болду. Айрымдарынын ичи өтүп, кара заӊ чыгып турду. Температурасы эрте менен 39 градуска көтөрүлсө, кечинде 32 градуска чейин түшүп кетти. Дене табы жогору болгон учур кээ бирлеринде 3 күндөн 20 күнгө чейин созулду. Даам, жыт сезүүсүн жоготушту. Алы кетип талыкшыгандар, кичине кыймылдаса эле тер баскандар катталды. Ушундай түрдүү симптомдор менен коштолду. Дарыгерлер да мындай ойлогон эмеспиз.
Азыркы мезгилде экинчи толкун жөнүндө сөз болууда. Кыргызстандыктардын 80 пайызы ооруса, 20 пайызы ооруган жок да. Ошолор эми оорууда. А буга чейин ооругандарда вирустан айыктык, оору толук кетти деген туура эмес. Иммунитет дайыма бир калыпта сакталып турбайт. Ал төмөндөгөндөн кийин кайра жуктуруп алуу коркунучу сөзсүз түрдө болот. Учурда “мен дагы жыт, даам билбей калдым” деген бейтаптардан чалуулар, кайрылуулар болууда.
Мен өзүмдүн практикама таянып экинчи толкун жеӊилирээк болот деп айтар элем. Себеби организм вирусту биринчи тааныган. Алгач вирус киргенде организм күрөшкөн. Экинчи жолу дагы инфекцияланганда организм мурункудан күчтүү күрөшүп, ооруну сездирбей жеӊип кеткени аракет кылат. Ошон үчүн экинчи жолу ооругандар жеӊил же орто абалда өткөрүшөт.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Толугу менен...