Быйылкы жыл дүйнө жүзү үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн оор жылдардан болду. Пандемия, бийлик алмашуу мунун баары экономикабызга терс таасирин тийгизбей койгон жок. «Азык-түлүк баасынын кымбатташы экономикалык кризистин кесепети» дешет серепчилер.
Абдыжапар Аккулов, серепчи:
«Коомдогу тынчтык үчүн негизги фактор – өлкөнүн экономикалык абалы»
- Кыргызстандын экономикалык абалы дегеле биз эгемендүүлүк алган жылдардан бери гүлдөп, өнүгүп-өсүп кеткен доорун эстей албайт экенбиз, тилекке каршы. Коомдо тынчтык болуусу үчүн эӊ негизги фактор өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалы. Эгемендүүлүктөн кийин өнүгүүнүн жолуна түшө албай эле, «өткөөл мезгилибиз» узакка созулду да. Дээрлик 30 жыл дегенибиз аз убакыт эмес. Мурдагы СССР державасы урагандан кийин биз сыяктуу республикалар бир топ өнүгүүгө жетишишкен. Борбор Азияда бизге салыштырмалуу Казакстан менен Өзбекстанды эле мисал кылып ала турган болсок, биздин экономикабыз бир топ эле артта калып кеткен. 90-жылдардан бери өзүнүн башынан жети-сегиз жолу жарандык согушту өткөргөн Тажикстан дагы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча бизге салыштырмалуу кыйла туруктуу өнүгүү жолуна түшүп алды десек болот. Ал эми биз эркин, демократиянын аралчасы деп бекерден таанылган эмеспиз. Биздин эле табиятыбыздан эркиндикти сүйгөн жан экен. Бирок, чынында бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруу деген идеологияны туура пайдалана албай жатабыз. Эгемендүүлүк тарыхыбызда үч жолку ревалюция дейбизби, төӊкөрүш дейбизби бийликтин алмашуусу жүз берди. Тилекке каршы, андан бери экономикалык абалыбыз жакшырып кеткен жок. Быйылкы жылдагы дүйнөлүк масштабда каралган пандемия биз сыяктуу экономикасы алсыз, чабал өлкөлөрдүн экономикасын олуттуу жабыркатты.
«Кечээги революция экономикабызды 15 жыл артта калтырды»
- Биздин бюджетибизде 30 миллиард сомдук тартыштыкты Өкмөт социалдык төлөмдөрдү ошол эле пенсия, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы, пособиени төлөөдө олуттуу эле көйгөйлөр болуп жатканын жашырбай байма-бай айтып жатканын эске алсак, бүгүн экономикабыз кубанарлык абалда эмес экенин түшүнүүгө болот. Мындан сырткары, акыркы болгон саясий туӊгуюкка кептелип калган учур. 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон толкундоолор кудум эле 2005-жылдагы шайлоонун артынан келгендей кризиске дагы келдик. Жыйынтыгында элестетиӊиз, 15 жыл дагы артка кетти деген сөз. Азыркы бийликтеги кризис, мамлекеттик башкаруудагы кризис. Учурда дүйнө жүзү карап турат, мыйзамдуу нукка келип, ишибизди мындан ары жөнгө салып, эл аралык мамилелерди бекемдөөбүз зарыл. Ал эми ички экономикалык абалыбызды «реанимациядан» чыгара албай турабыз. Кайсы бир саясий топтун оюндары же болбосо интригасы келише албай 5-октябрда өткөн толкундоолордон кийин бүгүн дээрлик 15 күн өтүп жатат. Дале туруктуулукка келе албай жатканыбыз өкүнүчтүү. Албетте, бийлик алмашкандан кийин алгач мыйзамдуу жактан бекемделиши керек.
Бийликтин негизги принциптеринин бири мен жогоруда айткан чабал экономикабызды бекемдеп, эч болбосо мурунку абалына түшүрүү керек болот. Алдыда кыш келе жатат. Пандемиянын экинчи толкуну күчөп, оорулуулардын санынын өсүп жатканы олуттуу маселе экенин унутпашыбыз керек. Ошол эле учурда коомчулукка күнүмдүк эӊ керектүү азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат. Мен ойлойм азыркы жаӊы түзүлгөн өкмөт тез арада жогоруда аталган көйгөйлөрдүн чечүүнүн жолдоруна программа иштеп чыгып, багыттуу иштерди турмушка ашырышы керек. Мисалы, элди отун менен камсыздоо. Учурда көмүргө болгон баа да өсүүдө. Демейде, ушундай көнүп алган экенбиз качан гана биринчи кар жаап, үшүк түшкөндө гана отун камдап, шашып калабыз. Ага карабай учурда көмүрдүн баасы 7 сомго чейин көтөрүлгөнүн көбүн тынчсыздандырып жатат. Андан сырткары, эки айдан бери эттин баасы да эбегейсиз кымбаттап кетти. Мындай азык-түлүккө болгон баанын өсүп жатышын жаӊы келген өкмөт кескин чараларды көрүп, антимонополиялык кызматтар аркылуу жөнгө салышы керек. Биз буга чейин быйылкы пандемиянын шартын да көрдүк. Дары-дармектер кымбаттап элдин чөнтөгүнө өтө чоӊ зыянды алып келди. Канчалаган адамдар ооруду, канчасы өтүп кетти. Бул деген сөз бюджеттен болобу, жарандардын жеке чөнтөгүнөн болобу өтө чоӊ суммада каражат кетти дегендик. Керек болсо такси кызматы да өзүнүн бааларын көтөрүп алганы байкалды. Кыскача айтканда, бүгүнкү күндөгү жашоо тиричилигибизге керектүү азыктардын, кызматтардын кымбатташы элибиздин жашоосун татаалдаштырды. Бир гана үмүт турат, тийиштүү тараптар иштиктүү программаларды иштеп чыгып, көзгө көрүнөрлүк иш аракеттерди жасайт деген. Көмүргө болгон бааны жөнгө салуу толук мүмкүн. Көмүр өзүбүздөн чыгат, Кыргызстан өзү көмүргө бай туруп, кээ бир шылтоолор менен эле күзүндө баасын кымбаттатып алуу өнөкөткө айланып калды. Ошол эле учурда канчалаган көмүр казылып жаткан менен «көмүскө бухгалтерия» же болбосо «черная бухгалтерия» дейбизби ошол жол менен кымбаттап жатат. Мындай жол менен кымбаттап жаткан бааны көзөмөлдөө, калыбына келтирүү толук мүмкүн. Учурда өлкө кээ бир саясий топтордун жеке амбициясын жоюп, өлкөнүн тынчтыгын ойлоочу кадрларга муктаж.
«Мыйзамды турмуш шартына ылайыкташтыруу зарыл»
- Албетте, мыйзам кабыл алууда элдин турмуш шартына ылайыкташ керек. Кээ бир мыйзамдар жашоо шартынан такыр эле артта калып кеткендей сезилет. Демек, мыйзам чыгаруучу органдар же болбосо антимонополиялык кызматта иштегендер ошол мыйзамдарды турмуштук шартка дал келбешин сезгенден кийин мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени көтөрүп чыгышы зарыл. Азык-түлүктүн баасын 30% га чейин кымбатташын күткөндөн кийин эмне үчүн айлык маянанын же болбосо пенсиянын, жөлөк пулдун да өлчөмүн көтөрүшпөйт?! Мындай көрүнүштөр албетте, көмүскө бухгалтериянын иштеп жатканынан, тийиштүү тараптардын ич ара иш алып барып жатканынан кабар берет. Өзүӊүздөр көрдүӊүздөр, пандемияда дары-дармектин баасы кандай өстү?! Күйүүчү, майлоочу майлардын базадан чыгарылып жаткандагы баасы 19 сом болсо бизде 40, 45 сомго чейин көтөрүп сатып жатышты. Бул маселени кайра-кайра көтөрүп жатып, Жогорку Кеӊеште карап, баасын 40 сомдон көтөрүлбөсүн деп талап коюп беришкен. Бирок, аймактарда айырмачылык дале болсо чоӊ бойдон калууда.
«Социалдык теӊдикти камсыздаган саясат керек»
- Бизде жашоо шартыбызга төп келген мыйзамдар жок эмес, бар. Маселе анын аткарылышында болууда. Жогоруда айтып өткөнүмдөй экономикалык саясатты жүргүзүүдө көмүскө экономиканы ачыктап, ордуна келтирмейин мыйзамды аткаруу өзү кыйынга турат. Союз мезгилинде Кыргызстан Борбор Азиядагы көмүр запасы боюнча дээрлик биринчи орунда турчу. Мына ушундай кен байлык өзүбүздө туруп, аны калктын чөнтөгүнө ылайыктап коюп бере албай жатабыз. Кен байлыктар мамлекеттики, аны ижарага алып иштетип жаткан компаниялар көзөмөлдөн чыгып кеткен. Мыйзамдык негизге тыкыр көзөмөлдөсө болот бирок, ал жерде да мыйзам иштебей калууда. Айталы, бир жылда 1 миллион тонна көмүр өндүрүлгөн болсо, биздин документтерде 300-400 миӊ тонна көмүр сатылды деп эле жазылууда. Калган көмүрдүн баасы, андан түшкөн салык мамлекетке түшпөй жатса бюджетти кантип көтөрөбүз. Сөзүмө кошумча Ош шаарынын мэринин бир ишин айтайын, шаардагы алгылыктуу иштер, оӊдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Саресеп салып көрсөӊүз жергиликтүү бюджеттен көп деле каражат жумшалган эмес. Бүт демөөрчүлөр аркылуу, жеке ишкерлердин демилгеси менен бүткөрүлгөн болот. Бул албетте, жакшы нерсе, эмне үчүн отунду камсыздоочу ишканалар менен ушундай сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө болбосун?! Ошол эле азык-түлүктүн баасы боюнча. Кээ бир азыкты атайын базарга убактылуу чыгарбай турушат да, элдин суроо-талабы өскөн учурда чыгарып, каалаган баада сатышууда. Албетте, андайда эл аны талап алат. Бул чайкоочулуктун өзүнчө «искусствосу» окшойт деген ой келет. Биз эмне үчүн революция жасап жатабыз, ушуга окшогондор ачыкка чыксын деп. Элдин жашоо шарты оӊолсун, эл камын ойлогон адамдар келип иштесин деп чыгуудабыз. Эмне үчүн элдин эсебинен бир адам байып кете бериш керек да, кээ бир адамдар өмүр бою бир бутуна өтүгүн, экинчи бутуна туфлисин сүйрөп жүрө бериши керек. Ошол үчүн социалдык теӊдүүлүктү камсыздаган да саясат зарыл. Жаӊылануудан үмүт кылган коомчулук кечээги өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыгышты. Күнүмдүк керектөөӊүзгө каражатыӊыз жетип турса, эмгек акы жогору болсо, турак-жайыӊызда көйгөйлөр болбосо, тапкан каражатыӊыз азык-түлүктүн кымбатташына карабай жетип турса мындай нааразычылыктар болушу мүмкүн эмес эле. Тилекке каршы, ички рынокто да баалардын туруксуздугу элди кыжаалат кылып, тынчсыздандырууда. Экинчиден, канткенде да мамлкеттин келечеги туруктуу өнүгүүгө түшө албаса, күмөн экенин көрүп жатабыз. Быйылкы пандемия сырткы шериктештерден ири өлчөмдө жаӊы карыз алууга себепчи болуп берди. Натыйжада бюджеттин карыз бөлүгүн аябай чоӊойтуп алдык. 2021-2022-жылдан баштап азыркы төлөп жаткан сырткы карыздарыбыз көлөмү эки эселеп төлөөгө, ал дегенибиз 300 миллион долларга чейин бюджеттен төлөөгө туура келип калат. Ал эми биз аны эмненин эсебинен төлөйбүз, сырткы эмес, ички төлөмдөрдү толук кандуу төлөй албай жатканда. Албетте, мындай экономикалык кризис бизге алдыда оор күндөрдү алып келерин түшүнүшүбүз керек.
Бактыгүл
Калдарбай кызы
Толугу менен...