Версия для печати
Вторник, 27 Октябрь 2020 06:27

КАДРДЫН КАДЫРЫН УБАКЫТ БААЛАЙТ

Коомдук турмушта байлык менен бийликтин орду өлчөөсүз чоӊ жана ойногон ролу ченемсиз маанилүү экендиги талашсыз. Бүтүндөй адамзаттын бүкүлү тарых-таржымалы, алыс-жакын келечеги да ушул эки негизги категория менен тыгыз жана бекем чырмалышып калгандыгын танууга мүмкүн эмес. Ар кандай эле чоӊ-кичине каршылашуулар менен кагылышуулардын артында ушул эле түшүнүктөр жатаары маалым.

Айтылгандарды Кыргызстанда буга чейин болуп өткөн эки жолку мамлекеттик бийлик төӊкөрүштөрү далилдеп келип, ага анча ынана бербегендерге эми үчүнчүсү күбөлөндүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз.

Азыр баарыбыз баш катырып жаткан базар экономикасы деген түшүнүккө сэр Уинстон  Черчилль: «Базар экономикасы барып турган ыймансыз экономика, бирок мындан ыймандуусун адамзат али таба элек» деп табалагандай эле аныктама бергенин айтышат. Бийлик менен байлык түшүнүгү базар экономикасынын ошондой балекет-мээнеттери менен чырмалышып турган доордо ар кандай эле төӊкөрүштүн максат-мүдөөсүн аӊдап-баалоо кыйын маселе эмес. Андайда алгач көзгө ар кандай эле бийликтин кадр саясаты урунаары белгилүү. Мамлекеттик бийлик органдарында салыштырмалуу бир топ мезгил иштеп, калктын көзүнө түшүп, көӊүл назарына илинип калган кадрларды республикадан табуу барган сайын кыйындап баратканын өкүнүү менен белгилөөгө болот. Кадрлардын андай жоон тобу Кыргызстандын алгачкы ажосу Аскар Акаевдин тушунда пайда болгондой таасир калган. Муну балким, ошол кездеги шарт-кырдаал, атап айтканда эгемендүүлүктүн эӊ алгачкы күчтүү эпкини, экинчи жактан Союздук кадр саясатынын али жүзүн жогото элек таасири деп да түшүнүү керектир. Бакиевдик доор кадр даярдоого үлгүргөн жок, убакыт беришпеди. Андан бери саясатчылар, саясий ишмерлер жана саясий лидерлер деп аталгандардын катары өссө өскөндүр, бирок мамлекеттик кызматтардын чыгаандары дегидей кадрдык резерв боппош тургансыйт.

КАДРЛАР КАНЧАСЫН ЧЕЧЕТ?

Ар кандай эле бийликтин ийгиликтүү же ийгиликсиздигинин негизги көрсөткүчү көп жагынан кадрдык саясатка жараша болоору белгилүү.Союздук мамлекет кезибизде Сталиндин  «кадрлар баарын чечет!» деген учкул сөзү бар эле. Анда албетте, кадрларга көп учурда Сталин өзү тыкыр көз салып турганын унутууга болбойт. Кадр саясаты бийликтин абдан талуу жери деп саналат. Бүгүнкү кыргыз бийлигининин алдында да кадр маселесине абайлап көӊүл бөлүү милдети турат. Учурда  республикада жаӊы өкмөттүн жаӊы кызматтык дайындоолору коомчулукта дароо эле сынга алынууда. Жалал-Абад облусуна өкмөттүн өкүлү болуп жаӊы дайындалган Абсатар Сыргабаев Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени, ал эми Ошко дайындалган өкмөт өкүлү Жарасул Абдураимоадун жашы өйдөлөп калганы коомдук сайттарда кызуу талкууланууда.

Садыр Жапаров бийликке келгени кыргыз өкмөтүнүн курамы 70 пайызга  жаӊыланды. Күн сайын олуттуу кадрдык дайындоолор жүрүп, алардын айрымдары коомчулукта суроолорду жаратууда.

«Кадрлар барын чечет!» деген улуу сөз бүгүнкүдөй бийлик, мансап талашуунун жапайычылыктай  шартында «Кадрларды баары чечет! маанисине өтүп кетпегендей кырдаалды кармануу зарылчылыгы бар экендигин унутпаш шарт.

Айрым талдоочулар  соӊку кадрдык дайындоолор компромисс менен жүрүп жаткандай болуп жатат дешүүдө.

 «Эски бийликтен, моралдык укугу жоктор, Садыр Жапаровду сүрөгөн топтор жана популисттер келип жатат. Нуржигит Кадырбеков маданият министри болду, ал «Ыйман» фондунан келбеди беле.  Жупуну тил менен айтканда, бул адам   дааватчы да. Маданият тармагында маданиятты түшүнгөн кесипкөй адам жок. калдыбы деген суроо жаралат» дейт саясат талдоочу Нурбек Муктар.

Өкмөт башчы эле эмес, президенттин да ыйгарым укуктарына ээ болгон Садыр Жапаров кадрдык саясат жүргүзүүдө биринчи кезекте кесипкөйлүккө басым жасаарын минтип айткан эле:

«Президенттик аппаратка жаӊы команданы алып келбейм, арасынан ишин тарта албай жаткан кадрларды гана алмаштырам, эгер кесипкөй кадрлар болсо калганын калтырам.Тигинин же мунун кадры деген бизде болбошу керек.Бул мамлекеттик иш. Ошондой мамиле кылуубуз керек. Жеке менчик ишканадай карабашыбыз керек. Туура, люстрация болушу керек. Аны жасайбыз».

«Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолорун байкасак, мурункулардан өтө деле айырмаланчу жери жок. Баягы, эски элитанын эле оюндары, ыкмалары байкалып жаткандай. Ошол эле кадрлардан туруп жатат. Элдин жаш, иш билги,билимдүү, жаӊы технологияларды билген адамдарды мамлекеттик кызматка алып келсек деген үмүтү бар болчу.Азыркы кадрдык дайындоолордон өз кландарын, командасын бекемдөө максатында эле иш алып барып жатканы көрүнүп жатат. Мурунку тырмоочту кайра-кайра басып жатабыз. Люстрация реалдуу нерсе, бирок ага аткаруучулар даяр эмес го» дейт жаш саясатчы Ренат Самудинов.

Ошентип президенттик жана өкмөт башчылык милдетти бир колго алган Садыр Жапаров кыска мөөнөттүн ичинде  көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин алмаштырды. Бирок, коомчулукта жаӊы дайындалгандарга карата «эскилер» жана «тажрыйбасыздар» келди» жана «жек-жаат топтолду» деген  айыптар жаӊырууда.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев жаӊы кадрлар кандай критерий менен тандалып жатканын мындайча түшүндүрдү:

«Коюлган кадрлардын баары азыр биротоло коюлган жок. Алар белгилүү бир сыноо мөөнөтү менен дайындалып жатат. Жыйынтык чыгарса чыгарды, чыгара албаса мурдагыдай көп убакыт берилбейт. Аларга көп талап бар. Эгер аларды аткара албаса, кайра кызматтан алынат».  Жаӊы дайындалгандарга карата коюлуп жаткан «көп талаптын» башкыларынын бири дал ушул шайлоолорго байланыштуу болушу мүмкүн дешет талдоочулар.

Президентин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жакында «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде кадр маселеси боюнча мына буларга токтолду:

«Мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге жана ушундай кирешелүү тармактарга кызматтарга койгондо акча менен коюп калган экен. 30 жылдан бери ушуга көнүп алышкан. Ар бир кызматтын «ставкасы» бар экен. Мисалга, кызматта турганыма он күн боло элек, менин жакындарыма, маселен уулума чыгып туруп, «үч жүз миӊ долларды бере коелу, мени баланча жерге кое кой», « 50 миӊ доллар берели, түкүнчө кызматка алып бар» деп чыгып жаткандар көп болуп жатат. Алардын бардыгын биз жок кылып, таза мамлекетке айлантабыз деп жатабыз. Булар ойлоп жатат окшойт, жакындары аркылуу акчаны берип, мурдагыдай жумушка турабыз деп.Мындан ары андай болбойт»,-деди Садыр Жапаров.

КЕСИПКӨЙ КАДРЛАРГА КАЧАН КАРК БОЛОБУЗ?

Эгемендик жылдарында Кыргызстандын ырааттуу кадрдык саясаты калыптанбаганын талдоочулар баса белгилеп келишет. Yч жолу ыӊкылап жолу менен бийлик алмашса дагы, кадрдык саясат ошол бойдон калып, улам бир өкмөт келип-кеткени менен, анын курамы мурункулардан эле туруп жатат.

«Перспектива» аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев буга чейин өткөн талкуулардын биринде кадр саясатын аныктоодо Кыргызстанга мүнөздүү  төрт факторду белгилеген эле. Алар: регионалдык-кландык, саясий, кесипкөйлүк жана квоталык.

Өлкөдө 2010-жылга чейин кадрдык саясатта регионалдык-кландык фактор негизги ролду ойноп, бирок ал Атамбаевдин тушунда бир аз күчүн жоготкондой болду. Бирок, соӊку кездерде кадрларды дайындоодо саясий соодалашуу фактору алдыга чыгып,

кесипкөйлүк дагы деле негизги фактор боло албай жаткандыгы байкалат. Кадр саясатындагы мындай абалдын туура нукка бурулушу үчүн дагы канча убакыт же мезгил талап кылынат, канчалык кааласа да, муну жаӊы бийлик да айта албоосу ачык болуп баратат. Бул үчүн үчүн  аны айыптоонун пайдасы жок.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 93 жолу