Боор үчүн пайдалуу азык – бал
Оозуӊузга ачуу даам келип, оӊ жак капталыӊыздын кабырга асты ооруксуп турса бооруӊузга аяр мамиле кылыӊыз. Боордун “мүнөзү чатак”. Ага урмат менен мамиле кылбасаӊыз болбойт. Бооруӊуз кандай тамактанууну жакшы көрөрүн аныктап алганыӊыз жакшы. Буга ар түрдүү жашылчалар: сабиз, капуста, помидор, бадыраӊ, ашкабак, укроп. Эттен – үндүк жана торпок эти, ошондой эле майлуу эмес балык (форель) сыр, сүт, быштак, кефир, йогурт, бышырылган жумуртка пайдалуу. Боор үчүн эӊ баалуу тамак бул бал. Эгерде ага аллергияӊыз жок болсо – күнүнө 2 жолу 1 кашыктан жеп туруӊуз. Спорт менен машыгууну да унутпаӊыз. Боордун жактырбаганы: туздалган, маринаддалган тамак-аштар, спирт ичимдиктери, күчтүү кофе, майлуу тамак жана ашыкча жеп жиберүү.
Тамак ооруга анар дабаа
Кышкысын тамак оору тез кармайт. Мындайда колдонуучу эӊ жөнөкөй ыкма: Анардын кабыгын майдалап, 1 чоӊ кашык өлчөмүнө 200 гр. кайнак суу куюп, жабык идиште 20 мүнөт кармаӊыз. Анан аны чайкап алып, күнүнө 3-4 жолудан тамагыӊызды чайкаӊыз. Анар жеген убакта кабыгын бөөдө ыргытпай, кургатып сактап койгонуӊуз жакшы.
Уйкусуздукту унут
Уйку качып, түнү кыйналып, таӊында өзүӊүздү жаман сезип жүрсөӊүз эмне кылуу керек? 50 грамм укроп уругу менен 250 грамм кагорду аралаштырыӊыз да, жай отко 10 мүнөт кайнатыӊыз. Андан соӊ суутуш үчүн 1 саат коюп коюӊуз. Кайнатманы күнүнө 1 чоӊ кашык менен жатаар алдында ичиӊиз. Уйкуӊуз кадимкидей калыбына келет.
Чач түшпөсүн десеӊиз...
Адам күчтүү дары колдонуп ооруганда, нерв системасы бузулганда же башка бир себептер менен чач түшкөндө тынчыӊыз кетпей койбойт. Андыктан төмөнкү сунушка көӊүл буруӊуз. 1 чай кашыктан: коньяк, кастор майы, бал жана пияздын согун аралаштырып, чач түптөрүнө сыйпаӊыз да, башыӊызды жылуулап полиэтилен менен, анын сыртынан жоолук же сүлгү менен ороп коюӊуз. 2-3 сааттан кийин жууп салыӊыз. Чачты сөзсүз калыбына келтиргиӊиз келсе, эки жумада бир жолу сүйкөп, чач калыбына келгиче кайталаӊыз.
Ашкабактын пайдасы
-Ашкабак - ашказан оорусуна дабаа, ошондой эле ичегинин, өттүн иштешин жакшыртат. Ич катканда жардам берет. Көзү начар көргөндөргө ашкабактын ширесин ичүү пайдалуу. Индияда ашкабак менен туберкулезду дарылашат. Уйкусуздукка бал кошулган кайнатмасы жакшы. Кош бойлуулар болсо токсикоз учурунда ашкабактын данегин чагышса, жүрөк айлануусун басаӊдатат. Ошондой эле ичегидеги чүчөк курттарды да ашкабак данеги менен жоготсоӊуз болот.
Өрүк жүрөккө жакшы
-Өрүк бул жүрөк булчуӊдарынын иштешинин жакшырышына баа жеткис дары. Чарчоодон арылтат, канды жана боорду тазалайт. Курамындагы калий менен каротин ашказан жарасын күчөп кетүүдөн, бөйрөккө таштын толушунан сактайт. Ошондой эле өрүк – кан айлануусу начарларга, инфаркт болгондорго жана жүрөктүн согушун калыбына келтиргендерге пайдалуу. Кышкысын өрүк кагынын табигый түрдө кургатылганын жеп туруӊуз. Өрүктү дайыма жегендердин териси жаш, чачы кайраттуу болот. Эскертебиз, бул жемиштин таттуулугу жогору болгондуктан, диабетке карама-каршы.
Толугу менен...