Версия для печати
Пятница, 06 Ноябрь 2020 03:58

МЫЙЗАМДЫК АЛКАК

ПРЕЗИДЕНТТИ 10-ЯНВАРДА ШАЙЛАЙБЫЗ

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун артындагы шайтан оюндардан азыр башкасын кой, шайтандын өзүнүн да шакыйы кармап, анча-мынчага шаасы жетип- жетпей,  шаштысы кетип тургандай таасир калат. Анткени, учурдагы кыргыз саясатында мыйзамдык алкак менен катарлаша казуистиканын элементтери да ээн-эркин өмүр сүрүүдө. Казус дегенде соттук практикалардагы татаал ишти, ал эми казуистика дегенде айрым, бөлөк учурларда чогултуп, бирок жалпы догмага багындырылып, баш ийдирилүүчү схоластикалык баш айлантма ыкманы түшүнөбүз. Калыӊ журттун албетте, муну менен көп деле  иши боло бербейт, бирок саясатчылар менен юристтер үчүн мындай учурларды  оӊой кое берүү өзүнчө эле бир азапка тете. Мындайда мыйзамдык алкак менен кадимки эле казуистиканын элементтери  жапырт жарышка түшүп, жакалашып жатып калышмайы бар.

Буга чейин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү милдетин аракеттеги мыйзамдуулукка таянуу менен Боршайком мойнуна алгандыгы белгилүү. БШКнын чечимине ылайык, парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо келерки жылдын 10-январына дайындалган. Бирок, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш кайра шайлоолорду келерик жылга жылдыруу жөнүндө чечим чыгарып салганы белгилүү. Боршайком Жогорку Кеӊештин бул чечимин жокко чыгарып берүү жөнүндөгү кассациялык арыз менен 29-октябрда  республиканын Жогорку Сотуна кайрадан кайрылган. Эске сала кетсек, 24-октябрда Административдик сот БШКнын  2020 -жылдын 20-октябрында кайра шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чечимин жокка чыгарган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча аталган арыз качан каралаары белгисиз. Боршайкомдун бул маселе боюнча буга чейинки арызы мамлекеттик пошлина төлөнбөй калгандыгынан улам артка кайтарылган. Жогорку Кеӊеш өз чечимин кабыл алууда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 38-жана 63-беренелерин токтото туруу жөнүндөгү мыйзамына таянганы айтылат. Кайра шайлоо Конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбеген мөөнөттө өткөрүлүшү керек.

Арийне, парламенттик кайра шайлоонун 20-декабрда өткөрүлүүсүн бир катар саясий партиялар колдошууда. Алар жакында «Yмүт» деген аталыштагы жаӊы коомдук-саясий кыймылга биригишип, 20-декабрга белгиленген шайлоону өткөрүүгө бел байлап турушканын билдиришүүдө. Кыймылга «Мекен ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа», «Социал-демократтар», «Замандаш» партиялары кирген. Кыймыл 28-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, бийликке карата бир катар талаптарды камтыган резолюцияны кабыл алды. Резолюцияда бийликке карата төмөнкүдөй талаптар бар:

- 20-декабрда кайра шайлоону өткөрүү;

-президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо босогосу 3 пайызга чейин төмөндөтүлүүсү көрсөтүлгөн «президентти жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга кол койсун;

- 4-октябрдагы шайлоолордо добуштарды сатып алуу жана админресурстарды колдонуу учурларындагы аракетсиздиктери үчүн ИИМ, Башпрокуратура, УКМКны жоопкерчиликке тартуу;

-БШКга кысымды токтотуу;

-ЖогоркуКеӊештин өзүн өзү таратуусу;

-партияларга шайлоо күрөөсүн кайтаруу.

Резолюцияны окуган Темирбек Асанбековдун сөзү боюнча, эгерде талаптар угулбаса, жарандык акциялар улантылат.

Кыймылдын катышуучулары башка партияларды да «Yмүткө» биригүүгө чакырышты. Алардын айтымында, чакырыкты 15 партия колдоого алып, алардын арасында «Эгемендүү Кыргызстан», «Тынчтык», «Бийлик элге», «Народно-демократическая партия Кыргызстана», «Зеленые», «Глас народа», «Бийлик жаштарга», «Нур» либералдык-демократиялык партиясы бар.

ЖОГОРКУ КЕӉЕШТИН МӨӨНӨТY КАЧАН БYТӨТ?

Жогорку Кеӊештин депутаттарынын мөөнөтү жагдайында да казуистикалык дегидей эле эле  жоромолдорго жол берилип жатканын танууга болбойт.

Негизинен алганда Кыргыз Республикасынын алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын Конституцияда көрсөтүлгөн иш мөөнөтү 28-октябрда аягына чыкты.  Буга байланыштуу, юристтердин сөзү менен айтканда, мөөнөт бүткөндөн кийин депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулат жана алардын андан аркы  иш-аркеттери легитимсиз деп саналат.

Бирок, азыр  «эски чакырылыштын жаӊы парламент шайланганга чейин иштеп турууга акысы бар, ага Конституция жол берет» дегендердики өтүмдүүрөөк болуп жаткансыйт. Буга байланыштуу айрым саясат талдоочулар алтынчы чакырылыштын депутаттары өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн ушундай жол менен узартууга далаалаттанышканын сындашууда.

Эске сала кетели, алтынчы чакырылыштын депутаттары 2015-жылдын 28-октябрында ант беришип, расмий түрдө ишке киришкен. Андан бери толугу менен беш жыл өтүп депутаттардын Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мөөнөтү 2020-жылдын 28-октябрында бүттү десе болот. Бирок, Кыргызстанда акыркы мезгилдерде түзүлүп калган  абал алтынчы чакырылыштын депутаттарынан депутаттык мөөнөттү  дагы узарта турууну талап кылууда. Буга албетте, башкы себеп катары 4-окябрда өткөн парламенттик шайлоолордон кийинки нааразылыктар жана анын натыйжасында шайлоонун  жыйынтыктарынын жокко чыгарылуусу кызмат кылып бергени жалпыга маалым.

МУНАПЫС КИМДЕРДИ МУНАСАГА ЧАКЫРАТ?

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун  «бюджеттин кемтигин толтуруу жана тышкы карыздан кутулуу» деген сөз жок эӊ жакшы жана жагымдуу максат менен бир айлык мөөнөткө жарыялаган экономикалык мунапысы коомчулукта кызуу талкууланууда. Арийне, бул багыттагы ой-пикирлер мүнөзү жагынан алганда, бир жактуу эмес экендиги айта кетүүгө тийишпиз.

Түпкүлүгүндө экономикалык мунапыс деген эмне өзү? Экономикалык мунапыс бул – экономикалык кылмыштардын алар легалдаштырылгандан кийин кечирилиши. Мисалы, сиз кыймылсыз мүлкүӊүздү жашырып жүргөнсүз дейли, анан аны өз ыктыярыӊыз менен декларациядан өткөрөсүз. Ал үчүн бийлик сизди жазалабайт. 2007-жылы ушундай мунапыс берилгенин эстеӊиз. Ушундай эле мунапыс 2015-жылы да болгон. Анда кыргызстандыктарга өз убагында төлөнбөй калган салыктарына кечирим берилген.

Жапаровдун убадаларынын арасында өз схемаларын ачып көрсөтүп жана келтирген зыяндардын ордун толтуруп берген коррупционерлерге да кечирим берүү бар. Бирок, муну кантип ишке ашыраары белгисиз. Биринчиден, экономикалык мунапыс кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга эсептелген эмес. Экинчиден, аракеттеги мыйзамдуулук боюнча, коррупционерлер мунапыска түшпөйт.

Жапаров схемаларды ачууга жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга туптуура отуз күн мөөнөт берет жана «мунапыс бир гана жолу колдонулат» деп айтты. Мыйзам боюнча, мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган күнгө чейинки жасалган бардык экономикалык кылмыштарга карата колдонулат. Демек, мунапыс колдонула турган болсо, анда ал баарын кечирүүнүн бир гана күнү менен чектелбейт.

МУНАПЫС СОТТУН ЧЕЧИМИ МЕНЕН КОЛДОНУЛАТ

Жапаровдун мунапыс боюнча кайрылуусунда « өз ыктыяры менен декларацияланган мүлктөр жана кирешелердин кол тийбестигине жана конфиденциалдуулугунун сакталышына кепилдик берилет» деп айтылат. Арийне, буга чейин белгиленгендей, президент же премьер-министр бул жерде эч нерсеге кепилдик бере албайт, анткени мунапыс колдонуу чечимин сот гана кабыл алат. Мунапысты тигил же бул адамга карата кандай тартипте колдонулаарын сот гана чечет. Биринчиден, тигил же бул адамга мунапыс колдонуу үчүн ал күнөлүү деп табылуусу керек же ага карата козголгон кылмыш иши териштириле баштоосу зарыл. Экинчиден, мунапыс дайыма эле жазадан толук бошото бербейт. Мунапыс аны жазанын белгилүү бир бөлүгүнөн гана бошотушу ыктымал. Yчүнчүдөн, коррупция насилинде мунапыска түшпөйт.

Учурда кыргыз коомчулугунда экономикалык мунапыстын эӊ алгачкы жемиштерин таткансыган кырдаал түзүлүп калгандай сезим пайда болуп жатканы жашыруун эмес. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары, «Раим-миллион» атка конуп, коррупцияга көптөн бери шектелип жүргөн Раимбек Матраимовдун УКМКтарабынан кармалышы жана анын мамлекетке келтирген зыяны 2 миллиард сом болуп, анын 80 миллион сому дароо төлөнүп, калган сумма алдыдагы жыйырма күндүн ичинде толук төлөнүп берилээри туурасында анын  өзү жазып берген тил каты  жагдайында уу-дуу кептер жүрүүдө.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 97 жолу