Оштогу Р. Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын «Нуска» фольклордук тобунун ырчылары Улук Курбаналиева менен Жыпар Белекова экөө теӊ маданияттын мыкты кызматкерлери, накта таланттуу айымдар. Демейде фольклордук топ дегенде көшөгө артында калып кетишет, аттары аталса аталды, аталбаса жалпы топтун аты гана аталат эмеспи. Бул ирет биз 30 жылдан ашуун өмүрүн маданиятка арнап келаткан кыздар тууралуу кеп кылабыз.
«Мурастан» «Нускага» карай жол
Улук Курбаналиева 1962-жылы 8-февралда Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылында төрөлгөн. Орто мектепти ошол эле айылдан бүтүргөн соӊ комсомолдук «Гүлкайыр» кыздар бригадасында иштеп калат. Колхоздун жолдомосу менен Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырат. Окууну бүтүрүп келип, Оштогу «Мурас» элдик көркөм өнөр жай ишканасында эмгектенип баштайт. Кийинчерээк Оштогу жаӊы ачылган филармонияга кароо-сынактын негизинде кабыл алынат. 1987-жылы өнөрпоздорду чогултуп, 1988-жылы филармониянын ачылышы болуп, ошол күндөн бери ушул не бир таланттардын ордосу болгон филармонияда эмгектенүүдө. У. Курбаналива өзүнүн эмгек жолунда бир нече сынак, фестивалдарга катышып, жеӊүүчү аталган. Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктын лауреаты. 32 жылдан бери элдик фольклор тармагында иштеп келет. Топтун аттары бир нече ирет өзгөргөн. Учурда «Нускада» солист. Негизинен элдик ырларга басым жасайт. Комузда кол ойнотуп, элдик ырларды ийине жеткире чеберчилик менен аткарат.
Филармонияга Токон Эшпаев өзү чакырган
Жыпар Белекова 1964-жылы 4-январда Алайдын Гүлчө айылында туулган. Макаренко атындагы орто мектепти бүтүрүп, райондун борборундагы «Мурас» кол өнөрчүлүк борборунун филиалына ишке орношот. Ошол ишкананын колдоосу аркылуу борбордогу С. Чокморов атындагы кол өнөрчүлөр окуу жайына барып билим алат. Окуп жүрүп белгилүү артист Сүйдүм Төлөковага жолугуп андан темир ооз комуз жана комуз чертүүнү үйрөнгөн. Окууну бүтүп келип Алай райондук маданият үйүндө иштеп, аны менен катар кол өнөрчүлүктү да уланткан. Ооз комузду чертип эл алдына белгилүү боло баштайт. Элдик театрда 1, 5 жыл иштегенден кийин филармониянын ошол кездеги директору Токон Эшпаевдин чакыруусу менен келип иштеп калган. 1992-жылы маданияттын мыктысын алган, учурда филармониянын алдындагы «Нуска» фольклордук тобун жетектейт.
Улук Курбаналиева:
«Ырчылык атамдан өткөн»
-Мектепте окуганда абдан шок кыз болчумун, үйдө балдардын улуусу болгон үчүнбү же атым да Улук болгондуктанбы, атам мени талаада кой кайтартып, атына учкаштырып алар эле. Эмне иш жасабасын дайыма кыӊылдап ырдап жүрө берчү, эми ойлосом атамдан мага ырчылык өткөн окшойт. Бирок ырчы болом деп ойлогон эмесмин, ошондуктанбы мектепте окуп жүргөндө бир да жолу эл алдына чыгып ырдабапмын. Бир окуяны эстеп дайым күлөм. Бир күнү сабак учурунда партадан партага секирип ойноп жатсак мектеп директору кирип келди. Биз партадан түшкүчө «Курбаналиева, сен түшөй тургун атаӊды чакырып келем» деп чыгып кетти. Yйүбүз мектептин жанында болгон үчүн атамды бат эле чакырып келе койду. «Ээ Бекташ, мунуӊ кызбы же балабы, кыз да ушундай болобу, кантип тарбиялагансыӊ» деп мени уяткарды. Айтор, ушундай эркек мүнөз кыз элем. Ошол окуя дале эсимден кете элек.
Жыпар Белекова:
«Поезд алдыга жылып калды, коонду көтөрүп эле шашып поездге чуркадым»
-Мен да мектепти аяктагыча эч кандай музыкага аралашпадым, «Кыял» ишканасында 1 жылдай ишетегенден кийин 1 бала, эки кыз болуп «Кыял» кол өнөрчүлөр кесиби боюнча окууга жөнөтүштү. Ага дейре үйдөн бир да жолу эч жакка чыккан эмес элем. Бизди Оштон Бишкекке поезд менен жөнөтүшкөн, поездде баратып коон-жемиш саткан жерге токтоп калдык. Поезд токтоору менен мен жерге түшүп коон алайын деп алагды болуп калып туруп калыпмын. Бир убакта поезд алдыга жылып калды, коонду көтөрүп эле шашып поездге чуркадым, артымдан сатуучу «коонду ташта» деп чуркап келатат. Акча берейин десем колум бош эмес, акыры айлам кеткенде коонду жерге таштап жиберип эптеп вагонго чыкканым эсимде. Кийин ойлосом башка вагондон деле чыкса болот экен, коркконумдан ал деле оюма келбептир. Көрсө ал жер Казакстандын аймагы экенин кийин түшүнүп күлүп жүрдүм.
«Ысык-суукка чыдап, айлыктын аздыгына карабай иштеп жүрөбүз»
Бул эки каарманыбыз союз мезгилинде иштеп калгандыктан ал кездеги жумуштун көптүгүнөн район, колхоз, совхоздорго кой кыркым, чөп оруу, пахта терим учурунда тынымсыз жер-жерлерди кыдырып концерт беришчү. Аны менен катар атактуу обончулар Р. Абдыкадыров, А. Керимбаев, Т.Эшпаев, А. Кадыров, Ж. Мамажанов, Б. Тургунбаев менен концерттерде кошо жүрүп алардан көп таалим-тарбия алганына сыймыктанышат. «Бизде дагы бир эстен кеткис окуя болгон» деп эскеришти.
-Филармониянын 10 жана 30 жылдык юбилейин белгилеген учурда биздин атыбызды атабай коюшканда абдан нааразы болуп ыйлаганбыз. Анткени бизден 10-15 жыл кийин келип иштегендердин аты аталып, сыйлыкка ээ болушту. Маянанын аздыгына, иштин ысык-суугуна карабай кайыл болуп иштеп жүрүп эмгегиӊ бааланбаса аргасыздан ыйлайт экенсиӊ. Ошондон кийин экөөбүз намыстанып өзүбүздүн фольклордук топ менен «Отуз жылда оомат тапкан курбулар» аттуу концертибизди берип, өзүбүздү өзүбүз сооротконбуз.
2018-жылы Көчмөндөр оюнунда филармониянын атынан «Нуска» фольклордук тобу барып, элдик салттык ырлар жана этнокийим боюнча 1-орунду жеӊип алдык, бул да болсо облустук маданиятка кошкон салымыбыз.
Сыдык Токонов,
КРнын журналисттер кошуунун мүчөсү
Толугу менен...