Дүйнө жүзүндө катталган пандемиянын шарттарына карабай Ош шаарында бир нече ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бирөөсү Ак-Буура дарыясынын жээгинин көрктөндүрүлүүсү болсо, экинчиси Рыспай Абдыкадыров көчөсүн толук реконструкциялоо. Аталган эки долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мындай саамалыкка шаар тургундары да ыраазы.
Толугу менен жаӊыланган көчө 10-ноябрда пайдаланууга берилет
Р. Абдыкадыров атындагы көчөнүн Б.Осмоновдон өткөн Алиевге чейинки бөлүгү баштан-аяк толук жаӊыланат. Жашылдандыруу, кеӊейтүү, тротуар куруу долбоору ушул жылдын август айында иштелип чыгып, ноябрь айынын башында пайдаланууга берүү пландалууда. “Билд Трейд" жоопкерчилиги чектелген коому тендерден аталган долбоорду утуп алып, учурда курулуш иши кызуу жүрүп жаткан кези. Долбоордун тендердик баасы 33,5 млн. болсо бул компания 29,486 млн. сомго утуп алган.
Алтынбек Пирматов:
“10 адам нааразы болсо 1000 адам ыраазы болууда”
- Албетте, долбоорду баштоодо бир нече соода түйүндөрүн, мыйзамсыз курулуштарды бузууга туура келди. Соода күркөлөрүн буздурууну каалабаган жарандар болду. Бирок, 10 адам нааразы болсо, миӊ адам ыраазы болуп, батасын берүүдө. Ал жерге мурда коюлган жеӊил конструкциялардан жана башка капиталдык курулуштардан өз билемдик менен кургандар ошондой эле убактылуу курулган соода түйүндөрүн алып салдык. Жалпысынан жүздөн ашык соода түйүндөр бузулду. Алардын 50 пайызы мыйзамсыз курулгандар. 30 пайызы убактылуу келишимдин негизинде курулган обьекттер. Буюрса, 10-ноябрда пайдаланууга беребиз.
Р. Абдыкадыров көчөсүнүн эки тарабын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жолун кеӊейтүү жана тротуар куруунун долбоорунун аннотациясы:
Жолдун жалпы узундугу - 715 метр
Тротуардын узундугу - 1430 метр
Тротуардын кеӊдиги - 3 метр
Автоунаа токтоочу жайдын кеӊдиги – 2,6 метр
Тигилүүчү дарактардын саны - 319 даана
Отургучтар - 51 даана.
Таштанды таштоочу урналар - 24.
Түнкү жарыктандыруулар - 85.
IP камера – 36 даана
Долбоорго жергиликтүү казынадан 29,5 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындагы эӊ негизги өзгөчөлүк санариптештирүү жылынын алкагында орнотулуучу IP видео-байкоолор. Жалпысынан 36 даана камера орнотулат.
“Ак-Бууранын жээги таанылгыс жайга айланат”
Дагы бир көзгө көрүнүктүү ири долбоор Ак-Буура жээгин көрктөндүрүү, жашылдандыруу долбоору. Аталган долбоорду ишке ашырууну Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик деӊгээлде көтөрүп, тиешелүү шаардык кызматтарга токтоосуз жана үзгүлтүксүз иш алып баруу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берген. Ал эми буюртмачыларга Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын (топографиялык чиймеси, эскиз долбоору, архитектуралык–пландоо шарттары, инженердик-пландоо шарттары) даярдап берген.
Ал эми пландалып жаткан долбоор боюнча:
Бекитилген Ош шаарынын башкы планына ылайык, аталган аймак жашыл аймак болуп каралган. Сунушталып жаткан эскиздик долбоорду үч этапка бөлүп каралган. Андагы биринчи этапта А.Навои көчөсүнөн тартып Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралык, экинчи этапта Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки аралык, үчүнчү этапта Нурматов көчөсүнөн Бахапов көчөсүнө чейинки аралыкты оӊдоп - түзөө пландалган.
Ондоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймактын жалпы узундугу болжолдуу 5400,0 метрди түзөт, биринчи этапта 1300 метр, экинчи этап 1600 метр ал эми үчүнчү этап 2500 метр жерлер реконструкцияланат.
Биринчи менен экинчи этапты сейил зонасы деп аталып, анда эс алууга ылайыкталган шарттар түзүлөт. Себеби ал жерде Навои жана Токтогул паркы жайгашкан, көлөкө сейилдегенге ынгайлуу жерлер бар. Ал эми үчүнчү этабын жашыл зона деп аталган, тактап айтканда ландшафттык - рекреациялык аймак катары каралган. Дарыянын жээгин ондоп - түзөө, жакшыртуу, ландшафттык кооздукту сактоо, жээктерин бекемдөө, экологиялык таза шартта шаар тургундарынын эс алуусуна шарттарды түзүү жергиликтүү бийликтин негизги максаты болуп саналат. Эскиздик сунушта «Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандырууда жана көрктөндүрүүдө» беш долбоор бар:
1. Жээктеги экосистеманын абалын жакшыртуу.
2. Табият менен тыгыз байланышта болуу.
3. Шаардын эстетикалык абалын жакшыртуу.
4. Айлана-чөйрө үчүн шарттарды камсыз кылуу.
5. Туризмди өнүктүрүү жана эс алуучу иш чараларды уюштуруу.
Эскиздик долбоордоо суу жээгинин сактоо дубалын табигый таш менен куруп орнотуу, тепкичтерди-отургучтарды дарыянын көрүнүшүнө ылайык жайгаштыруу, жөө жүрүүчү жолдордуу табигый таштан төшө жана аймакты жогорку деӊгээлде көрктөндүрүү тапшырмасы берилген.
Дарыянын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү эле эмес, жөө адамдар жүрүүчү жол, веложол, кичи архитектуралык формалар, көрсөтмө павильондорду куруу иштери камтылат.
Жогоруда айтылып кеткен сунуштарды жана долбоорду ишке ашыруу өтө чоӊ талыкпаган мээнетти талап кылат. Себеби, долбоордо каралып жаткан аймакта дарыянын корук аймагынан бир топ курулуштарды жана жеӊил орнотмолорду мыйзам чегинде белгиленген тартип менен бошотуу иштери да жүргүзүлгөн.
Учурда дарыянын жээгинде 500 метр аралыкка чейин дамба курулган. Дамба суу ташкынын алдын алып, коопсуздук үчүн салынууда. Атайын ак таштар алынып келип, иреттелип тизилген.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Фото: Сыдык Токонов,
Бекмамат Айдаркулов
Толугу менен...