Өлкөдө абал курч, ооруну жуктургандар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ал эми санитардык эрежелерди сактаган жарандар аз. Мунун натыйжасында иммунитети төмөн адамдар башкача айтканда, өнөкөт оорулары барлар жана жашы улгайгандар көбүрөөк жабыр тартышууда. Инфекционист Жоомарт Сатыбалдиев бул багытта жарандарга онлайн консультация өтүп, элди санитардык эрежелерди так, эринбей сактоого чакырып келет. Анын айтымында, бейтаптын өз алдынча дарылануусу оорунун өрчүп кетишине, жыйынтыгында өлүмгө алып келишине себепчи болууда.
Биринчи толкун менен экинчи толкундун айырмасы барбы?
- Оору ар бир адамда ар кандай түрдө өтөт. Жер жүзүндө канча адам болсо ошончонун баарынын өзүнө жараша түрдүү иммунитетинин өзгөчөлүгү болот. Кимдир бирөөдө жеӊил өтөт, кээ биринде оор дегендей. Анан албетте, дарылоого да көз каранды. Туура дарыларды алып, убагында адиске кайрылуу да чоӊ роль ойнойт. «Менин иммунитетим күчтүү, ооруну оӊой жеӊем» деген кайдыгерлик болбошу керек. Айрыкча жаштарда. Жаш, спорт менен машыгып жүргөн күчтүү балдар вирустан каза болгондор кезикти. Тескерисинче, жашы улуу, кошумча оорусу жок жүргөн ага-эжелер вирустун жеӊил түрү менен ооруп, ооруну жеӊип кеткендер болду. Коронавирус – медицинада жаӊылык, чоӊ илимий ачылыштарга жол ачты. Тажрыйба топтодук.
Массалык маалымат каражаттары аркылуу жарандарды санитардык эрежелерди сактоону байма-бай эскертип келүүдөбүз. Тилекке каршы, ооруну олуттуу кабыл албаган жарандар бар экени өкүндүрөт. Бул илдет 1976-77-жылдары эле бар болчу, бирок, мутация боло элек эле. Мындан улам ар бир адамда ар башка өтүүдө. Ага карабастан дарылоодо бир принципти катуу кармоодобуз. Кошумча оорулары бар жарандарда оору өтө оор өтүүдө. Мындан сырткары, жашы улгайган жарандарда көп кездешүүдө. Медицинада жашы улгайган адамдарды кооптуу контигнент деп коебуз. Жоготуп алуу коркунучу жогору болот. Буларга медициналык жардам өз убагында берилип, дарылоо ыкмасы так жана анык, даана болушу керек. Дары-дармектер жетиштүү болуп, профессионал адистер өздөрү көзмөлгө алуусу зарыл. Тилекке каршы, бул контингентке кирген жарандарды дарылоо дайым эле ийгиликтүү болбой келет. Ошол үчүн ооруну дарылоо эмес, алдын-алуу бир топ жеӊил. Биринчи чыккандагы вирустун өтүшү менен азыркы вирустун эч кандай айырмасы жок. Мурун вирусту жуктуруп алгандар кайрадан жуктуруп алуусу тууралуу так илимий изилдөөлөр табыла элек. Болжолдоолор гана бар. Вирус организмге киргенден кийин иммунитет да күрөшүүнү баштайт. Ага каршы антителаны иштеп чыгат. Ал кайсы бир убакка чейин адамды кайрадан вирустан коргой алат. Антителанын өлчөмү убакыт өткөн сайын кичирейет. Бирок, канча убакытка жетери тууралуу так изилдөөлөр жок. Ал эми симптомдорунда, оорунун өтүшүндө эч кандай айырмачылык билинбейт. Окумуштуулардын айтымында, мурун калктын көп бөлүгү ооруп «үлгүргөн» болсо кайра оорубай калат деген үмүт бар.
Дарылоо протоколдору эмненин негизинде өзгөртүлөт?
- Пандемия башталган күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан төртүнчү жолу протокол өзгөрүп, кайрадан түзүлдү. Дүйнө жүзүндөгү окумуштуулардын изилдөөсүнүн негизинде өзгөртүлөт. Илим күндөн-күнгө өзгөрүүдө. Мурунку кетирген катачылыктарды кайрадан кайталабаш үчүн жаӊы протоколдор иштеп чыгылат. Азырынча төртүнчү протокол дарылоо ыкмасы так жана даана жазылган деп белгиленүүдө. Аталган протокол менен өлкөдөгү бүт дарыгерлер тааныштырылган. Атайын илимий конференция өтүлгөн. Окутуу онлайн жүрүүдө. Биздин өлкөдө вирусологиялык изилдөөлөр жок болгондуктан, инфекционист адистер да аз. Мындан улам жогорку билими бар бардык дарыгерлерди төртүнчү протоколдун негизинде дарылоо ыкмасын окутуудабыз.
Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал кандай?
- Абал туруктуу, баары жакшы, күрөшүп жатабыз деп айткандан алысмын. Бирок, биздин адистер эпидемия тарап кетпеши үчүн колунан келген мүмкүнчүлүктү пайдаланууда. Алдын-алуу шарттарын карап жатышат. Өкүнгөнүм, биздин эл дале кайдыгер. Коомдук унааларга чыксаӊыз беткап тагынган жаран сейрек кездешет. Коомго жоопкерчиликти баарына бирдей таӊуулоо кыйын экен. Бул албетте, эпидемиологияга терс таасирин тийгизет. Тийиштүү адистер канчалык аракет кылбасын санитардык эрежелер сакталбаса оору менен күрөшүү натыйжасыз болот. Ошондуктан, жалпы элге кайрыларым, абал барган сайын оорлошууда. Официалдуу маалыматтарга таянсак, күнүнө 500дөн ашуун жаранда вирус катталууда. Бул аныкталганы гана. Изилденбей, такталбай, текшерилбей жүргөндөрдүн саны жогорудагы көрсөткүчтөн бир топ эсе көп болушу да мүмкүн. Эрежелерге көӊүл буруӊуздар. Оору сизде жеӊил өткөнү менен сизден жуккан адамдын өмүрүн алышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир кадамыбызда жоопкерчилик бар экенин унутпайлы.
«Элге туура эмес кеӊеш бергендер да болууда»
- Азыр технология өнүккөн заман. Жарандар көбүнчө үйдө отуруп консультация алууну эӊсешет. Мындан сырткары, ушундай кырдаалда элге кеӊеш бергендер көбөйүп кетти. Анын арасында туура кеӊеш бергени да, туура эмес кеӊеш бергени да болду. Адис катары сыртта карап тура алганым жок. Өз алдынча дарылангандардын арасында сода, уксус ичкендер да болуп жатты. Мына ушулардын организмге канчалык зыяны бар экенин айтып, элди өз алдынча дарыланбоого чакырып турдук. Күндүзгү стационарлар ачылганга чейин чалуулар, кеӊеш сурагандар аябай көп болду. Онлайн консультациянын оӊ жана терс жактары бар. Терс жагы бейтапты өз көзүӊ менен көрбөгөндөн кийин так бир дарылоо, дайындоо кыйын. Экинчиден, өмүр үчүн кооптуу белгилер деген болот. Аларды так аныктоо кыйынга турат. Сиз сурап жаткан белгилер чын эле бейтапта бар же жок экенин так билүү бир аз оор. Ал эми кызыл зонада иштеген дарыгерлер бул жаатта толук кандуу тажрыйба топтой алышты. Алар обсервацияда жатканда сабак алып жаттык. Тажрыйбасын аз да болсо өздөштүрө алдык. Онлайн консультациянын артыкчылыгы үйдө олтуруп эле кеӊеш берип, жаранга жардам көрсөтө алганыӊда.
«Мен вирус болгонум жок, пневмония гана болдум» дешет
- Жарандардын дагы бир башын айланткан жагдай пневмония мене коронавирустун аралашканы. Учурда вирустун өрчүшүп кеткенинин 99,9%ы пневмонияга алып келүүдө. Коронавирустун эпидемиясы пневмонияны жаратууда. Биз ушуну жарандарга түшүндүрүп жеткире албай жатабыз. «Мен вирус болгонум жок, пневмония гана болдум» деп кенебей эл менен аралашып жүргөндөр болууда. Коронавируска чейин деле пневмония болгон бирок, оорунун келип чыгуу себеби такыр башка өткөн. Азыр болсо вирустук инфекциянын кесепетинен пайда болууда.
Вирус төрт формада өтөрүн так билип алышыбыз керек. Биринчи формасы – эч кандай белгиси жок. Бул да адамдын иммунитетинин өзгөчөлүгү. Бизде көпчүлүк жаранда симптомсуз өттү. Анализ алган учурда алардын канынан бир канча күндөн кийин вируска каршы иммуноглобулин g аныкталууда. Демек организм эч кандай белгиси жок, ооруп айыккан. Экинчи формада – оору жеӊил өтөт. Мында бир аз даам, жыт сезбей калышы мүмкүн. Дене табы 38ге көтөрүлүп, бир аз чыйрыгат. Бирок, кадимкидей иш жөндөмдүүлүгүн сактап калат. Күндөгүдөй жумуштарды кылып, ыӊгайсыздык жаратпайт. Ал эми үчүнчү форма – орто абалда өтөт. Дене табы 40ка чейин көтөрүлүп, иш жөндөмдүүлүк жоголот, төшөккө жатып калат. Даам сезбей, табит жоголуп, кээ бир жарандарда ич өткөк пайда болууда. Орто абалда өткөн учурда пневмония пайда болушу мүмкүн, бирок өпкөнүн жабыркаган учуру беш-он пайыздан ашпайт. Төртүнчү формасы – оор абалда өтөт. Мында адам өмүрүн алган учурлар көп кездешет.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Толугу менен...