Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 04:27

Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»

Чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештерди көргөндө көкүрөк толо сыймыктануу жаралат. Картада алакандай болгон өлкөдөн келип, билим алып, өзүн издеген мекендешим, бүгүнкү каарманым чоң мегаполисте жергиликтүүлөр менен тең укукта иштеп, болгондо да хирург – онколог болуп эмгектенип жүрөт. Москва шаарындагы мекендешибиз Ислам Бакасов бүгүнкү «Журтташтар» рубрикасынын коногу.

 

«үмүт эң акыры өлөт»

 

-Ислам, саламатсызбы! Окурмандарга түшүнүктүү болуусу үчүн бир аз өзүңүз тууралуу маалымат берели.

 -Саламатсыздарбы, мен Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлгөм. Орто билимди борбор калаадагы 9-мектеп гимназиясынан алдым. үй-бүлөдө алты бир туугандын кенжесимин, менден улуу беш эжем бар.

-Дарыгер болуу балалык кыялыңыз беле же кимдир бирөөгө таасирленип, же сунушу менен тандадынызбы, бул кесипти?

-Медицина тармагына кандай келип калдым, ушул боюча айтып бергим келип турат. Мен ал кезде 5-6 жаштарда болсом керек. Мектепке бара элек кезим эле. Атам экөөбүз конокко баратканбыз. Биз бараткан жолдо унаалар кагышып, кырсык орун алыптыр. Элдер унааларын токтотуп жатышат, алардын катарында биз да токтодук. Кырсык болгон жерге тез жардам унаасы кечигип, көп кишилер жардам бере албай жалдырап карап турушат. Адамдардын арасында бир да дарыгер жок эле. Анткени, жок дегенде тез жардам унаасы келгенче алгачкы жардамды көрсөтүп туруу керек болчу. Кырсыкка кабылган адамдар өлүм алдында жатат, айрымдары жашоо менен кош айтышты. Ошол окуя менин аң сезимиме катуу таасир эткенби, азыр арабызда жок дегенде бир дарыгер болгондо кырсыкка кабылгандарга жардам берип, алар аман калмак деп ызаландым, ошондон келечекте дарыгер болууну чечтим. Арадан көп жылдар өтсө да ошол кырсык негедир көз алдымда сакталып калды. Орто мектепти аяктаган соң борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктадым. Студенттик кездин акыркы жылдарында «Тез жардам» кызматында иштеп калдым. Тез жардам бекетинде иштеп жүргөндөр билет, күн сайын ар түрдүү оорулууларга чакыруулар түшүп тураарын. Арасында хирургиялык, инфекциялык, онкологиялык, кардиологиялык оорулар бар. Биз алгачкы жардамды көрсөтүп, стационарга алып баргандан соң ар ким өз тармагы боюнча алдыда дарылоону улантат. Бирок ошол бейтаптардын арасында онкологиялык оорулар менен иш алып баруу өтө оор. Тез жардамды чакырган кезде алар оорунун эң акыркы стадияларында болот. Ачыгын айтканда дарыгерлер да үмүтсүз болуп, дарылагылары келбей калат. Анткени, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билишет. үмүт эң акыры өлөт. Дарыгерден жардам, үмүт күтүп жаткан бейтаптарды көп учураттым. Менин онкология тармагын тандап алуума да ушул жагдайлар себеп болду.

«Алган билимимди, тажрыйбамды өз өлкөмдө пайдалангым келет»

 

-Учурда сиз эмгектенип жаткан Москва шаарындагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунда иштеп калуу мүмкүнчүлүгү кандай жаралды эле, биздин мекендештерге да ушул кызык болуп жатса керек…

-Борбордо жогорку окуу жайын бүтүрүп, улуттук онкология борборунда ординатурада окуп жаткан кезимде учурда эмгектенип жаткан Москва шаарындагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунуна бир айлык мөөнөттө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул жакка келип башка дүйнөгө, башка ааламга түшүп калгандай болдум десем болот. Медицинанын деңгээли, бейтаптар менен дарыгерлер ортосундагы мамиле, окуу баары мени таң калтырбай койгон жок. Тажрыйба алмашуунун мөөнөтү бүткөндө аспирантураны ушул жерде улантып окууну туура көрдүм. Жакынкы аралыкта диплом сертификатты колума алсам, Кыргызстаныма кетем деп үмүт кылып отурам. Бул жерде иштеп жүргөнүм убактылуу. Анткени мага мекемеден ушундай сунуш кылышты, бизде калып иштеп тур деп. Москва өнүккөн шаар, анын ичинде медицинасы да бизден алда канча алдыда турат. Ага карабастан мен бул жакта көп убакытка кала албайм. Бул жерден алган билимимди, тажрыйбамды өз өлкөмдө пайдалангым келет. Албетте, Россиядан сунушту кабыл алып, чоң мегаполисте калсам деле болот. Бирок мекенге кайтуум керек. Менин ички сезимим мекен деп турат. Кечиресиз, оюмду жеткире алдымбы билбейм. Себеби, акыркы 3 жылда менин күнүмдүк жашоом орус тили менен байланыштуу болуп калды. Туулган жерден алыс болгондугума байланыштуу пайдам тийсин деген максатта социалдык тармакты жандуу пайдаланып калдым. Негизи мен өзүм социалдык тармактарга көп убакыт болбойм. Анткени, Москвада болобу, Кыргызстанда болобу онкологиялык оорулар менен күрөшүп, айрымдары ушундай Москвада дарылансак деп бирок жол жобосун билбей аткандар бар. Жардамга муктаж мекендештериме пайдалуу болсун деп социалдык тармактарда көбүрөөк жазып калдым. Ошондон бери азыр күнүнө жок дегенде 3-4 адам сөзсүз чалат, кайрылат, кандай кылсак болот деп кеп-кеңеш сурашат.

 

 «Медицинада күн сайын окуп турбасан артта калып кетесиң»

- Сиз сыяктуу чоң шаарлардан окуп, билим алсам, эмгектенсем деген жаштар арбын экени талашсыз. Жаштарга да кеңеш бере кетсениз.

-Эми бүгүнкү күндөгү менин жыйынтыгым бул ийгилик деле эмес. Медицина бул менин жашоо образым болуп калды. Дүкөндө иштеген эсепчи же болбосо мугалим сыяктуу эле бул дагы менин күнүмдүк аткарып аткан ишим. Ийгиликтин формуласы ар бир ийгиликке жетишкен адам үчүн ар түрдүүчө. Мисалы, кимдир бирөө 99 пайыз аракет, 1 пайыз талант, же кайсы бир нерседен жолдуу болуу. Бирок медицинада күн сайын окуп турбасаң артта калып кетесиң, күн сайын, саат сайын дүйнөдө түрдүү терминдер, дарылоонун жаңы ыкмалары кирип турат. Негизгиси сен жакшы адис болсоң сени баалашат. Жакшы адис болуу үчүн күнүгө оку керек. Сөз бар го баарын билем дегенде демек сен эч нерсени  билбейсиң деген. Мен бир күндө бир жаңы сөз үйрөнбөсөм анда өзүмдү ыңгайсыз сезип баштайм. Демек бүгүнкү күнүм жөн эле өтүп кетиптир деп кейийм.

 

«Хирург эрте менен ишке келгени белгилүү бирок, үйүнө канчада кетээри белгисиз»

 

-Биз адамдын ичеги, боор, уйку бези менен жабыркагандарды дарылайбыз. Күнүгө 2-3 операцияга катышып калам. Биздин кесип башка кесиптерден айырмасы башка кесипте иштегендер саат 9да келип, кечинде 5те кетет деген атайын мерчем бар. Бирок дарыгер, айрыкча хирург эрте менен ишке келгени белгилүү, бирок канчада кетээри белгисиз, кээ бир күндөрү кетпей, ооруканада жатып калууга да туура келет. Бейтаптар ар түрдүү абалда келет. Айтайын дегеним дарыгер болом деген адам ушундай жагдайларга даяр болуусу керек. Дарыгер үчүн бардык бейтап бирдей. Ал жакшы жумушта иштеген инсанбы, же арак ичип жүргөн аракечпи, жашпы, карыбы алардын баары дарыгер үчүн бир эле бейтап. Оорулуу операция болуп, бат бутуна туруп кетсе өзүңүчүн кубанып каласын. Анан биз онкологиялык оорулууларды дарылаган үчүн бейтап кээде оорунун акыркы стадиясында келет. Анда сактай албай калсаң мүмкүн бир жерин туура эмес дарылап койдум окшойт деп кейип калабыз. Медалдын эки бети сыяктуу эле.

 

«Профилактика эң мыкты дарылоо»

 

-Онкологиялык оорулар жашарып жатат, өсүп жатат. Эң биринчи эле экология, биздин азыктанып аткан тамактар, зыян заттар. Техника көп, завод-фабрикалардан чыккан уран калдыктары, сууга сиңген уулуу заттар баары рак ооруларынын жашарышына себепкер. Анан азыр заман өнүгүп, дартты аныктоочу ыкмалар көбөйдү. Онкологиянын көбөйдү дегендин бир себеби катары оорунун алгачкы стадияларында белгилүү болгону да себеп болууда. Бул албетте, жакшы. Канчалык эрте кайрылса, бейтап ошончолук бат айыгат, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк көп. Биз кичине кезибизде дартты аныктоочу ыкмалар аз болгону үчүн, бейтаптар көбүнчө акыркы стадияларда келип, көпчүлүгү айыгып кете албай калышкан. Ошон үчүн азыр айыккандар да көбөйүп жатат. Акыркы учурда менин баамымда 40 жаштан 60 жашка чейинки куракта онкологиялык оорулар менен катталгандар көбүрөөк кездешет. Профилактика эң мыкты дарылоо дейт го. Мекендештериме ден соолук каалайм. Биздин калк чыдамкай болобуз. Качан жыгылып калганча жүрө бербей, өз ден соолуктарына кам көрүшсө дейт элем. Анткени, канчалаган акчалары бар адамдар деле ден соолукту акчага сатып ала албай калганын көрүп жүрөбүз. Аманчылык тилейм.

 

 Элира Чынтемир кызы

 

 

 

 

Окулду 240 жолу