Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:00

Өкүл ата өз ата же үй-бүлө жөрөлгөсү жөнүндө

Өкүл ата, өкүл эне - жигит, кыздарды үйлөндүрүүдө аларга кадыр-барктуу деп эсептелинген үй-бүлөдөн дайындалган үй-бүлө. Жаӊыдан турмуш куруп жаткан эки жаш аларга өкүл уул, өкүл кыз болот. Кылымдардан бери сакталып келген кыргыздын салттарынын бири  өкүл ата, өкүл эне дайындоо жөрөлгөсү жаӊы үй-бүлөгө келин болуп барган кыздын жашоонун оош-кыйыштарында жалгыз болбосун, таламын талашкан киши болсун, жол көрсөтүп, кеп-кеӊешин берсин деген тилек менен колдонулган.

Өкүлдүккө бойдокторду эч убакта койгон эмес

Акыркы кезде өкүл ата, өкүл эне дайындоо тартиби, максаты такыр өзгөрүп бара жаткандай. Кыргыздын илгертен сакталып келген салтынын өзгөрүүсүнө замандын өнүгүшү жана ааламдашуу жараяны себеп дешет адистер. Жаш жубайларга жол көрсөтүп, башынан өткөндү сабак кылып тарбия берчү инсандарды кантип тандашкан жана өкүл ата, өкүл энеликке кимдерди тандашкан? Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов айтып берди.

- Кыргыз тарыхында качан, кайсы мезгилде, кайсы урууда биринчи жолу өкүл ата, өкүл эне дайындоо салты башталгандыгы тууралуу так тарыхый маалымат жок. Бирок, байыркы мезгилден бери аталган жөрөлгө болгону чын. Башканы коюп «Манасты» алалы, мында Манастын өкүл эне, өкүл атасы тууралуу айтылат. Ырас, «Манаста» болгондон кийин кыргыздын тээ байыркы жана орто кылымдагы тарыхында үй-бүлөлүк карым-катнаштарда үлгү боло турган институт катары өкүл ата-эне дайындоо салты пайда болгонун айтканыбыз оӊ. Аталган салттын учурда колдонулуп жаткан туура, туура эмес, керек жана керек эмес жактарын  элге жеткирип туруубуз керек.

Эмне үчүн өкүл ата, өкүл эне тандашат?

- Жаш турмуш куруп жаткан жубайлардын  ата-энеси, кайын ата, кайын энеси бар. Бирок, а билбей турган, аларга жеткирбөө керек болгон моралдык, психологиялык маселелер болот. Экинчи жагынан жаӊыдан үйлөнгөн жубайларга үлгү, оош-кыйышта туура кеӊешин, таалим-тарбиясын берсин, турмуш жолундагы оор күндөрүндө колдоо көрсөтүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, бирин-бири сыйлап эл оозуна алынышы үчүн жол көрсөтүп, бир нукка салуучу үй-бүлө дал ушул өкүл ата, өкүл эне болуп саналган. Кыргызда «казан аяк кагышпай койбойт» деген сөз бар. Канчалык идеалдуу адамдар болбосун турмушта сөзсүз жашоонун өйдө-ылдыйы болот. Пикир келишпестиктер болуп эки жаш араздашып калса, аны ата-энеге жеткирбей эле өз ара чечишип, ошол туӊгуюктан алып чыгууга жардам бериши үчүн өкүл ата, өкүл эне дайындашат.

Кимди жана кимдер тандашкан?

- Турмушта дасыккан, жашоого бышкан, оош-кыйышын башынан өткөргөн, бала-чакалуу болуп, үй-бүлөнү бакканды да, тапканды да билген, эл арасында белгилүү чекте өзүнүн аброю бар, баскан турганы менен башкаларга үлгү болгон инсандарды тандашкан. Өкүл ата, өкүл эне болгон жубайлар турмуштук тажрыйбасы жагынан да, жаш өзгөчөлүктөрүнөн да, социалдык жактан да жаӊы турмуш куруп жаткан жаштардан бир канча жогору болгон. Салт боюнча өкүл ата, өкүл энени уул тараптан гана тандашкан.

Кимдерди дайындоого болбойт?

- Биринчи кезекте жаш жагынан турмуш куруп жаткан жаштардан анча улуу эместер. Ага жол беришкен эмес. Экинчиден, ажырашкан үй-бүлөлөрдү коюуга болгон эмес. Мындан сырткары, өкүлдүккө эч убакта бойдокторду койгон эмес. Өкүл ата, өкүл эне да бир эле жолу дайындалган. Эгер алар каза болушса кайра башкасын дайындашпайт. Эки үй-бүлөнү эмес, бир эле үй-бүлөнү тандашкан. Yйлөнгөн жаштардын ата-энесинен улуу жаштагылар да коюлган эмес. Алар менен теӊ жашта же кичүүлөр дайындалган.

Өкүл ата-эненин вазыйпасы

- Учурда өкүл ата менен өкүл эненин негизги милдети нике шакегин алып берүү болуп калганы өкүндүрөт. Кыргыздын салтында шакек салуу деген жок. Кызга сөйкө салуу деген бар, ал эми шакек тагуу деген түшүнүк болгон эмес. Өкүл ата менен өкүл эненин негизги милдеттери, уул-кызына бардык тараптан көмөк көрсөтүү. Материалдык, моралдык жактан колдоо. Мисалга, мал энчилеп беришкен. Кээ бир колунда бар өкүл ата-энелер өкүл неберелеринин ар бирине колунан келсе бодо мал, колунан келбесе жандык энчилеп беришкен. Эсимде, биздин ата-энебиздин өкүл ата, өкүл энеси бизге энчилеп мал беришкен. Биз 10 бир тууган болсок, алтообузга энчи берген. Албетте, бул шарт эмес. Ошол өкүл ата, өкүл эне болгон үй-бүлөнүн кайсы бир деӊгээлде социалдык жактан колдоосу.

Көп өкүл балалуу ата-энелер

 ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Мирланбек Убайдуллаев:

«Сунуштаган жаштарга жок деп айта албайм»

- Ош облусунун бардык райондорунан өкүл уул-кызым бар. Учурда алардын саны 22. Булардын баары өздөрү келип «өкүл ата, өкүл эне болуп бериӊиздер» деп кайрылышты. Эч кандай талаптар коюлбай эле өздөрүнө үлгү тутарын айтып суранышкан. Балдарымдын алтоосу өзүбүздүн айылдан, өзүм жакындан тааныган жаш үй-бүлөлөр. Мен өзүм да алар менен башында ачык сүйлөшөм. «Мен силерге ашыкча нерсе алып бере албайм бирок, нике шакегиӊерди алып берем. Мындан сырткары, бир союш, жакшы себет кылып барабыз» дейм. Анан албетте, алардын туӊгуч баласына сөзсүз коляска же велосипед алып берем. Алардын өтүнүчү менен эмес, биз өзүбүздүн каалообуз менен колубуздан келген жардамды беребиз. Анткени, өкүл ата менен өкүл эненин негизги милдеттеринин бири жаш үй-бүлөнү ар тараптан колдоо. Мен өкүл уулдарым менен сүйлөшүп кеп- кеӊешимди айтсам, жубайым өкүл кыздары менен кеӊешип, акыл-насаатын айтып турат.

Бир өкүл уулум, өкүл кызым кытайлык. Аларда өкүл ата менен өкүл эне үй-бүлөдө ортончу уул же кыз болушу керек деген шарттары бар экен. Жубайым үй-бүлөсүндө ортончу кыз. Ошондуктан өздөрү менен чогуу иштеген балдызым аркылуу бизди таап, байланышка чыгышыптыр. Ошко келип жакындан таанышып, өкүл ата-эне болдук. Балким биздин бешенебизби же өкүл балдарыбыздын бешенесиби жакшы уул-кыздарга туш болдук. Баары ата, апа деп кайрылышат. Кээ бир тууган-туушкандардан да жакынбыз. Той-топурда келип кызмат кылышат. Өкүл ата болуп бериӊиз деген бир да жашка жок дебедим. Өлкөдөн сырткары болуп, келүүгө шартым болбой калган эки учур болду. Эч кимге жок дей албаганымдын себеби, мен жаӊы турмуш курган учурда өкүл ата, өкүл эне дайындоо оюма да келген эмес экен. Жакын туугандарыбыздын бирөөсүнөн барып атам «уулума өкүл ата болуп бер» деп суранган экен, макул болуп бирок, тоюбузга келбей койгон. Молдо келип, нике кыюуга келгенде күбө катары өкүл ата, өкүл энеӊ кана деп сураганда издеп таппай калганбыз. Аларсыз нике окулбайт деп койду. Ошол жерден өзүмдүн тааныган эле агаларымдын бирөөсү «мен болом өкүл атасы» деп чыгып, күбө болуп берген. Ушундан улам эч бир балага жок дей албайм.

Нуркыз Кадырбекова:

«14 өкүл уул-кызыбыз бар»

- Бизде ар аймакта ар кандай шартта өкүл ата, өкүл эне дайындашат. Мисалы, түндүк тарапта кээ бир аймактарда эки тараптан эки өкүл ата-эне дайындагандар бар. Экөөнө эки тараптан жардам берсин деген тилекте. Өкүл ата, өкүл эне дайындоо жөрөлгөсүн кайсы өӊүттөн алып карабайлы, биринчи кезекте турмуш оӊой эмес экенин, анда кайсы бир деӊгээлде тажрыйбалуу адамдардын кеп-кеӊеши, колдоосу керек экендиги менен түшүндүрүүгө болот. Эки адам баш кошкондо бири-бирине тарбиясы, мүнөзү туура келбей өйдө - ылдый болушу мүмкүн. Мындан сырткары, социалдык көйгөйлөр жаралышы ыктымал. Ушундай кырдаалда өкүл болуп жол көрсөтсүн, балким баланын ата-энеси балага, кыздын ата-энеси кызга тартып коюп, турмуштук адилетсиздик болбосун деп өкүл ата, өкүл энени дайындашкан. Мунун кыргыздар үй-бүлө институтун жогору баалагандыгын далилдейт. Албетте, учурда көпчүлүк жаштар бардар адамга басым жасашканы чындык. Бирок, жолдошум экөөбүз учурда 14 үй-бүлөнүн өкүл ата-энесибиз. Аябай бардар үй-бүлөгө кирбесек да өзүбүзгө тыӊ, бирөөдөн сурабаган үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Ушул өӊүттөн алып караганда кеп-кеӊешин берсин, биз да ушундай үй-бүлөлөрдөн бололу деген максатта эле бизди тандашты деген үмүттөбүз. Yч өкүл балабыздын атасы жок, бирөөсүнүн апасы да кайтыш болуп калган. Раматылык апасы тоюнда балдарымды силерге тапшырдым, кеӊеш-жардамыӊарды аябагыла деген керээзин айткан эле. Мен ошол өкүл балама көбүрөөк көӊүл бурам. Себеби, ал өкүл балам мурун керээз болсо, азыр аманатым.

«Өкүл ата-эне алгач өздөрү үлгү болушу керек»

- Өкүл ата, өкүл эне биринчи кезекте өздөрү үлгү болгудай болушу керек. Себеби, өзүӊдүн турмуштук тажрыйбаӊды айтып жатканда «ий курган» дебей тургандай болушу зарыл. Мени кубандырганы өкүл балдарымдын балдары таята, таене деп келгендери. Бизде өкүл ата менен өкүл эненин таята, таене деп кайрылашат. Бул дегени кызга көбүрөөк көӊүл буруп, жакын болушуӊ керек. Себеби, ал бөтөн жерге барды. Өкүл балдарыма «силердин да таманынан өөп, асырап баккан кызыӊар бар. Силердин жубайыӊар да кимдир бирөөнүн баккан кызы, жакпаса сунушуӊарды, сыныӊарды айткыла. Бирок, муштап, сөгүп, какпагыла» деп көп айтам. Алар балалуу болгондо аябай кубанам. Өкүл ата, өкүл эне болгондон кийин аларга экинчи ата-энесиӊ. Көп учурда жолдошумду жактырышып, кээде мени тандашып сунуштаган учурлар болот. Бир өкүл уулум бар «биз үй-бүлөдө жалаӊ уулбуз, эжем жок. Ошого сиз өкүл эне болуп бериӊиз» деп сунуштаган. Бизге эмне кызмат бар деп тойлордо келип кызматта туруп беришет.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 84 жолу