Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:04

Димплэктомия же жүзүӊүзгө жасалма уяча

 Операция анчалык деле татаал деп эсептелбейт

Димплэктомия бул – жасалма жол менен бетке уячаларды жасоо операциясы. Операция анчалык деле татаал деп эсептелбейт. Теринин түрүнө, түсүнө карабай жасала берет. Аталган процедура буга чейин Европада, АКШда актуалдуу болуп келсе, эми биздин өлкөдө да ордун табууда. Адистер адам бетине уяча жасатуу чечим кабыл алууда бир нече жолу кайрадан ойлонуп көрүүнү сунушташат. Анткени мурунку өзүнүн табигый жүзүн операциядан кийин кайра кайтарып алуусу мүмкүн эместигин эскертишет. Операциянын теринин астындагы май ткандарынын калыӊдыгына карабастан, ар кандай типтеги беттерге жасоого болот. Хирург менен сүйлөшүп, так маалымат алгандан кийин операцияга барганыӊыз туура.

Операция кандай жасалат?

Алгач врач менен сүйлөшүүдө уячалардын жайгашкан ордун, формасын, көлөмүн, уячанын тереӊдиги талкууланып, макулдашылат. Андан кийин маркер менен уячалардын ордун белгилейт.   

Операция жаактын ички тарабынан жасалат (ооз көӊдөйүнөн). Хирург беттин ички тарабынан белгиленген жериндеги май ткандардын бир бөлүгүн алып, кайра бекемдеп тигет. Бет терисинин ички тарабында тигилгенден пайда болгон тырык сыртынан уяча болуп көрүнөт. Тагыраак айтканда, операция териге эч кандай залакасын тийгизбейт. Тигилген жерлер сырткы жүздөн эч билинбейт. Пациенттин жаактары толук же чапчаак болгонуна карабастан, ийгиликтүү натыйжа кепилденет.

Операциядан кийин эки же үч жума аралыгында уячалар бетте жылмаюу жок мезгилде да көрүнүп, байкалып турат. Белгилүү убакыт өткөн соӊ жип жоголуп, беттин териси мурдагы абалына кайта баштайт. Бирок жаак ичинде пайда болгон шрам кала берет да, жылмайган, күлгөн учурда бетте уячаны пайда кылат.

Индивидуалдык анатомиялык мүнөздөмөсүнө карап, пациенттин каалоосуна жараша кыялындагыдай уяча чыгарууга болот. Мисалы, көп байкалбаган же даана байкалып турган, чоӊ жана кичине, тегерек же тигинен узун уячалар. Операция учурунда атайын ооруну сездирбеген укол берилет. Пациенттин каалоосуна ылайык жалпы наркоз менен да процедураны ишке ашырса болот. Ал жарым сааттан бир саатка чейин созулушу ыктымал. Операциядан кийин ошол эле күнү пациент үйүнө кете алат.

Операциядан кийин ооз көӊдөйүнө көбүрөөк көӊүл буруу зарыл

Процедура ишке ашкандан кийинки убакытта ооз көӊдөйүнө көбүрөөк көӊүл буруу зарыл. Анткени ооздогу бактериялар ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, тигилген жер толук айыгып кеткиче оозду атайын антисептикалык каражаттар менен күнүнө бир нече жолу чайкап туруу керектелет. Айрыкча тамактан кийин. Адис атайын операциядан кийин алгачкы күндөрү ичүү үчүн антибиотиктерди сунуштайт. Оору көбүнесе сезилбейт же биринчи күндөрү бир аз байкалат.

Жасалма уячанын наркы

Бүгүнкү күнү уяча чыгаруунун баалары да ар түрдүү. Жөн гана жип менен тартып, эч кандай инструмент колдонбой уяча чыгаргандар 3миӊ сомдон 5 миӊ сомго чейин жасашат. Бир жак бетке жасатуу 3 миӊ сомду түзөт. Жогоруда айтып өткөндөй операция жасоо 25 миӊ сомго чейин жетет. Айрым мастерлер 15 жылдан 20 жылга чейин жасалма уячага кепилдик беришет. Ал эми кээлери түбөлүктүү деп эсептешет. Шаарда жип менен уяча чыгарган адистер көп. Бирок, алардын бир нечесине кайрылып, процедура боюнча айтып берүүсүн өтүнгөнүбүздө макул болушкан жок. Жасоону каалаган жаран болуп гана кээ бир маалыматтарды биле алдык.

Америкалык адистердин айтуусу боюнча уяча жасатууда пациент ар кандай кырдаалга даяр болуусу абзел. Мисалы, уячанын кыялдагыдай болбой калуусу, өтө чуӊкур болуп табигый көрүнбөй калуусу же убакыттын өтүшү менен таптакыр жок болуп кетүүсү мүмкүн экендигин эскертишет.

Ошондой эле димплэктомияга каршы көрсөткүчтөр башка пластикалык операциялар сыяктуу: кан айлануунун бузулуусу; онкологиялык оорулар; жүрөк кемтиги; өнөкөт патологиянын курчушу; инфекциялык оорулар; психикалык оорулар, эпилепсия; кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгилинде жасоого тыюу салынат.

Ийгиликтүү операциядан кийин дарыгердин айткан кеӊештерин бузбаган учурда эч кандай терс жагдай түзүлбөйт. Дарыгердин көрсөтмөсүн толук аткарбаган учурда узак мөөнөттүү шишик, инфекция түшүшү же жаактын сезгичтиги жоголушу мүмкүн.

Жүзүӊүзгө өзгөртүү киргизүүнү каалсаӊыз төмөнкүлөргө көӊүл бурууӊузду адистер эскертишет:

1. Клиниканы эмес, тажрыйбалуу дарыгерди тандаӊыз. Эсиӊизде болсун, хирургдун дубалына илинген дипломдорунун саны эмес, жасаган операциялардын, кабинетинин алдында тизилген кезекке же кайрылган жарандардын санына көӊүл буруӊуз.

2. Ачык болуӊуз. Ден соолугуӊуздагы көйгөйлөр тууралуу кайрылган дарыгерге толук айтып бериӊиз. Анткени процедура сиздин ден соолугуӊузга терс таасирин берүүсү мүмкүн.

3. Сыноодон өтүӊүз. Операциядан кийинки күтүлбөгөн жагдайларды алдын алуу үчүн алгач бөйрөк, жүрөк, боор жана кан айлануу системаларын текшерип алганыӊыз оӊ.

4. Дарыгердин көрсөтмөсүн, талаптарын так аткарыӊыз.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Окулду 78 жолу