Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:07

ЗАМАН ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА

Заман менен журналистиканын ортосунда олуттуу жана эӊ башкысы- тыгыз байланыш бар экендигин адам баласы күндө эле элес ала бербейт, себеби заманга биз маалыматтык категориядан гана көз жүгүрткөнгө көнүп бүткөнбүз жана ошондуктан бул эки түшүнүктүн кимиси доминанттык роль ойноору да белгисиз бойдон калып келе жаткандыгын танууга болбойт. Заман менен журналистика салыштырмалуу түрдө бири-бирине маани-мазмун жагынан өтүшүп кетүүчүлүк касиеттерге ээ  түшүнүктөргө кирээри жана экөө бири-бирине күзгүнүн ролун да аткарары белгилүү. Журналистика түшүнүгү насилинде басма сөздү биринчи болуп өз ичине камтып тураары бештен белгилүү. Жок дегенде  Кыргыз Республикасынын басма сөз күнү белгиленип жаткан мезгилде журналистика тармагынын айрым урунттуу жактарына кыскача саякат жасай коюу ашыкчалык кылбайт.

ЖУРНАЛИСТИКА – КООМДУК ИНСТИТУТ

Журналистика –  адамзат тарабынан адамдардын мүмкүн болушунча толук жана обьективдүү маалымдуулугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн коомдук институт. Бул коомдук турмуштун бардык субьекттеринин социалдык абалдары жөнүндөгү ар түрдүү маалыматтарды ичине камтыйт.

Журналистиканын миссиясы коомдук пикирди калыптандырууга жана массанын эмоциясын кайсыл бир маанисинде башкарууга багытталган. Журналистиканын иши илимий тил менен айтканда, инфраструктура аркылуу жүргүзүлөт да, ал инфраструктура өз кезегинде техникалык, окуу жана башкаруу уюштуруучулук типтеги мекемелерден турат. Журналистика сөзү жалпы алганда, постсоветтик мейкиндикке орус тилинен кирген. Ал эми орус тилине профессионал журналист Н.Полев аркылуу кабыл алынганы айтылып жүрөт.

Журналистика бүгүн келип оӊбогондой олуттуу күчкө айланып  жана негизгиси – ошол олуттуу күчтүн маани-маӊызы күн санап өсүп, кеӊейип бараткандыгын моюндабай койгонго эч мүмкүн эместиги айдан ачык. Журналистиканын функциясы ар түрдүү болуп, өз ичине маалымдоочулук, идеологиялык,оюн-зооктук жана коомдук турмуштун  көптөгөн башка тармактарын камтыйт.

Канткен менен журналистиканын башкы максаты деп маалымдоочулук функциясын, мүмкүн болушунча так маалыматтарды таркатуу жагын атоого болот.

 Биздин азыркы турмушубузду маалыматсыз элестетүүгө эч мүмкүнчүлүк калбай баратканына саресеп салуу кыйын эмес. Ааламдашуунун арааны ар тараптан ачылып, арылаган сайын адымы ансайын тездеп бараткан бүгүнкү заманда журналистиканынын жардамы аркасында гана мезгил менен жарыша кадамдообуз мүмкүн экени талашсыз. Кандай болгондо да азыркы замандын адамы мезгилден бир кадам да артта калбоосу шарт.

 

ЖУРНАЛИСТИКА ЗАМАНДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАБЫ?

Сыртта жыйырма биринчи кылым. Абдан олуттуу жана маанилүү ачылыштардын, жаӊылыктардын жана өзгөрүштөрдүн доору. Дүйнөлүк прогресстин, өсүп-өнүгүүнүн чеги жок экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Адам атпай дүйнө тааным жагына келгенде бир орунда бир саамга да тыным алып, токтоп тура албайт. Бул жалганды толук таанып-билүүгө бир да дамдын убакыт-өмүрү жетпесе да, адам акылы мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алууга, маалыматты улам жаӊылары менен толуктап турууга жана акыры келип ал маалыматтардын бири-бири менен болгон өз ара байланыштарын  аӊдоого дамамат кызыгаары турган сөз.

Көптөгөн кылымдардан бери журналистика коомдук турмуштун маанилүү жана орчундуу аспектиси катары таанылып келген. Ал эми бүгүнкүдөй маалымааттык заманда журналистиканын ойногон ролу жана орду дээрлик алдыӊкы, биринчи сапка чыгып бараткандай таасир калат. Ошол себептен,  «Журналистика дүйнөнү өзгөртө алабы?» деген суроо жаралбай койбойт. Албетте, бул суроо жок жерден жана жөн эле жаралып калган жок. Азыркы замандын айрым эксперттери бул суроого «ооба» деп жооп берүүгө даяр турушкандыгын белгилей кетүүгө тийишпиз. Алар мындай пикир айтууда эмнеге таянышат?

Мисалы, журналистика адамдын ар бир күнү үчүн маанилүү компонент болуп саналат. Эртеӊ менен ойгонгондо эле  телефонду колго албаган адамды табуу барган сайын кыйын болуп баратат. Адам социалдык түйүндөргө киреби же почтаны карайбы, баары бир  алардын бири аркылуу өзү уктап турган мезгил аралыгында дүйнөдө же мамлекетинде эмне жаӊылыктар болуп өткөнүнөн кабардар болууга сөзсүз кызыгат. Интернет-журналистика адамга жаӊылыктар темасында өтө кеӊири маалыматтарды тандап алуунун кеӊири мүмкүнчүлүгүн ачары жалпыга белгилүү.

 

ЖУРНАЛИСТИКАГА КАРАТА ЭКИ ТИПТЕГИ КӨЗ КАРАШ

Азыркы заманда журналистикага карата көз караш боюнча алганда адамдардын эки тибин аӊдоого болот: биринчиси журналистиканы адамдарды шаблондуу, бирөөлөрдүкүнөн эч айырмаланбай  ой жүгүртүүгө, акыл пештөөгө көндүрүү жагынан коом үчүн зыяндуу деп эсептесе, экинчиси журналистика кандай болгондо да коомдук турмушта абдан зарыл тармак экендигин эске тутат. Бул маселеде консенсуска келүү мүмкүн болбогону менен, экинчи типтеги көз карашты  жогору койгон адамдардын саны көбүрөөктөй, тагыраагы улам көбөйүп бараткандай сезилет. Бул балким журналистиканын дүйнөнү өзгөртүп жатканынан кандайдыр бир  кабар берип тураттыр. Анан калса, жалпыга маалымдоо каражаттарын бекеринен «төртүнчү бийлик» деп аташпайт. Коомдук турмуштун кайсыл тарабын кандай аспектиден ( сындаппы же мактаппы) карап талдабасын, журналистика акыр түбү коомдун жакшы жагына  өнүгүп-өсүүсүн алдыӊкы планга коет.

Азыркы дүйнөдө бүт баары маалыматтарга чулганып калганы айтпаса да белгилүү. Британиялык драматург  Том Стоппард  «Эгерде сиздин максатыӊыз дүйнөнү өзгөртүү болсо, анда бул үчүн журналистика эӊ таасирдүү жана эӊ эле ылдам аракеттенүүчү каражат» деп бекеринен айтпаган  деген да ой кетет.

Биз азыр турмуштун  кутургандай ылдамдатылган  ыргагында жашап  жатабыз: дамамат окууда же жумуштабыз. Мындай динамикалуу режимде өткөн-кеткенге баам салуу, майда-чүйдөдөн тартып олуттуу маселеге чейин ой жүгүртүп, акыл калчоого иш жүзүндө убакыт жетишпейт. Дал ошондой учурларды биз үчүн маалыматты топтоп, системалаштырып, иреттештирип жыйынтыктап берүүчү адамдарын канчалык керектүүлүгүн сезээрибиз белгилүү.

 

ИНТЕРНЕТСИЗ ЖАШОО ЖАШООБУ?

 Коомдук турмуштун бардык мезгилдеринде ал үчүн эӊ зарыл болгон маалыматтар адамдарга ар кандай жолдор жана ыкмалар аркылуу жеткирилип турган. Орто кылымдарда бул милдетти жарчылар өтөгөн. Маалыматты массага кол жазманы баракчага түшүрүү менен жеткиришкен мезгил да болгон.  Өнөр жай төӊкөрүштөрүнүн доорунда басма сөз, технологиянын өсүп-өнүгүүсү менен радио уктуруу жана теле көрсөтүү пайда болуп, маалыматтык камсыздалуу жаатында ири өзгөрүштөр жасалды. Азыр эми күндөлүк жашообузду интернетсиз элестете албай калган абалда жашап жатканыбызды жашыра албайбыз. Убакыттын улам ылдамдап өтүп бараткансыган абалына дал ушул интернеттин да таасири күчтүү болуп баратканын боолголоо кыйын деле  эмес.

Журналистиканы түбөлүктүү кесиптердин катарына кошуп жүргөндөр көп деле жаӊылбайт болуш керек. Анткени,  бул ааламда эмнелер жүз берип жатканына  карата адам баласынын  кызыгуусу эч качан өчпөйт да, эч качан басаӊдабайт. Өнүккөн доордо канчалык жашаган сайын кызыкчылыктардын алкагы ошончолук кеӊейип, кесипкөй журналисттерге  карата болгон муктаждык ошончолук даражада өсүп олтураарында шек жок.

  Абдираим Мамытов

 

Окулду 183 жолу