Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:10

Жумушчу менен жумуш берүүчү өз укугун жана милдетин билүүгө тийиш

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгында эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери деген бөлүмү бар. Аталган бөлүмдө жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы укук жана милдеттер боюнча иш алып барышат. Бул ишкананын Ош шаары боюнча башкармалыгында мындай багытта кандай иштер аткарылат жана жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда милдеттүү түрдө түзүлүүчү эмгек келишиминин жол-жоболору тууралуу айтып беребиз.

 Ар бир адам эмгектенүүгө жана эс алууга укуктуу

Эмгекти коргоо - эмгек процессинде адамдын коопсуздугун, ден соолугун сактоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу мыйзам актыларынын, техникалык жана санитардык-гигиеналык чаралардын системасы.

Эмгекчилердин ден соолугун сактоо, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, кесиптик ооруларын жана өндүрүштүк кырсыктарды болтурбоо мамлекеттин маанилүү иш-аракетинин бири. Биздин өлкөдө ар бир адамдын эмгектенүүгө, эс алууга жана ден соолугун сактоого укуктуулугу жөнүндөгү жоболор эмгек кодексинде  көрсөтүлгөн. Мыйзамга ылайык толук, толук эмес жана кыскартылган жумуш күнү белгиленген. Мекемелерде, ишканаларда, өндүрүштөрдө жумушчулар менен кызматчылардын толук жумуш убактысы жумасына 41 сааттан ашпоого тийиш. Кыскартылган жумуш күнү кесиптик зыяндуу шартта иштеген жумушчу, кызматчылар, жашы жете элек 15тен 18 жашка чейинки жумушчу, кызматчылар, ошондой эле мугалимдер, дарыгердер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн белгиленет. Толук эмес жумуш күнү же убактысы администрация жумушчуну ишке алып жатканда макулдашылып чечилет. Ишкана, мекеме, уюмдардын администрациясы эмгекти коргоо боюнча нормативдик актыларда көрсөтүлгөн эмгек шарттарын камсыз кылууга, өндүрүштө травмага жол бербөөгө, коопсуздук техникасынын жаӊы каражаттарын колдонуу, кесиптик оорулардын алдын алууга, санитардык- гигиеналык шарт түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле эмгекти коргоо боюнча эрежелер менен нормаларда коопсуз жана ден соолукка зыянсыз эмгек шарттарын түзүү, ишкана аймагын, өндүрүштүк жайларды максатка ылайык пайдалануу, жабдууларды туура иштетүү, технологиялык процесстерди туура уюштуруу, жумуш орундарын санитария-гигиеналык нормага ылайык күтүү жана башка талаптар камтылган. Коопсуздук техникасын жана өндүрүштүк санитарияны жакшыртуу максатында жыл сайын атайын каражат бөлүнөт.

Аялдардын организминин өзгөчөлүгүн эске алып, эмгек мыйзамында кошумча жеӊилдиктер көрсөтүлгөн, ошондой эле жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эмгегин коргоо боюнча эрежелер белгиленген. Кош бойлуу жана балалуу аялдардын эмгегин коргоо боюнча атайын жоболор бар.

Элгиз Зуридинов, эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери боюнча башкы инспектор:

«Эмгек келишимине маани бербеген жумушчулар көп»

- КРнын Өкмөтүнүн №136 токтомунун негизинде эмгекти коргоо экологиялык жана текникалык коопсуздук боюнча инспекциясына кошулган. Мурун атайын өзүнчө ишкана болчу. Эмгекти коргоо – иштеп жаткан жарандын иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишимге жараша иш алып баруусун көзөмөлдөө. Менчиктин түрүнө, кандай жумушта иштеп жаткандыгына карабастан эмгекти коргоо багыты каралган. Бул боюнча мамлекеттик жана жеке ишканаларда ар алты айда иштеп жаткан жумушчу, кызматчылардын эмгеги корголуп жатабы, жокпу текшерүү жүрүп турат. Эмгек стажы туура кошулуп жатабы, жумуш зыяндуу эмеспи, жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун ден соолугуна кам көрүлүп жатабы, жокпу көзөмөлдөп турабыз. Мындан сырткары, жашы жете элек балдардын эмгектенүүсүн да көзөмөлгө алабыз. Өспүрүмдөр менен иштөөдө тийиштүү ишканалар менен жыл башында атайын план түзүлөт. Укук коргоо органдары, билим берүү башкармалыгы менен биргеликте. Аталган ишканалар менен чогуу тынымсыз рейд жүргүзүлөт. Базарларда, устаканаларда жашы жете элек балдар иштеп жаткан учурлар катталса түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жашы жете элек балдар кайсы жерде иштесе болот, оор жумуш баланын физикалык абалына канчалык зыян экенин түшүндүрүп беребиз. Албетте, эӊ биринчи кезекте ата-энелерге жеткиребиз. Жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек келишими милдеттүү түрдө түзүлүшү керек. Бизде аталган келишим менен иштеген жарандар аз. Мамлекеттик кызматтарда гана келишим түзүлбөсө, жеке менчиктерде акчасына кызыгып эле иштей беришет.

«Мыйзамсыз жумуштан бошотту деген арыздар көп түшөт»

- Эмгекти коргоодогу эӊ башкы тоскоолдук эмгек келишиминин жоктугу. Жарандар бизге кайрылганда мыйзамсыз жумуштан бошотту деген доо менен келишет. Териштирүү ишин жүргүзгөн учурда жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими түзүлбөгөн болуп чыгат. Натыйжада, биз керектүү жардамды бере албай калабыз. Айлык маянаны толук бербей жумуштан бошотуп койгон учурлар көп катталат. 10 жылдап иштеп бирок, эмгек келишими такыр түзүлбөгөн кырдаалдар бар. Эмгек келишимдин юридикалык күчү болот. Ал эки түп нускада түзлүп, бирөөсү жумуш берүүчүдө, экинчиси жумушчуда сакталат. Эгерде жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда мыйзам бузуулар катталса биз келишимге ылайык иш алып барып, күнөөлүү тарап сөзсүз жоопко тартылат.

«Тийиштүү документтерди эринбей толуктоо зарыл»

- Жумушчу жумушка орношууда ишкана талап кылган документти эринбей толтуруу өтө зарыл. Мисалы, кээ бир ишкана медициналык тактама сурайт, кээ бир ишкана аскердик билет, кээ бири соттолбогондугу тууралуу аныктама. Мунун баарын чогултуу албетте, убакытты талап кылат. Көп учурда жарандар аталган документтер үчүн кайда чуркарын билбей калышат. Ар бир жумушчу өз укугун жана милдетин так билүүгө тийиш. Анткени, эмгекти коргоодо ар бир жаран ден соолугун сактоого, эмгектенүүгө жана эс алууга милдеттүү деп айтылган. Эгер жумуш берүүчү тарап талап кылган документтер толукталбаса ортодо эмгек келишими түзүлбөй калат. Мындайда сөзсүз эмгекти коргоодо көйгөй жаралат.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 84 жолу