Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:16

Кыргызстандын медициналык окуу жайлары “кара тизмеде”

Пакистан Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын бардыгын кара тизмеге киргизип, өзүнүн жарандарына тизмедеги окуу жайларга тапшырбоону сунуштаган. Мунун себеби Кыргызстандан бүтүп барган пакистандык жарандардын 90 пайызы өлкөсүндөгү медициналык кеӊеште милдеттүү экзаменден кулап калгандыгы менен байланыштуу. Өлкөбүздө буга карата бир катар кайчы пикирлер айтылып, адилетсиз чечим болгону айтылып кызуу талкуу жаратты. Абалга байкоо салып, маанилүү жагдайларга токтолобуз.

Пакистанга бизден кат...

Маалымат коомчулукка тарагандан тарта Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуп, маселени талкуулаган. Ошондой эле бир катар иш чаралар жүрүп жаткандыгын министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик жагдайды тез арада жөнгө салуу максатында тиешелүү ЖОЖдор менен бирге “жол картасын” иштеп чыккан. Анын негизинде учурда бир катар комплекстүү иш чаралар жүрүп жатат.

Жакынкы убакта КРнын тиешелүү органдары менен чогуу пакистандык студенттердин КРда окуу жана жашоо шарттарын түзүү жана жакшыртуу боюнча комплекстүү иштер жасалат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дипломаттык каналдар аркылуу Пакистан медициналык кеӊешине жана өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча премьер-министринин атайын жардамчысына кайрылуу жолдогон. Анда маселенин чечилүүсүнө көмөк көрсөтүү жана мындай чечимдин кабыл алынуусуна түрткү болгон себептерди көрсөткөн толук маалымат берүүсү тууралуу жазылган. Кайрылууда ЖОЖдорго индивидуалдуу мамиле кылбай баарын тизмеге киргизүү адилетсиз экени айтылат. Пакистан тараптан ар бир окуу жайга өзүнчө баа берүү үчүн атайын эксперттик комиссия түзүп, Кыргызстанга жөнөтүү суранычы да кошумчаланган. Муну менен катар Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын медициналык ЖОЖдору кара тизмеде болгондугун эске алып, медициналык билим берүү боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациясынын (WFME) реестерине кирген көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден өткөн айрым медициналык окуу жайларды эксперттик комиссия келгенге чейин тизмеден чыгаруу маселесин кайра карап чыгуу жөндүү экенин билдирген.

“Төрт-беш ЖОЖдун гана чет элдик студенттерге билим берүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар”

Ал эми тиешелүү ЖОЖдордун ректорлору чечим адилетсиз болгон деген пикирде. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова Sputnik.kg  маалымат агенттигине берген маегинде өлкөдө медициналык окуу жайлардын саны өсүп кеткенин, бирок чет өлкөлүк студенттерди окутууга төрт-бешөөнүн гана мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалаган:

“Менимче, жаӊылыштык болуп калды окшойт. Медициналык окуу жайлардын бардыгын бир катарга коюп коюшуптур. Тизмеге бардык окуу жайлар кирип калган. Бирок, төрт-бешөөнүн гана чет элдик студенттерге билим берүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеӊеши жактырып кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кат жолдодук”, - деп билдирген.

Андан сырткары ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Алмазбек Бейшеналиевдин тизмеге кирип калган ЖОЖДордун ректорлору менен болгон жолугушуусунда адис даярдоонун сапатын эл аралык сертификат аныктарын айткан:

“Ар бир окуу жайдын адис даярдоого жарар-жарабасын, сапатын көз карандысыз эл аралык аккредитация агенттиктери берген сертификат аныктайт. Башка мамлекеттерде деле алгач кайсы окуу жай экени суралса, экинчи суроо окуу жайдын кайсыл агенттиктен аккредитациядан өткөнү жөнүндө сөз болот”

Кыргызстанга чет элдик жарандардын билим алуу үчүн келип турганы экономикалык жактан чоӊ пайда алып келет. Бул туурасында саясий-экономикалык серепчи Эркин Абдразаков төмөндөгүлөргө токтолду:

“Студенттер биздин экономикабызга чоӊ салым кошкон инвесторлор”

-Өлкө боюнча пакистандык студенттердин саны 8-9 миӊге жетет деп айтышууда. Бизде окуу, жашоо (квартира, азык-түлүк ж.б.) арзан болгондугу үчүн билим алууга келишүүдө. Маселен, кошуна Өзбекстанда эле окуу үчүн болгон төлөм 8 миӊ доллар турат. Пакистандык жарандар ар тармакка эмес, бир гана медицина тармагында билим алууга келишет. Алар күнүмдүккө керектелүүчү азык-түлүк сатып алышат. Жашоочу батирине төлөшөт. Ушул жана башкаларды эсептеп келгенде акчалардын баары Кыргызстанга калып жатпайбы. Муну эстен чыгарбашыбыз керек. Экинчиси сапаты жагына көӊүл бурушубуз зарыл. Иса Ахунбаев атындагы академия гана талапка жооп берет. Себеби базасы, профессордук окутуучулук курам күчтүү болушу абзел. Студенттерди практикага чыгарганда да  нормалдуу эл аралык деӊгээлдеги клиникаларга жиберүү керек. Мына ушул жагынан аксоодобуз. Студенттер биздин экономикабызга чоӊ салым кошкон инвесторлор. Кайра ишеничке кирүүбүз абдан маанилүү. Көбүнчө хирургия жана фармакология тармагына келишет. Аталган тармактарга басым жасап, көӊүл бурулуусу кажет.   

ОшМУда 14 мамлекеттин жарандары билим алышат

Кара тизмеге кирген окуу жайлардын арасында Ош мамлекеттик университети да бар. Учурда университеттин Эл аралык медицина факультетинде 2158 чет элдик студенттер билим алышат. Алар 14 мамлекеттин жарандары. Анын 90 пайызы Индиядан, экинчи орунда 16 студент Пакистандан. Калгандары бир-экиден 12 мамлекеттин жарандары. Эл аралык медицина факультетинин деканы Жаныбек Кудайбаковичтин билдирүүсүнө ылайык, 2016-жылы Пакистандын медициналык стоматологиялык кеӊеши Кыргызстан боюнча төрт жогорку окуу жайды жактырган. Алар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Славян университети, Кыргызстандагы эл аралык университет жана Ош мамлекеттик университеттери болгон.

 

Окулду 87 жолу