Версия для печати
Вторник, 17 Ноябрь 2020 05:18

Ардактап сүйгөн кыргыздын, Агайы кетти дүйнөдөн…

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоӊ жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер, ф.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Исаков Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. Эмгек жолун 1986-жылы Ноокат районундагы Бел-Өрүк колхозунда кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988-1990-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

1993–1997 — ОшМУнун филология факультетинин окутуучусу;

1995 — “Нур” гезитинин башкы редактору;

1997–1999 — ОшМУнун филология факультетинин деканынын орун басары;

1999–2000 — ОшМУнун улук окутуучусу;

2000–2005 — ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректору;

2005–2006 — ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору;

2006–2011 — Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору (ОГПИ);

2011 – 2019 – ОшМУнун ректору;

2019 – 2020 – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри.

Каныбек Исаков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген. Бул учурда ОГПИ педагогика тармагындагы сапаттуу кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайга айланган. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын жетектеп турган учурда университетте окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын кийирүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, бир нече окуу-өндүрүштүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган. 10дон ашык жаӊы окуу имараттарды жана студенттер үчүн жатакана, медициналык клиникаларды куруп, өндүрүшкө берген. Анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарын толуктаган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп турган учурда өлкөбүздүн билим берүүсүндө чоӊ өзгөрүүлөр орун алганына коомчулук күбө болду. Билим берүү жана илим багытындагы иштерди алга жылдырып, пандемия учурунда билим берүүнүн үзгүлтүккө учурабай улануусуна чоӊ салым кошо алды.

Каныбек Исаков илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Окумуштуу катары “Б.Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-ж.), “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-ж.), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-ж.), “Тамсил кудурети” (2010-ж.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-ж.), “Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-ж.), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-ж.) ж.б. илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 150дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон.

Окумуштуу педагог катары бир нече аспиранттарга жол көрсөтүп келген. Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон. Мындан тышкары "Жүрөгүмдөгү сөз", "Акыл-эстеги сөз", «Дилдеги ойлор» аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жана "Купуя сезим" ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Исаков Каныбек Абдуваситович коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык Кеӊешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөбүздө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген.

Yзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер”, «Кыргыз тили» төш белгиси (2006), Ч.Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги (2007-ж.), Сока-Гаккай университетинин "Ардактуу профессору" (Япония, 2010-ж.), Кастамону университетинин "Ардактуу профессору" (Турция, 2012-ж.) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2014-ж.) ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

Мындан сырткары, 2012-2013-жылдары «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо» гезиттери уюштурган сурам жылоолордо “Жылдын мыкты ректору”, “Жыл адамы” номинацияларына татыктуу деп табылган.

«Өлбөстүктүн изин калтырган устат»

-Күтүүсүз жана ишенүүгө даабай турган суук кабарга баш чайкап, кабыргасы кайышып, билим берүүнүн бийик аскасынын кулаганына мууну бошоп, жүрөгү сыздап, жүлүнү жүз түмөн ойго салып, көзгө жашы, көөдөнгө ыйы батпай, кылымда бир жаралчу инсандын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына асманын булут басып, карегин ачуу жаш каптап турган урматтуу санаалаштар, караан түн салган кайгыны теӊ бөлүшкөн замандаштар.

Жакшыбы, жаманбы...кабар деген кабар экен. Ооба, уккан кулагыбызга ишенбей, кечээ гана арабызда жүргөн асыл устаттан ажырадык дегенге акылыбыз да, пенделик сезүүбүз да ынанбай турат.

Айтканга канчалык оор, укканга мынчалык кайгылуу болгон кабарга заманыбыз куурулуп, шайыбыз кетип, чырагыбыз өчкөндөй болуп турабыз. Акыл айткан кеменгерден, улуу идеяны жараткан устаттан, адабияттагы дагы бир алптан, дилгир дипломаттан, реалдуу реформатордон, чыныгы адамдын асылдыгын жогору койгон акылман инсандан, жаштарга санат, жакшыга канат, билим берүү тармагынын даанышманынан, илимдин ийгиликтүү ишмеринен, маданияттын мыктысынан, жетилген жетекчиден, тамыры тереӊ таланттан, көптү көргөн көсөмдөн, ак ниет адамдан айрылдык, бул кандай оор...

Тагдыр жолума чырак болгон устатым тууралуу эскерүү жазам деген ой жети уктап түшүмө да кирген эмес. Бул инсан канчалаган адамдарга жол көрсөтүп, багыт берип, иштин илгерилешине, ар бир ийгиликтин ишке ашуусуна бел байлап, жан дили менен жардамдашып, мезгили келсе эки чылбыр, бир тизгинди да колго алып, билгенин бөлүшүп, айтканын аткарып, улууларды уга билген, жаштардын жаратмандыгын колдой алган, чыныгы жоомарттыктын үлгүсүн көрсөткөн инсан эле. Олбурлуу денесине, олуттуу сүйлөмү, омоктуу ойлору дал келген, айтканына жасаган иши шайкеш, алдын ала көрө билген көсөмдүгү, сөз баккан чечендиги, тегинде бар тапкычтыгы, багытты түз кармаган билермандыгы, жылдыздай жаркыган жөнөкөйлүгү, аалам батчу айкөлдүгү, тарбия алчу тактыгы дайыма бизге үлгү бойдон калат жана эч качан унутулбайт.

Канткен күндө да биздин устат эӊ татыктуу жашай алды. Өмүрдүн өлчөмү сан менен эмес, сапат менен бааланат. Кандай кызматтарды аркалабасын, өзүнө эмне тапшырма берилбесин, анын баарын эӊ мыкты деӊгээлде, бараалына жеткире чыгармачылык менен аткарды. Анын ишмердүүлүгү артында бүтүндөй улуттун, мамлекеттин, эгемендүү Кыргызстандын аброю, кадыр- баркы өстү, ал өзүнүн бүткүл өмүрүн улуттук идеялар, дасыккан адистер, өнүккөн өлкө, билимдүү жаштар, гүлдөгөн мамлекет үчүн арнады.

Кош деп айтуунун оорчулугу бизди муунтуп, жүрөгүбүздү тилип турат. Улуу устатым, сиз өлбөйсүз. Анткени, жашаган жашооӊуз, өлчөнгөн өмүрүӊүз, жасаган эмгегиӊиз бизге түбөлүк үлгү...

Жаткан жериӊиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун...

Кош бол, устатым...

Шакиртиӊиз Бекмурза Зулуев

 

«Кошуӊуз, агай, кошуӊуз!..»

Акылды ойго ийлеген,

Алтынын сөздүн сүйлөгөн.

Алп мүчөлүү денесин,

Асылдык бүтүн бийлеген,

Адамдыкка баш уруп,

Аксымдыкты сүйбөгөн,

Ардактап сүйгөн кыргыздын,

Агайы кетти дүйнөдөн.

 

Учурдук ойдун көркөмүн,

Уттурдук жакшы иш мерчемин.

Мээнетин тартчу күнү-түн,

Мекендин ойлоп эртеӊин.

Билимден турган оюлду,

Бир капшыты өлкөнүн.

 

Көлөмүн жазмыш өмүрдүн,

Көп кылса эмне өлчөмүн.

Келгенде тулпар табына,

Кертилди буту чабыла.

Көтөрөт эле билимди,

Чөктүрбөй заман сазына.

Арман күн, жатат оозу бек,

Акылдан турган казына.

Сүйүнбөйт эми зор жүрөк

Сүйлөбөйт жарпы жазыла.

 

“Асылды эрте алды”  деп

Атпай журт турат кайгы жеп.

Армандуу боздойт жеӊекем,

"Ач ажал өчүӊ барбы!" деп.

Ачуу жаш жутуп чыркырайт,

Аида, Жыргал, Айзирек.

Эркеӊиз ыйлайт Бекзада,

“Атакем кетип” калды деп.

Эмгегин улап барктаган,

Насаатын угуп жаттаган.

Шакирттер калды жарыкта,

Талпынтып агай таптаган.

 

Демилге эми не болот,

Дем менен агай баштаган.

Акылыӊ кымбат эле го,

Көр мансап, алтын, акчадан.

 

Түркөйлүк эле касыӊыз,

Адилдик эле досуӊуз,

Сур булут каптап асманды,

Сумсаят Бишкек, Ошуӊуз

Билбейбиз качан барабьз,

Бейиштен бизди тосуӊуз.

Башка сөз таппайм буулугуп,

Кошуӊуз АГАЙ, кошуӊуз!

 Улукбек Омокеев

«Президентикке татыктуу инсан элеӊ…»

-Атаӊгөрү дүнүйө. Сен да кете берген экенсиӊ. Кыргыз Республикасынын баатырын ушул кишиге бериш керек деп Жогорку Кеӊештин трибунасынан айттым эле. Ал баатырлыкты сага кызганышса да эл баатыры болдуӊ. Ошол сөздөн кийин көптөрү менден сурашты. Ал киши досуӊ же таанышыӊ болобу деп. Жок, экөөбүз дос да, тааныш да эмес элек. Болгону кыргызга кылган кызматыӊды чын дилимден баалап, сага тымызын суктанчумун. Кадырды билбес замана болду кантели. Керек болсо президенттике татыктуу инсан элеӊ...Билим жаатында кылган эмгегиӊ, легенда болуп көпкө айтылаар. Арман дүйнө, кайран инсан, арга жок, туугандарыӊа үй-бүлөӊө кайрат айтабыз...

Алп өттү дешти жаӊы эле,

Азыркы муунга шам эле.

Бийикти көздөп бүркүттөй,

Билимден бүткөн жан эле!

 

Кайгыда турат журт эми,

Кадырлап, барктап сүйчү эли.

Зар-муӊга салып кетиптир,

Замандын асыл Дүйшөнү!

Бердибек Жамгырчиев

-Каныбек Исаков деген ысым студент кезимден тааныш эле, кийин борбордо иштеп жүрүп бир ирет агайды борбордук аянттан кездештирип калдым, анда агай ОГПИде ректор болчу. Сүрөт көргөзмөгө барган экен, искусствону абдан баалаган инсандыгын ошондо билдим. Андан кийин агайды айтылуу ОшМУга ректор болду деп уктум, ОшМУнун аты башка өлкөлөргө даӊазалана баштады, баары ушул кишинин мээнети менен болду. 2014-жылы Ошко келип иштеп калдым, агай анда шаардык Кеӊештин депутаты да болчу. Иш бөлмөсүнө барып агай менен баарлашып кайттым, ошондо агай ак батасын берип узатты. Көп өтпөй 7-ноябрь басма сөз күнүндө чакыртыптыр, барсам менден мурунку башкы редактор болуп иштеп кеткен Тургунбай Алдакулов, Керимбек Калыкулов үчөөбүздү чакырткан экен, гезиттин ордун баса белгилеп, майрамыбыз менен жылуу куттуктады. Каныбек агай менен Көчмөндөр оюнунда көпкө сүйлөштүк. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, тарыхын, тилин, дилин сүйгөн инсан эле. Ошол эле убакта жаӊычыл, заман агымына жараша иш жүргүзгөн, мыкты менеджерлик сапатка ээ, күчтүү реформатор эле.  Жаштарды, илимге-билимге суусаган муунду, акынды, ырчыны, жазуучуну, дегеле идергиси бар адамды колдоп-коштогон сизчелик болор, агай…

«Агайдын бейнесин көӊүлүнө толорлук эч ким жаза албай жүрөт, Бурул, ушуну уюштуралы» деди Керим аке. Уюштурдук, жаздык, достор, устат-шакирттери далай ирет жакшы сөзүн аябай жазышты. Бирок агайга дагы бир ирет жолугуп «агай, купулуӊузга толдубу» деп сурадым, «жакшы,жакшы, бирок өзүӊ жазат го деп жүргөм, төгүлүп айтып берейин дагы бир күнү» дегенде гана уялып калдым, эх, агай, кийин министр болуп кеттиӊиз, пандемия башталды, андан кийинки окуялар, сиз менен маектешкенге тоскоолдук жаратып туруп алды, эми минтип жоктоп калдык, аттиӊ. 

Бурул Исмаилова

 

Окулду 93 жолу