Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 27 жыл болот. Бул согуш тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Аскерий эксперттер дээрлик 10 жылга созулган ооган согушунун геосаясий оюндардын алкагында болгон эч кереги жок оопасыз алаамат болгонун айтса, ооганчылар өздөрү мамлекетибиздин чек арасына чектеш өлкөгө тынчтык орноттук деп айтышат. Канткен күндө да постсоветтик өлкөлөрдүн жоокерлери өз моюндарына тагылган интернационалдык милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, мекен, эл алдында жүздөрү жарык болуп отурат. Баткен окуясында, Ош коогалаңында да ушул ооган ардагерлери алдыңкы катарда болушкан. Ал эми жаш муун бул окуя жөнүндө анча деле билбейт. Ошондуктан ооган согушу жөнүндө кененирээк маалымат берүүнү зарыл деп таптык.
Ооган согушунун тарыхы
Афганистан 19-кылымдын орто ченинен тартып эле Россия империясы үчүн маанилүү өлкө болгон. Анткени ал Россия менен Улуу Британияны Орто Азия менен бириктирип туруучу аймак эле.
1917-жылкы төңкөрүштөн соң жаңы түзүлгөн Россиянын тышкы саясаты үчүн Афганистан чоң мааниге ээ болгон. 1919-жылы Москва менен Кабулдун ортосунда бирин бири тааныгандык боюнча келишим түзүлгөн. Афганистандын өз алдынча королдук бойдон калгандыгына карабастан, Советтер союзу Мухаммед Захир шахтын өкмөтүнө активдүү жардам берген. Ошентип Орто Азия өлкөсүндө Советтер союзунун алдында түзүлгөн Афганистандын элдик-демократиялык партиясы деген уюм пайда болгон. 1960 –жылдары бул партиянын мүчөлөрүнүн саны абдан көбөйгөн.
1973-жылы Афганистанда мамлекеттик төңкөрүш болуп, Мохаммед Дауд башчылыкка келет. Анын позициясынан улам коммунисттер өз ара бөлүнүшүп, акыбетинде жаңы эки партия пайда болот. 1978-жылдын апрелинде НДПАнын (АЭДП) гезитинин редакторун өлтүрүп кетишет. Бул окуя «Апрель революциясы» деп аталган куралдуу төңкөрүшкө алып келген. Парчамисттер партиясы бийликке келип, Афганистан демократиялык республикасынын жактоочуларынын бири Нурмухаммед Тараки башчылыкка шайланат. Бирок анын тушунда да өлкөдө абал жакшырбай курч бойдон кала берет.
1979-жылы өлкөдө абал өтө курчуйт. Бул абалга премьер-министр Нажибулла Амин президент Таракинин күнөөлөп, өлтүрүүгө буйрук берет. 9-октябрь күнү Тараки жаздыкка тумчуктурулуп өлтүрүлөт.
Бул окуя Советтер Союзуна 2 себеп менен жакпай калат. Биринчиден, Афганистан СССРдин түштүк чек арасына (Өзбекстан, Тажикстан) жакын болгон. Экинчиден, Тараки советтик жетекчилердин «адамы» болгондуктан, анын өлүмү Москванын жетекчилерине, өзгөчө Леонид Брежневге катуу таасир эткен. Л.Брежневдин Таракинин өлүмүнө өтө кайгырганы тууралуу СССРдин ошол кездеги тышкы иштер министри Андрей Громыко өз мемуарында кенен жазган.
Ошентип 1979-жылдын 25-декабрында «Афган өкмөтүнүн ар тараптан жардам суроосуна жооп кылуу максатында» Советтик армиянын биринчи бөлүгү Афганистанга киргизилген.
Легендарлуу 40-армия
25-декабрда Советтик армиянын Чектелген контингенти (ограниченный контингент- ОК, 40-армия) Афганистандын аймагына кирип, эки күндөн соң Кабулдагы президенттик сарайды алышат. Бул операцияда 20 га жакын советтик жоокер курман болот. Сарай колго алынып, Аминди үй-бүлөсү менен өлтүрүшөт. Бул тууралуу оогандар таң эртелеп Аминдин ордуна Москва ылайыктуу тапкан Бабрак Кармалдан угушкан. Б.Кармал Кабул радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Нажибулла Аминди америкалык “империалисттердин” тыңчысы деп атайт жана оорудан соң көз жумгандыгын билдирет.
Ушул эле күнү советтик аскерлер Ооганстандын Кабулдан башка дагы чоң шаарларындагы өкмөттүк кеңселерди ээлешет жана айдын аягына чейин өлкөгө 80 миңден ашык жоокер киргизилет.
Афган согушу тууралуу маалыматтар Советтер союзунун өзүндө такыр айтылбаган. Маалымат каражаттарында башка «маанилүү окуялар» чагылдырылып турган.
"Афган синдрому"
СССРдин Афганистандагы аскердик ийгиликтери ойдогудай болбогон. Кабулдагы режим чоң-чоң шаарларды гана көзөмөлдөп, моджахеддердин отряддары Иран, Пакистан, АКШ жана Араб королдугунан колдоо жана жардам алып турушкан. 1988-жылдын 15-майында бул согушка чекит коюлуп, Женева келишимине ылайык, Афганистандан советтик аскерлер чыгарыла баштаган. 1989-жылдын 15-февралында акыркы жоокерлер Аму дарыясынын көпүрөсү аркылуу Советтик Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүшкөн.
Бул согушка союздан 120 миң адам (12 дивизия) катышкан. Анын ичинен 15 миңден ашык жоокер жана офицер курман болуп, миңдеген жоокерлер жарадар болуп кайтышкан. Согуштун кесепетинен психикалык жактан жабыркап, бирок ал учурда дароо байкалбай, кийин ооруп калгандардын тагдыры жүрөк оорутчу маселе. Тарыхта бул муун «афган синдрому» деген ат менен эскерилет.
Оопасыз ооган эли
Ал эми Ооганстандын өзүн алсак, анын калкынын бир жарым миллионго жакыны ооган-совет согушунда набыт болду, беш миллиондой ооган (өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири) өз шаар-кыштагынан качып, бозгундукка кетүүгө аргасыз болгон.
Советтер союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин өлкөдө жарандык согуш тутанат. Мужахиддердин түрдүү топтору арасындагы ыркы жоктуктан улам өлкө ого бетер бүлүнүп, эл тозуп-тонот. Каатчылык жагдайда талибан кыймылы пайда болот. 1992-жылы апрелде Нажибулланын ордуна келген Кармалдын режимин Ахмадшах Масуд менен Рашид Дустумдун отряды кулатат. Афганистан ислам мамлекети болуп калды, бирок моджахеддер бийликти бөлө албай, анын кесепетинен жарандык согуш көнүмүшкө айланды...
«Ооган согушундагы күндөрдү азыр да унута албайбыз»
Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген. Мунун ичинен Ош аскер комиссариатынан (Ош, Баткен, Жалал-Абад) 4200 жоокер жана офицер барып, 18и кайткан эмес. 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бир жоокерге Советтер союзунун баатыры деген наам берилген. Кайтып келгендери Ооган согушунда алган психологиялык стресстен («афган синдрому») улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган. Айына 6000 сом өлчөмүндө мамлекет тарабынан жөлөк пул алышат. 15-февраль ооганчылар күнүн утурлап, айрымдары менен байланыштык.
Какан Эралиев, Ооган согушунун Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
«Жүк -200»- энелердин көз жашы
-Мен өзүм Венгрия мамлекетинде аскердик милдетимди өтөгөм. 2 жыл жоокерлик милдетимди өтөп, ошол эле бөлүктө 5 жыл кызмат кылгам. Кийин 1983-жылы ооган элине жардам көрсөтүүгө барасыңар деген приказ болуп, жөнөп кеттик. Ал кезде приказдан баш тартуу кайдан. Аялымдын 6 айлык боюнда бар, колундагысы бир жарым жашта эле. Кайтып келгенимде балам төрөлүп, 1 жаш 7 ай болуп калган экен…
…Талаа почтасы дале эсимде, № 93 992 болчу. Жоокерлер Ооган жеринде экенин ата-энелеринен жашырышчу. Биз офицерлер билип эле, өз каалообуз менен кеткендиктен, үй-бүлөбүз билчү. Ошол кезде 26 жашта экем. Согуш жүрүп жаткан жерде үйгө кат жазуу кайдан. Кем жазчумун. Эвакуациялоо взводунун командири болуп дайындалдым. Взводдо 26 жоокер бар эле. Кечке жарадарларды, өлүктөрдү ташыйбыз. Жүк-200, 300 дегенди уксаңар керек, №200 өлгөндөр салынчу, №300 дегени жарадарлар. Жалпысы 2714 өлүктү үйүнө жөнөтүп, 12 миңдей жарадар болгонду, 15миңдей оорулууну кооптуу жерден ташыганбыз. 2 жыл, 3 ай дегенде кайтып келдим. Ооган жери субтропиктик аймак, 70 градуска чейин ысык болот. Мен оорубаган жугуштуу оору калган эмес, малярия, брюшной тиф да болгом…
Курсанбек Тойчубаев, Ооганчылардын Ош шаардык координациялык кеңешинин төрагасы:
«Интернационалдык милдетибизди өтөгөнбүз»
-1986-жылы аскерге чакырылдык. Ташкентте 3 ай аскердик даярдыктан өтүп, андан соң Афганистандын Шинданд провинциясына жеткиришти.
Барганыбызды туура болгон деп эсептейм. Себеби, Афганистанда түзүлгөн оор кырдаалда СССР армиясын киргизбегенде, өлкөгө коркунуч туулмак. Бизге чек араны сактоо үчүн Оогандагы тынчтык абдан керек эле. Аскер комиссариаты чакырар замат жөнөп кеткенбиз. Ал кезде армиядан качуу, барбай коюу деген уят нерсе эле. Аскерде кызмат өтөп келди деген өтө барктуу болчу да. Армияга бара албай арманда калып кеткендер болгон биздин убакта. Мекенди сүйүү сезими өтө күчтүү эле бизде.
40-армиянын байланыш полкунда кызмат өтөдүк. Уруш талаасында байланыш өтө маанилүү жана эң керектүү нерсе. Биз алдыда жүрөт элек. Муну моджахеддер жакшы билчү, ошондуктан биздин бөлүккө тынымсыз кол салуулар болуп турчу. Кол салуулар күн-түн, бардык жерде болот эле. Алар өз жерлеринин ийне-жибине чейин жакшы билгендиктен, кол салып туруп, качып кетишет. Тоолуу өлкө болгондуктан да бизден көптөр курман болгон. Советтик жоокерлер чоочун жерде, алардын согуш техникасын анча биле бербегендиктен жабыркашкан.
Радыж Лалиев, ооган ардагери:
«СССРдин түштүк чек арасын коргогонбуз»
-1987-жылы аскерге чакырылдым. Аскер комиссариатынан 40 ка жакын баланы Ташкентке жөнөтүштү. Ал жерде 6 ай даярдыктан өттүк. Айта кетчү нерсе, «Ак кеме» тасмасындагы Нургазы (өз аты да Нургазы) менен 6 ай чогуу болдук учебкада. Нургазы курсанттарга тасманы коюп берген. Кийин Оогандан калтырышты, менимче «таланттуу бала экен, калсын» дешкен го. Алгач бизден деле сурашкан барбайм дегендер барбы айткыла деп, кантип барбайм дейсиң, мекенге коркунуч туулуп турса.
Күтүлбөгөн жерден тревога жарыяланып, 2 ротаны бир самолетко салып, Кабулга жөнөтүштү. Ал жерден дагы 15 күн даярдыктан өттүк. Каршылаш тарап кандай курал колдонот, минадан кантип сактануу деген сыяктуу маселелер менен тааныштырышты. Кийин бөлүктөргө бөлүнүп кеттик. Биз Кабулдан 40 км. бери Баграм деген жерде болдук. Тынч жаткан элге тийчү эмеспиз. Ошондуктан душман бизге кол салып, качканда элдин арасына кирип кетет эле. Андайда атууга болбойт.Коркунуч түндөсү күч алчу. Снаряддар жаныбызга түшкөн учурлар, тамактан кыйналып, туздалган кызылча жеген күндөр көп болгон. Ооган жеринде 1 жарым жыл болдум. Кийин бошотушту. Оогандагы күндөрдү көп жылга дейре унута албай, түндөсү кыйкырып, чочуп ойгонуп жүрдүм…
Азыр бизде аскерде кызмат кылуу 1 жыл. Бир жылда эмнени үйрөнөт? Түндүк Кореяда 7 жыл өтөшөт. Азыркы муундун мекенди коргоо сезимдери кандай, ушул ой мени түйшөлтөт...
Масим Турсунбекова
Фото Сыдык Токонов
Билдирүүлөр
starting my own blog and was curious what all is needed to get setup?
I'm assuming having a blog like yours would cost a pretty penny?
I'm not very internet savvy so I'm not 100% sure.
Any suggestions or advice would be greatly appreciated. Many thanks
Also visit my homepage: specadieta.com: http://specadieta.com/
Билдирүүлөрдүн RSS лентасы